Токтогул туткундан келгенде

Жети кез коргон пайдубал Чарбагын кошуп ырдайын, Жеримден айдап Сибирге — Алганын кошуп ырдайын.

Жеңе-желпим чуркурап

Калганын кошуп ырдайын. Алтымыш киши айдалган Арманын кошуп ырдайын, Күндө коога, күндө уруш

Көрбөдүм жандын жыргалын.

Туткунга кеттим кармалып, Тууганым көрбөй зарланып, Түрмөдөн бошоп мен келдим,

Турумтай куштай айланып.

Азапка кеттим кармалып, Айлымды көрбөй сандалып. Азаптан бошоп мен келдим,

Ак шумкардай айланып.

Күнөөсү жок, соту жок, Айдап кеткен болучу, Күкүктөй көзүм жалдырап Жайнап кеткен болучу. Гувурнатор-генерал

Кармап кеткен болучу.

Аргасыз кылып залимдер, Алып кеткен болучу. Азаптуу күндү башыма Салып кеткен болучу. Кыямат түшүп башыма,

Токоң, карып кеткен болучу.

Элимден кеткен жан элем, Эл көрүүгө зар элем. Эсил башым кор болгон

Энеден жалгыз бала элем.

Айлымдан кеткен жан элем, Айыл көрүүгө зар элем. Азиз башым кор болгон

Атадан жалгыз бала элем.

Калкымдан кеткен жан элем, Калк көрүүгө зар элем, Кайран башым кор болгон

Каргадай жалгыз бала элем.

Айланып келип шумкардай, Айлымды таап турамын, Ак калпактуу көп кыргыз,

Амандыгың сурадым.

Элирип келип шумкардай, Элимди таап турамын. Эзелки тууган агаин,

Эсендигиң сурадым.

Каруусу кеткен тулпардай Арып келдим, Токтогул, Кара жол Сибирь айдоого Барып келдим, Токтогул, Кайран жашты жоготуп Карып келдим, Токтогул. Азаптуу күндүн зордугун Көрүп келдим, Токтогул, Ар кыл кыйноо турмушка Көнүп келдим, Токтогул. Элимдин жүзүн көрүүгө Көксөп келдим, Токтогул, Эчен шумдук кордукту

Тепсеп келдим, Токтогул.

  • Ата-журт
  • БИШКЕК БААТЫР БАЯНЫ (уламыш)
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ТЯНЬ-ШАНЬ
  • Сура Та Ха
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СЕНИ КӨРБӨЙ КАЛГАНЫМА
  • Боор толгоо
  • Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барсаң бытпылдык
  • «Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат»
  • Жеңенин түрлөрү
  • Кокон хандыгы
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. ЖАЛГЫЗ
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. АЙТЧЫ ЖАНЫМ
  • Айкөл Манас. 7-китеп
  • ТҮГӨНБӨГӨН ТАЛАШ
  • Ургаачылардын көйнөктү жана жолукту чануусу
  • Жашы улуу болсо да, жаны курбу
  • Сура Аль-Анбийа
  • «Жылан чакпаса, жылкы теппесе».
  • Автандил Арабаев. Ырдагым келет, ырдагым
  • Байдылда Сарногоев. Чалдын аялына
  • Кыргыз эл оюндары. Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу, тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу.
  • ӨЛКӨНҮН ЧОҢ БАЙЛЫГЫ – СУУ
  • Эшек курту мурундан түшүп
  • Текеберчилик
  • Кыргыз
  • Албан
  • ЭГИЗ КОЗУ, АЙ, КҮН
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАШ БАГБАН
  • Ичкилик Кыргыздар
  • Платон
  • САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ
  • Сура Ан-Ниса
  • Өгүз болгуча торпок пейили калбаптыр
  • Каракыргыз борбор Азияда
  • Кыргыз эл оюндары. Токол эчки, топуракты таш менен уруп чаңытуу, упай.
  • Коргоол
  • Кемеге талашуу
  • Абыке
  • Кытмыр күлүү
  • Тукум куучулук
  • ЖАМГЫР
  • Жалгыз үй отуруу
  • ЖЫЛДЫЗ, АСМАН, АЙ
  • Жаздана жатуу
  • Жетелешүү
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. ЖАҢЫ КҮН
  • ӨТКҮН АЙТЫМЫ
  • Сура Ат-Тарик
  • Кыргызстан элинин ассамблеясы (КЭА)
  • Төлгөчү
  • Музооке
  • Кошойдун келип манаска кошулганы
  • Кеп-сөзгө кыпчылуу
  • Үй тигүү
  • Кагып-силкүүлүк
  • Чыгыш Түрк кагандыгы
  • Меймандын атын жайлоо
  • ДИНИЙ ҮРП-АДАТТАР
  • Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
  • «Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт»
  • Деңиздеги бороон
  • Үй-Бүлө
  • ОМОР СУЛТАНОВ. БОКС
  • Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу
  • ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. КЕЧ
  • ТАЛ (уламыш)
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ, ЭЛ БОЛБОСО
  • Потомки Огузхана
  • Загына кетүүсү

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.