Турмуш. Турмушту терең таанып жазалы

Бул кезде турмуш өзү ар бир эле кесиптеги кишилерден көптү билишти талап этип калды. Тек өз кесибинин алкагынан чыкпай ошого тийиштүү нерселерди эле билишим керек деген киши баарыдан мурда ошо өз кесибин жөндөмдүү өтөй албайт. Өз багытына, мүнөзүнө карай чоң чеберчиликти жана кенен билимди талап эткен татаал кесиптерди айтпаганда талаачылык, мал асыроо, ал тургай кай бир тар түшүнүктөгү кишилер кем баасынткан иштер, анчейин жеңил көргөн кесиптер билимди, эпти устаттыкты талап этип калды. Малчы менен маектешип көр. Ал тек жайытта мал кайрып жүргөнүнө азыр канагаттанбайт.

turmush-300x242-1Мурдагы жайдак турмушту сынга алат. Жайытты үнөмдүү, үзүрлүү пайдалануу жөнүндө, малдын тукумун асылдандыруу, анын эттүүлүгүн арттыруу — кирешени арбындатуу, фермелерде эмгекти жеңилдетүү жөнүндө өз сунушун айтат. Кеңешин берет. Бул биздин өлкөдө кишилер тек эмгектенип жумуш иштөө менен кана чектелбестен, ал өзү ишинин билги чебери. Ар бир ишке демилгечи, жаңы өнүмдү улоочу ишмер. Иш билгилиги, дүнүйөгө көз карашы баары кенен жана жаңыча. Ошентсе да бардык эле кишилер бул кезде эч кемтиксиз сонун болуп калышты деп ойлоого болбойт. Күрөш бар жерде талаш-тартыш да, келишпестиктер да, түшүнбөстүк жана канагаттанбастыктар да бар. Биз жеке эле эки кишинин айтышын, өз ара келишпестигин, не көз караштарындагы ажырымды байкоо менен чектелбейбиз. Жаңы менен эскинин кагылышын, андагы карама каршылыкты туура жана калыс көрүү, күрөшчүл кишилердин мүнөзүндөгү кагылышты, коомдогу өркөндөөнү байкап, ар бир кишинин ички ой-сезимине чейин кылдат баамдап туура сүрөттөбөсөк, өз замандаштарыбыздын көркөм элесин чыгармабызда туура чагылыштыралбайбыз.

Эмесе турмушту кылдат жана кеңири билүү жазуучу үчүн башкы вазипа. Аны кандайча үйрөнүүнү ар бир жазуучунун өзүндөгү жеке сапаты билет. Албетте, бул жөнүндө жазуучу, өндүрүш жайына, айылкыштакка барышсын деген жолдошторго да макулбуз дечи. Бирок, ошентсе да биздин убакта ошо өндүрүш жайында, не айылкыштакта болуу менен гана жазуучу адам турмушту кеңири биле коёбу? Албетте биле койбойт! Себеби, эмне дегенде жазуучу биринчи иретте өз заманынын ырчысы. Заманыбыздын алдыга койгон таламы алда-канча кең. Бүгүнкү кишилердин кыял мүнөзү өзгөрдү, турмушка көз караштары кеңейди, иштеген иштери да жаңыча жүрө турган болду. Колхоз, МТС, совхоздор тармакташат. Булардын бирин колхозчу-дыйкандар тейлесе, экинчисинде жумушчулар, механизаторлор иштешет. Ушул сыяктуу эле кыштак менен шаар, завод менен колхоз танапташ. Булар мындай турсун, илимий мекемелерибиздин иштери сырткы турмуш менен тыгыз байланышта. Жумушчу менен колхозчунун катнашын айтпаганда, кырдагы жүргөн малчылар менен шаардан келген окумуштуунун тажирийба алмашуулары, ал тургай алардын айтыш-тартышынан келип чыккан адамды жылмайта турган жылуу «чатактарды» байкап жүрөбүз. Жарайт, колхоз турмушунан роман жазыш үчүн жазуучу колхозго эле жашасын. Каармандардын катарында колхозчулар менен бирге, башка кесиптеги адамдар болушун турмуштагы чындык талап кылып тургандыктан тигил окумуштуу романга кейипкер болуп киришке акылуу.

Бирок, анын элесин түзүп, илимий ишин көрсөтүш үчүн, жазуучу окумуштуунун кыял-жоругун кылдат байкап, ал иштеген лабораториясынан баштап анын ички дүнүйөсүнө чейин — таанышууга милдеттүү. Жеке адамдар гана эмес, техниканын катнашы далайды талап кылат. Маселен, Казакстандын мейкинин жайлаган малды жана аларды тейлеген адамдарды суу менен камсыз кылыш үчүн көчмө кудук келди дейлик. Аны биринчи көргөн карыя сөзсүз ага таңыркап карайт. Анын ишине кубанат. «Мындай сонун машинени кимдер иштеп чыгарат? Мунун заводу кайда?» Ушулар сыяктуу толгон суроолор жоопсуз калышка тийиш эмес! Колхозчулар, жумушчулар, кызматчылар көп улуттан коллектив курган учурлар биздин чындыкта басымдуу болуп келатат. Кыргызстанда эле он-он беш улуттан коллектив курган колхоздор, же өндүрүш жайлары аз эмес. Өз заманын толук баяндайын деп талаптанган жазуучу бул сонун чындыкты көз жастымына калтырышка эч акысы жок.

Эмесе бул кезде турмушту кең тааныш үчүн өткөн кылымдын кээ бир жазуучуларын туурап, өз областынан чыкпай жата бериштин өзү да эртедир-кечтир жазуучуну мүчүлүштөтүп коюшу ыктымал. Ошондуктан, ар бир жазуучуга тема тандаш жагынан рецепт берилбеген сыяктуу эле турмушту үйрөнүүдө да «Сен колхозго бар», «Сен заводго кет» — десек, бир ыңтайлык болор. Кимдин кайда барышы анын өз тандоосу менен боло турган иш. Ар бир жазуучу каалаган темасын ылгап алат. Сөзсүз ал тандап алган темасына материал бере турган чөйрөлөрдө көбүрөөк жүрсүн. «Алтынды чыккан жеринен каз» деген. Мында эч кандай талаш жок. Милдет — табылган кенди гана чукуп жатууда эмес, чексиз изилдөөлөрдү жүргүзүп, жаңы кен байлыктарын табуу. Турмушту үйрөнүүдө жазуучунун изилдөөсү андан ашпаса кем түшпөйт. Андай болсо, жазуучунун таманы тийген жер бир областтын чегинен алда канча алыс кетсин. Анын көргөндөрү да, уккандары да көп болсун. Албетте, көз көргөн, кулак уккандын баарысы кагаз бетине түшө бербейт. Топондон кызылы иргеп алган дыйкандын ишиндей, жазуучунун фантазиясы баалуу, керектүү «кызылды» тандап, иргеп алат. Артыкча чыгарманы жандуу, элестүү, кызыктуу кыла турган кымбат учурларды, эчен сонун боёкторду кайталангыс кыймыл, кыял жоруктарды, жер-суунун көрүнүшүндөгү, жан-жаныбардын тиричилигиндеги өзгөчөлүктөрдү көрүп жүрүп байкабастык жазуучунун табылгасын бөксөртөт. Тиричилик бар жерде — турмуш да бар.

Эмесе жазуучунун байкоосунда жеке эле эмгектин кайнаган жери эмес, адам сергек учураган талаа-түз, жайыт, тоо-таштын арасы, өзөндүн бою, көл, дарыя — айтор кайсы жерде тиричилик болсо, аны жакшылап байкап алыш милдет. Адамдын мүнөзүн, кыял-жоругун үйрөнгөн сыңары жан-жаныбарлардын, айбанаттардын өзүнө таандык кыял-мүнөздөрүн, алардын жашоо-тиричилигин туура көрүш, кандай өсүмдүк кайсындай жерге өнөт, кандай гүл кайсы маалда гүлун ачат, кайсы канаттуу кандай жерге байыр алып, жылдын кайсы учурунда балапандарын учурат? Айтор, жер-суунун, өсүмдүктүн, айбанаттын, жан-жаныбардын өзгөчөлүгүн, жашоо- тиричилигин, ар биринин пайдалуулугун, же зыяндуулугун туура көрүп, туура билиш бирден бир милдетибиз. Ушул жагынан алганда жаштар мындай турсун саамай чачын ак чалган айрым авторлор романдарында кээ бир жан-жаныбардын тиричилигин терс сүрөттөп коюп, кийин зоологдон же агрономдон сын уккан учурлар аз эмес. Жакшы билбеген нерсени терс же жалган сүрөттөп кагазга түшүрүш бери болгондо жоопсуздукка жатат. Ал эми биздин тажирийбада, турмуштун толгон кылдат жактарын үстүртөн карай, желип-жортуп кете бермейлик көп жолдошторго өнөкөт болуп калган. Бир нече роман, повесттердин автору болушканча «чыгармачылык азап» эмне экенин сезбей жүргөндөр толуп жатат.

Мындай авторлор үчүн китеп жазыштан арзан нерсе жоктой сезилет белем? Жаза баштамак тургай теманы тыңгылыктуу тандап ала элегинде эле басмаканалар менен келишим түзүшүп, аванса алууга ашыгышат. «Же жазга чейин, же күзгө чейин паландай романды жазып бүтүрөм» деп убада бериш оңой. Албетте, чыныгы жазуучу өз ишин анчалык жеңил баалабас. Ошентсе да ушул кезге чейин келаткан тажирийбанын кээси чыгармачылык ишти жөнөкөйлөтүп жиберген учурлары жок эмес. Маселен, чыгармачылык ишти өнөктүккө айландыруу союз тарабынан да, кээде басмакана тарабынан да болуп калат. Биздин оюбузча, кадимки зор чыгарманы өнөктүк жолу менен жаратыш кынын. Күндөлүк таламдын маанилүү учурларына жооп берерлик: аңгеме, очерк, ыр, публицистикаларды берип туруу — бул керектүү иш. Бирок, муну ар бир эле союздун мүчөлөрүнөн талап кыла берүү болбойт. Ар бир жазуучунун чыгармачылык багыты бар: бири кыска аңгемени, очеркти берилип иштесе, бири кең планда роман, повестти жазууну каалайт. Ошентип, ар бир адабиятчы аздыр-көптүр өз салымы менен советтик зор адабиятты түзүшүүдө. Ал эми жетекчилерибиз союздун мүчөлөрүнө жекече мамиле кылуу менен ар бир адабиятчынын мүмкүнчүлүгүнө карай талам коюшпастан кээде орунсуз дооматтарын айтышат. Бир адамдын өзүнөн ар башка темадан китеп жазышты талап кылган учурлар да жок эмес.

«Сен айыл чарбасынан чыкпай койдун. Өндүрүштөн жазбайсың. Интеллигенцияны унуттуң!» — деген жемени ушул кездерге чейин угуп келатабыз. Дал ушундай мамилелер да көп учурда өз багытын анча баамдап алалек авторлорду бирде тигиге, бирде буга урундуруп, башын маң кылышы ыктымал. Андай учурларда жазуучу бардыгына жетишүүгө шашат. «Таламга жооп берем» менен желип-жортуп турмушту үстүртөн көрүп, жүүнү бош «чыгармасын жаратууга» ашыгат. Албетте, кудрети жетишсе, жазуучу өз ишин пландуу жүргүзүү менен чыгармачылык өмүрүндө көп тармактуу эмгектерин түзсө, ал анын эрки. Аны куттукташка тийишпиз. Бирок, антип үзүрлүү иштөө көп адамдын колунан келе бербес. Менимче, өз ишинен ийгилик бергиси келген жазуучу бир багытта көбүрөөк иштегени дурус болор эле.

Адам эс тараткандан өзү көбүрөөк өскөн чөйрөнү кеңири билет. Артыкча бала кезден көрүп өскөн турмуш тез таанылат. Эмесе, жазуучу өнөктүктүн талабына алданбастан каалаган, өзүнө тааныш теманы тандаган учурда «ийне менен кудук казган» сыңары талыкпай иштеп ийгиликке жетишер. Кийинки жылдарга чейин көркөм өнөр менен адабиятта орун алып келген бир беткейлик — турмуштун көлөкө жагын танып, жарык жагын гана көрүү, турмушту кеңири таанышка жол ачмак тургай ой-сезимди мокотуп, белгилүү зыянын тийгизди. Адамды тарбиялаш үчүн аны мактай бербестен кемчилигин көзүнө көрсөтө айтыштын өзү алда- канча күчтүү, таасирлүү болорун биз чындыктан көрүп жүрөбүз. Адабият менен көркөм өнөрдө өкүм сүрүп өткөн «конфликтасыз теориясына» таянып алышып, айрым сынчылар бүгүнкү турмуштан жазылган китептерди сынаган кезде, андагы автор тарабынан туура берилген терс каарман болсо, аны бөлүп карашты. «Советтик кишиге ушак. Бизде мындайлар жок!» — деген куру кыйкырыктар, китептин авторуна саясий айыптарды тага салуу артыкча жер-жерлерде көбүрөөк өкүм сүрдү. Кармашкан эки алп сыңары — эски менен жаңынын күрөшү бой тирешип турган кездерде эчен курч окуялар, карама-каршылыктар, эскини көксөп, жаңыны түшүнбөгөндүктүн негизинде жаралган далай татаал мүнөздөр пайда болору закондуу иш.

Эң жакшы, эң жарык нерсенин да белгилүү кемтиги болуп калышы ыктымал. Мөмөлүү, берекелүү дарактын түбүнө түшкөн көлөкөсү бар. Анын көлөкөсү айтылбаса дарактын толук сүрөтү берилбес эле. Турмуш — татаалдыгы, көп сырдуулугу менен сулуу. Анын сырын ачуу таланттуу сүрөтчүгө да оңойлук менен келе бербейт. Ал эми тема жөнүндө кеп козголсо, биз көбүнчө адамды эстен чыгарып: «Шахты жөнүндө такыр жок!», «Пахтаны аз жазасыңар!» «Өндүрүштөн эчтеме жок!» деген жемени жетекчилерден баштап консультанттарга чейин, ал тургай көйкашка сынчыларга чейин айта салыш өнөкөт. Көп учурларда булардын жемеси өздөрү тараптан ойлонуп айтылбастан «Айттым болду, бир милдеттен кутулдум. Жазасыңарбы, жазбайсыңарбы өз ишиңер» деген маанай менен айтылат. Ушундан кийин өз милдетин даана түшүнө албаган кээ бир авторлор «таламга жооп беришке ашыгышат». Шахта жөнүндө, же фабрика жөнүндө жазууга убадасын берет. Ошентип, мында да баягы өнөктүк башталат. Турмушка үстүртөн кароо өкүм сүрөт. Бардыгын куруучу, бардыгын жаратуучу адам экинчи планда калтырылып, машина, маалымат, ар түрдүү түшүнүксүз терминдер биринчи катарга келишет. Мейли бул планда роман жазылсын, мейли повесть, аңгеме жазылсын. Көркөм чыгарма катарында окуучунун сезимин козгоп, ички дүнүйөсүн байытмак турсун кайра анын сезимин мокотуп, тажатып коюучу супсак китептер түзүлүүдө. Мындай китептердин кемчилигин көрүүдөн мурда: «маанилүү тема жөнүндө жазылган» — деп маалымат беришке ашыгабыз. Ошентип, өнөктүк менен башталган ишибиз өнөктүк менен токтолот.

Натыйжада арзан табылган «китеп» ара төрөлгөн баладай кыска өмүрүн аяктайт. …Жазуучунун «өнөктүгү» өзүнчө десек жаңылышпайбыз. Ал тийип-качып жүрүп арзан табылга менен китеп жарата салышка эч акысы жок. Кандай гана объектини тандабайлык алдыңкы катарда адам турат. Анткени, турмуш дегенде, биз биринчи иретте адамды элестетебиз! Бардыгы адамдын колу менен жаралат. Ар кандай кубаныч да, кайгы да, демилге, алга умтулган зор тилектер да адамдын сезиминен чыгат. Ошондуктан, адамдан татаал эч машина жок экендиги баарыбызга белгилүү. Боорукерлик, таш боордук, ак ниеттүүлүк, кара ниеттүүлүк, чеберчилик, осолдук, мейирмандык, зыкымдык, айтор, жакшылыкка алып баруучу оң сапаттар да жамандыкка кабылтычу терс сапаттар да ар бир адамда бар. Жалгыз айырмысы биринде терс жагы көбүрөөк болсо, биринде оң жагы басымдуу. Бири өз кемчилигин тез көрүп, тез жоё алса, экинчиси өз кемчилигин оңой менен сезбейт, андан оңой менен кутула албайт.

Кандай гана баатыр болбосун анын өз алдынча боштугу, коркоктугу болорун, кандай гана кеменгер акылман болбосун анын белгилүү кемчиликтери болоорун бизге турмуш өзү дайым далилдеп турат. Мына ушул жагынан алып караганда «адам жанынын инженери» аталган жазуучу — чын инженерлик милдетин жогорку деңгелге көтөрмөйүнчө, ал турмушту да кеңири көрө албайт. Бул жөнүндө да «минтсең» же «антсең» турмушту жакшы билип аласың деген белгилүү рецепт жок. Мында да ар кимдин өз жөндөмдүүлүгү, байкагычтыгы, сезгичтиги билет. Ошол эле колхоз талаасында жүрүп, дүнүйөгө жорго минген жолоочудай үстүртөн караган жазуучуларыбыз толуп жатат. Эгин аянтынын арасынан данга зыян келтирүүчү момойлорду, кошаяктарды илип алып жүргөн айры куйрукту, кулалыны көрүп алып: «Эгинге зыян келтирүүчү канаттуулар менен күрөшүү керек» деп, «ураан таштаган» жазуучуларды жолуктуруп жүрөбүз? Албетте, «көрбөс төөнү көрбөйт» деген лакап да бар.

Бул көрбөстүк жазуучуга туура келбейт. Жазуучулук көз көрөгөч, жазуучунун фантазиясы (кыялы) учкул! Талаа түздө жүргөн же станоктун жанында турган кези эмес, кабинетинде, ээн үстөлүндө жазып олтурган кезинде өзү сүрөттөгөн окуяны көз алдына туура элестетмейинче, ар бир каарманды жекече көрмөйүнчө турмушту туура берип жатам деп ишенүүгө болбойт. Сөз — комбайн жөнүндө баратса, жемден чубурган кызыл көзгө көрүнүп, комбайнердүн тери колуңа таамп, самандын жыты мурдуна келип турсун. Сөз — станок жөнүндө баратса, иштелип жаткан нерсе ар бир майда жигине чейин көз алдыга туура элестесин. Эгерде күңгөйдүн көрүнүшүн сүрөттөсөң, андагы өсүмдүк, жан-жаныбардын тиркчилиги өз өзгөчөлүгү менен көз алдыңа туура тартылсын. Береги токум бетиндей такырда өзүнчө түйшүктөнгөн узун мурут кара коңузду карап токтоло калсан, каармандын бетине жерден тийген күндүн илеби кандай тийгенин туура сез. Ал эми сөз адам жөнүндө баратса, сен анын кыймылын көр, айткан кебин ук, ойлоп турган оюн тап. Айтор, өзүнүн оң жана тетири сапаттары менен тирүү киши көз алдыңда турсун. «Советтик адам мындай болбойт» деген чечим турмушту калыс байкоодо белгилүү зыянын келтиргени айтылды.

Ал тургай толгон жакшы сапаттары менен бирге кишилердин ар кимисинин өзүнчө кемчилиги болору талашсыз болду. Буларга бир катар мисалдарды келтирсек да болот: жакында ири колхоздун төрагасы менен тааныштык. Сөз жок, ал чарбанын жайын жакшы билет. Өзү башкарган артелдин кожолугу жолго коюлуп, өткөн жылдарга караганда кирешеси арткан. Райондук кеңешмеде иши макталып, жүзү жарык. Алдында «Победа!» Балким, ушундан чыгар, биз таанышкан жакшы башкарма бир 276 аз көп көлөң, ал тургай оройлугу да байкалат. Жакын тааныша келгенде, дагы жакшы сапаттары менен бирге анын башка кемчиликтери байкалды. Сөзсүз төрага биздин киши. Бирок ал кемчилигин сезиш үчүн, өзүнө окшогон кейипкерди окуган китебинен жолуктурса, аны ойлонтор беле? Албетте, ойлонтот. Же, мына, Сырттакы малчыларга келатып, ээн ашууда, жолдун бетинде ыксыз жатып калган таштарды тазалап жүргөн карыяны жолуктурдук. Биз аны жолчу деп болжогонбуз. Бирок тааныша келгенибизде карыянын жолчу эмес, малчы экенин билдик. — Ташты эмне үчүн терип жүрөсүз? — деген биздин суроого карыя мындайча жооп берди: — Ээ, балам, жол деле биздики да. Колхоздун, өмкөттүн машинелери өтөт. Өз ордунда жатпаган таштар дөңгөлөктөргө зыянын тийгизбей коючубу.

Карыянын бул ак ниеттүүлүгү — кадимки жакшы сапат! Ал эми биздин кээ бир жаштарыбыз, ал тургай комсомолдор өзүнө тагылган милдеттүү иштерин кош көңүл аткарганы жалганбы? Ал мындай турсун оройлук, улууну сыйлабастык же андан да жаман жоруктарга баруучулук толуп жатпайбы? Тарбиялык жактан жаштарга таасир бериштин ордуна биздин көп «таттуу» китептерибиз алардын жүрөгүнө тийгени жалганбы? Тарбиянын эри күчтүүсү кемчиликти бетке айтуу, жашырып-жапбай ачык антуу эмеспи. Башканы айтпаганда: «Биздин кишилерде кемчилик болбойт!» деп жүргөн кездерде, кээ бир адамдар зөөкүрчүлүктү атайы сыймык катарында көрүп, мас болуп алышып көчөдө кыйкырын сөгүнүү алар үчүн анчейин көрүнүш. Зөөкүрлүк зыяндуу экенин бетке айтып, коомчулук тарабынан катуу сын жүргөндөн бери көчөдө кыйкырчу мастар да азайды. Ичкиликтин тизгини тартылып, баштакы «эч оңолбос» зөөкүрлөр эми тартиптүү, коомдук иштерге катышкан пайдалуу кишилердей боло башташты… Ал эми келечектин кишилерин тарбиялаш милдети мойнунда турган биздин педагогдордун, адамдын ден соолугун сактап, анын өмүрү үчүн кам көргөн врачтарыбыздын кемчиликтери канча!

Бул — кемчиликтерди гана көрөлү деген сөз эмес. Турмуштагы чындыкты туура байкайлы дейбиз. Асыл затты бир аз кирдетип турган чаң сыңары дүнүйөгө көз караштары тар айрым кишилердин мүнөзүндөгү кемчиликтер — терс сапаттар. Бирок турмуштан жолуктурган жакшы менен жаманды ылгабай таразага сала берүү жазуучунун милдети эмес. Турмуштан тандап алган чындыкты жазуучунун курч, тунук фантазиясы дагы иргеп-ылгап, ага терең мазмун, бийик идея кошуу менен өңү өчпөс сүрөт, унутулгус мүнөздөрдү, жарык элестерди түзөт. Ошентип, акыл-эс, жазуучулук ой-сезим иштеп чыккан жана аны көркөм жараткан чынчыл чыгармаларды берели. Турмушту терең көрбөгөн жазуучу — жоокери жок колбашчы. Ал канчалык айкырып, кылычын күнгө чагылыштырган менен да жалгыз өзү зор жеңишке ээ боло албайт!

Булак: bizdin.kg

  • Ат куйругун майлоо
  • Кыргыз аңгемелери. Менин начальнигим ким?
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. СҮЙЛӨШҮҮ
  • Пишпектеги революциячыл комитеттер
  • Кызыл карышкыр
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ШИМЕЕВ СМАРГА
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Сөзгө конок берүү
  • Айкөл Манас. 4-китеп
  • Иттартыш (итталаш)
  • Мукамбеттин өмүрүнүн урунттуу учурлары
  • Кыргыз
  • Соөмөйү менен ортонунун алдынан башбармак чыгаруу
  • Бүткүл дүйнөлүк тарыхка эки көз караш
  • Токтогул туткундан келгенде
  • Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
  • Өлүмтүгүн артып
  • Түлкү менен карышкыр
  • Музыкалык жанр жөнүндө түшүнүк
  • Эстоо адаты
  • Сура Аль-Аля
  • Карыдан жаш сураба
  • Манап
  • ЖООКЕРДИН КӨЗ ЖАШЫ
  • Баш чайкоо, баш ийкешүү
  • Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир
  • Сура Аль-Анам
  • Шакар кайнатуу
  • ЖУСУП БАЛАСАГЫН. ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КАРАТА МАМИЛЕ
  • Элден-жерден безүү
  • ЖАЛГЫЗ ТАЛ
  • Программалоо тилдери
  • Сура Аль-Кариа
  • Өзү алдамчы адам башкаларга ишенбейт
  • Манаc. Журт энеси
  • Манас. Арууке апа керээзи
  • Кокон хандыгы казакты эзгендиги
  • Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
  • Сура Аль-Худжурат
  • Ажы
  • Штаттык тизим
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. САКАЛЫ КАНА
  • Арстан күчүгүн асыраган мышык
  • ТОГОЛОК МОЛДО. ЖЕР ЖАНА АНЫН БАЛДАРЫ (поэма)
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. БИР ШИЛТЕМДЕР
  • НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВ. Тынышбек боорум
  • Сура Ар-Рахман
  • КӨЛ, СУУ, АСМАН
  • Жакшылык
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ТЕРМЕ
  • АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ
  • «Жер тамырынан эл тамыры көп»
  • Текеске качкан эл
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ
  • КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • КЫРГЫЗ ТУРМУШУ
  • Бугу уруусу
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • Баланы тосуу
  • Күйөө карыса, жээн болот
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КИМ БОЛДУ ЭКЕН?
  • ЖЫЛДЫЗ, АЙ
  • ШАМАЛ
  • Этникалык талаанын жиктелиши
  • ИНИМЕ КАТ
  • Үч талак
  • Күч күйөө
  • «Жаман уул атасы өлгөндө көбөт»
  • Сүрдөнтүү
  • КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.