«Манас» эпосу жана тарых

«Манас» эпосу жана тарых

Эпосто кыргыздардын ар түрдүү элдик оюндары чагылдырган сюжеттер арбын, анда кыргыз  эли эң жакшы көргөн ат оюндары, тулпар, саяпкерлер жөнүндө өтө кеңири айтылат.

Ордо, эр эңиш, эр сайыш, күрөш, тогуз коргоол өңдүү спорт оюндары эпостун ар бир бөлүмүндө өзөгөчө аздектелип баяндалат.          «Манастан» музыка менен ырдын кыргыз элинин турмушундагы орду жөнүндө билдиребиз. «Манаста» айтылган жыйырмадан ашык музыкалык аспаптар элибиздин музыкалык маданиятын айгинелейт. Бул кыргыздардын чыгармачылыгын туу чокусу болгон. «Манас» эпосу элибиздин тарыхын, этнографиясын, маданиятын жалпы эле турмушунун ар кандай тармактарын изилдөөдө, окуп үйрөнүүдө баа жеткис булак экендигин дагы бир ирет далилдейт.              «Манас» эпосу зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келгендиктен аны өзгөрүүсүз сакталган (канондук) тексти жок. Эпостун мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөндө, атүгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган.

Азыркы кезде «Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн 70 тен ашык варианты белгилүү. Эпостун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. «Манастын» варианттарынын дээрлик баардыгында эпостогу негизги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостордун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк дэңгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.