БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КҮН

Күндүн нуру белгилүү, Күчтүү оттон жаралган. Күн кубаты бардыктан, Адамга кан таралган. Күндүн нуру жеткенден,

Өсүмдүктөр жан алган.

Буудай өсүп, майсалап, Азык болчу дан алган. Жарык күндүн нурунан Жан-жаныбар наар алган. Жамгырды, сууну жараткан Чыккан күндүн жарыгы. Жарым суудан жанданат, Өсүмдүктүн тамыры, Күндүн нуру болбосо, Суу күркүрөп көбөйбөйт. Күндүн нуру болбосо, Өсүп гия көгөрбөйт, Баардыгына күн себеп, Бардыгына күн керек. Миң миңдеген кылымга, Айта келсек чынында, Жалгыз өзүң күбөсүң, Замандар өттү сен калдың, Адамдар өттү сен калдың. Өлбөстүккө ашкере,

Түркүксүңбү бир өзүң?

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.