АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. МУРАС

“Эл ичи–өнөр кенчи” деген сөздүн эргиткен тереңине көзүм жетти: кудайы коногуна кол куушуруп

үй ээси черди жаза комуз чертти.

Калтырды терең таасир, башкача элес. Жаш десек коңур мүнөз, жаштай эмес. Кубулжуп, ыргак таңшып, бизди он жолу

ыйлатып, жыргатып да канаар эмес.

Дил эргийт–комузчу деп ушуну айт! Күүлөнүп беш манжасы кылды тарайт. Көзүнөн жаш кыбарып чыкса дагы

көңүлдө күйөт калбайт, арман калбайт.

Үн-сөз жок, жымжырттыктан жай дем алып, күү гана сезимди өрдөйт, коюуланып, бир саамга сыздай түшүп, үзүлгөндө,

үнсүздүк жаңырыкты улап барып…

Оо, шумдук не деген күү “Көкөй кести”? Комуздун күчү кайдан буга жетти? Турмуштун ой–кырына көзү канып

туюнтат тил жетпеген туюк кепти.

Аскар тоом, арманыңдан айланайын, сен өңдүү билген аздыр элдин жайын. Аркайган Ала Тоого жеткенсиймин

айтылуу “Көкөй кести” уккан сайын.

Бүгүн да аты-жөнүн эл билбеген комузчу–Сен калтырган күүлөр менен күн көрүп, эл оозунан алкыш укса

эрксизден эт жүрөгүң эргийт экен.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.