МЕНИН УСТАТТАРЫМ
Ыр менен күүнү, шайыршат тамаша менен кызыгы түгөнбөс жомокту өңгө балдардан көбүрөөк угуп чоңойдум. Анда Калык, Муса, Муратаалы, Шаршен сыяктуу залкар өнөрпоздордун даңкы таш жарып турган учур эле. Атам Молдобасан Мусулманкулов да көпчүлүккө таанымал манасчы, ырчы, комузчу болгондуктан, алар менен үзөңгүлөш бир жүрчү. Кулагына сиңип, көкүрөгүнө жаттай берсин дейби, атам мени кайда барса ээрчитип алчу. Анысын өзүм да каалачумун. Кыргызда башта үч, төрт киши биргелешип комуз чертип, кыл кыяк, чоор тартуу ыкмасы болгон эмес. Аны Кыргызстанга келген орус композитору П.Ф. Шубин баштады. Эл аспаптар оркестрин уюштурду. Жети, сегиздеги мени да отургузуп алып, комуз черттирет. Адамды көтөрмөлөй билген, шыгын арттыра билген мыкты адам эле. 1939жылы Москвада өткөн Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгүнөн кийин Ташкентте Орто Азиялык он күндүк болду.
Ошондо бир топ кишилер сыйлык алышты. 15 жашар мага да Жогорку Советтин грамотасы ыйгарылды. Оркестрде 1948жылга чейин иштедим. Оюн койгону айылдарга көп барчубуз. Буюмдарыбыз арабада, өзүбүз жөө. Жарданган эл алдына чыкканда чарчапчаалыканыбызды заматта унутуп калабыз. Биз эмес, комуздун кылы чарчагандай эле болчу. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын скрипкалык, дирижёрлук бөлүмдөрүн 1950жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Мени дирижёрлукка Р. Миронович кызыктырып кетти. Ал кыргыздын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон адам болчу. Москвадагы консерваториядан ушул кесибимди тереңдеткен билим алдым. Ар качан балалык чагым эске түшкөндө, менин музыканттык, адамдык сапаттарыма таасир берген жогоруда аты аталган адамдарды өзгөчө урмат менен эскерем. Анткени, алардын баардыгы — менин устаттарым экен.
Калый Молдобасанов
- Чүнчүү жана анын мааниси
- Расизм
- Ишиңер ийгиликтүү болсун
- Калдык этносторду тукум курут кылуу
- Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
- Этнология
- ДОС ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ
- Кыш айы
- Май кармаган бармагын жалайт
- Акбото бий
- Аверден
- Аякбошотоор
- Бирдеме дегиле
- «Сааганым Сарыбагыштын бэзси, таңда келет ээси»
- Көнүлүндө туракемди издейт кыргыз
- Капитализм
- Бүбү Мариям Муса кызынын күндөлгүнөн
- Үркүн
- Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак
- Журтту тазалап кетүү
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАЛЯР
- Көңүл жубатуу
- «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
- Турпанга качкан эл
- Прогресс жана адамдын эволюциясы
- БААТЫРЛАРГА ЫРАХМАТ
- ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
- Cеметейчи Cейдене
- ЭНЕ-ТИЛ БОЛБОЙ, ЭЛ БОЛБОЙТ
- Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.
- АЙТ,АЙТ ДЕСЕ
- Бирин-бири уруп ойноосу
- Гапар Айтиев
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. БАКЫТ, АТЧАН
- Жеке басардык
- «Бабурдун үйү» кимдин «үйү»?
- «Атадан жаш калдың»
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВГО
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- Белек
- Саламчы
- Рахматулла датка
- Эненин колдору
- Балбак баатыр 1732-ж.
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ШИМЕЕВ СМАРГА
- Тайлак менен кытай согушу
- «Өлө албай жатып өлөң айтат»
- Байдылда Сарногоев. Мас жана канчык
- Байдылда Сарногоев. Сага айткан сөз
- Кыргыз макалдары – Т
- Сура Аль-Фатх
- «Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат»
- Кездемелерди боеонун ыкмалары
- Чоңдөбө көрүстөнү
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЗАМАНАМ
- Эшек курту мурундан түшүп
- Карагул ботом
- Бирин-бири уруп ойноосу
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЛЫМКАН
- Сура Аз-Зарийат
- Ж. Боконбаев – Лермонтовдон
- Тыныбек
- Арам тери бар
- Ормон заманындагы кыргыз
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АККАН СУУ
- Сура Аль-Филь
- Моголстан
- Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе
- Кыргыз
- Кыргыз макалдары -М
Кыргыз