Кыргызстандын гимни

КЫРГЫЗСТАНДЫН ГИМНИ 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин сөзүн элибизге белгилүү, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыков менен Шабданалы Кулуев жазышкан. Музыкасы атактуу композиторлорубуз Калый Молдобасанов жана Насыр Давлесов тарабынан жазылган.

Гимндин негизги мазмунунда кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилегин, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдигин, элдердин достугуна, бейпилчиликке жана эмгекке болгон умтулуусун чагылдырып турат. Азаттыктын жолундагы кыргыз элинин бактылуу келечек турмушу даңазаланат.

Ак мөңгүлүү  аска-зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

Досторуна даяр дилин берүүгө.

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,

Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Кайырма:

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.