«ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР


КЕНЖЕ ЭПОСТОРДОН «ЭР ТАБЫЛДЫ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР

Суу боюнда жалбызым Эрманкандын баласы, Эр Табылды жалгызым, Жаңырыктуу кыялдан, Жалгыз элең уядан, Эңилчектүү кыядан, Элкин элең уядан. Өлүү десем жерде жок, Тирүү десем элде жок. Үмүтүм үзбөй жүрөмүн, Ичим жалын, сыртым чок. Конолголуу куш элем, Конолгомо жеткинче Конуп учуп кеткинче,

Кокуй күндү не салдың.

Түнөлгөлүү куш элем, Түнөлгөмө жеткинче- Түнөп учуп кеткинче, Түнөк күндү не салдың. Ала-Тоо башы кар бекен, Агасынан айрылган Арманын айтып зарылган, Армандуу мендей бар бекен. Улуу тоо башы кар бекен, Уядан учкан зар бекен, Урмат көрөр кезимде, Ургаачы мендей бар бекен?! Оң саамайы секелек, Он бешке жашым жете элек. Ойронум абам барында, Оозумдан сүтүм кете элек. Козучу болдум калмакка, Кордук көргөн мындай өтө элек Кыз башымда кыйналган, Кыйкырып күндө ыйлаган, Кырк акемдин ичинде, Кымкапка ороп сыйлаган, Кыйналам абам жогунан, Кырчындай жанын кыйнаган, Кырк жигиттин агасы! Карлыгачтын абасы Кыраан жолборс Табылды, Кыйналганын карачы. Эми бир ай күтөөрмүн, Бул дартка чыдап түтөөрмүн, Жамандыгың угулса, Жалынга барып түшөөрмүн. Жалгызым сенден калганча, Жарынып өлүп бир жолу

Жаш өмүрүм үзөрмүн.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.