ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖАЙКЫ ТАНДА

Таң кашкайды, мен турдум, Көрөйүн деп көлүмдү. Чар тарапты бир карап, Көрккө көңүл бөлүндү; Коргон жасап койгондой

Ак чач тоолор көрүндү.

Бир-бирине жөлөнүп Эрмектешип жаткандай, Менменсинген чокулар Көккө барып баскандай; Чексиз асман кара көк

Көк сыр менен жапкандай.

Чексиз мейкин көгөрүп, Жерди каптап койгондой. Алтын көзү армандын Уктагансыйт ойгонбой. Азуулардай аскалуу Төр магдырайт тойгондой. Таң тамылжып, көк күзү Жылмайгандай көрүндү. Ойгонгонсуп Кең дүйнө, Чыгыш нурга чөмүлдү. Тил жетпеген жайкы таң Көкөлөттү көңүлдү. Карт геолог азандан Чыгып карайт таштарды. Таштын тилин билгендей, Шүйшүндүрөт жаштарды. “Асыл таштан” деген сөз

Кербездентет Аскарды.

Кароолчудай бийиктен Зоодон көлдү карасам, Көңүл учуп асмандан, Чагылганга жанашам, Эригендей жүрөгүм

Экиленип баратам.

Көлдө сүзгөн пароход Кыялга тил жаратат: “Таалай жолуң кут болсун”– Кубандырып каратат. Коммунизм төрүнө

Түйшүк менен баратат.

Алгым келет кучактап, Бүт дүйнөнү койнума. Баскым келди көтөрүп Сүрөттөрүн мойнума. Кангым келди турмуштун

Суктандырган ойнуна.

Бүйрөлөнгөн Ысык-Көл Таңкы желге чайпалды. Асман жерге түшкөндөй, Көпкөк болуп байкалды. “Сенин көлүң ушул”–деп,

Тентек көңүл айта алды.

Тамылжыган күн нуру Кучактады тоолорду. Бийик кылып көрсөттү Көлөкөсү коолорду, Чайкагансып алтынга,

Жаркыратты зоолорду.

Кубулушкан мөңгүлөр Алдагансыйт көзүмдү, Сүткө канды кошкондой Чыгыш нурга көшүлдү, Көзгө түшкөн көп сүрөт

Таңыркатты өзүмдү.

Жалын өңдүү чокуда Кызыл желек жайкалат, Бийик коргон зоо, тоолор Карашкансыйт кайкалап. Аңчыларга кырсыктар

Кыңк этпестей байкалат.

Көлүм көпкөк, жер жашыл, Кесте, сайма болгондой. Кызыл макмал кызгалдак, Кыраң өрткө толгондой. Жашыл нооту жамынып,

Белес жатат ойгондой.

Кандай акын бул жерди Бүт сүрөттөп айта алат! Жибек желге тор талаа Ойку-кайкы чайпалат; Ыксыраган эгиндер

Зумруддай1 байкалат.

Шылдыр булак сымаптай Таштан ташка туйлаган, Өргүбөстөн телмирип, Кылым бойлоп ыйлаган. Сүйлөгөнсүйт: “сырымды,

Кандай жүрөк туйбаган!”

Жашыл төрдүн атыр жел Сылап жатты буркурап. Аскадагы бүркүттөр Чабыттады зыркырап, Бутадагы чымчыктар

Учуп чыкты тырпырап.

Өрттөгөнсүп асманды Көтөрүлдү күн дагы. Туш-туш жактан көбөйдү Чой-чойлогон үн дагы. Шүүдүрүмдү тамызып,

Көркүн ачты гүл дагы.

Мекиренип өпкүлөп, Кой козусун эмизди, Улак-теке бакылдап Жандап жүрөт чебичти, Кара моюн ак эчки

Эркелетти эгизди.

Мекчейишкен серкелер Кулак-башын кашышты. “Жүргүн мындай”–дегенсип, Төшкө карай басышты. Ойноп жаткан улактар,

Чыйрыкканын жазышты.

Укуругун сүйрөтүп, Ышкырышты жылкычы, Окшош боек кийгендей, Чоктой тору жылкысы. Жылкычыдай ышкырды

Чакчыгайдай ырчысы.

Жылажындай шыңгырап, Сергек кулун карады. Башын чулгуп сереңдеп, Жалын жерге тарады: Окуранып тору бээ

Тосо берди маманы.

Чакаларын чайкашып, Келин кыздар тээледи. Марал өңдүү уйларды Бирден барып ээледи. Тизип ойгон эликтей,

Музоолор да “мөө” деди.

Эчак тентек таңкы жел Кеткендиги билинди. Жуурат куйган чаначтар Канжыгага илинди, Жашыл жибек, кең жайлоо

Күн нуруна киринди.

Былдырашып тойтоңдоп, Үйдөн чыкты балдары. Кучак жайып көтөрүп, Эркелетти чалдары. Жашылданган тоолорго

Төгүлгөндөй малдары.

Көрүнүшкө магдырап, Көлгө көзүм бурулду. Кербен өңдүү кемелер Көзгө келип урунду. “Көр” дегенсип түтүнү,

Бургуп көккө жулунду.

Чагылышын күн менен Көлдүн бети жылтылдайт, Тармалданып, дирилдеп, Ак балыктай кылтылдайт, Көлгө карап ак келин

Жымың этип шыңкылдайт.

“Укмуш экен өрттөнбөй, Жүрөгүңдүн түткөнү…” Кыз унчукпай жайнады, Тең чайпалды сүттөрү. Пароходдо келаткан, Бар окшойбу күткөнү.

1948.

  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР
  • Алжып калуу
  • Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
  • ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ
  • Кыргыз эл оюндары. Ат оюн, баш кийимди алып качуу, жашынмак
  • Музооке
  • Чач, тырмак алуу
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
  • Сура Аль-Мурсалят
  • Кыз күйөө (уламыш)
  • Кыргыз ырлары. Кыргыз калкым
  • Телефон менен сүйлөшүү этикасы
  • Кызыл китеп фактылары
  • Жолбун
  • ЫСЫККӨЛ – ТУРИСТТЕРДИН МЕКЕНИ
  • «Жаман иттин аты – Берубасар, жаман адамдын аты Кыдыр-назар»
  • Тынымсейит
  • Акбаранын көз жашы
  • МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» ПОВЕСТИНЕН БАЙБОЛОТТУН КАТЫ
  • Кыргыздын Кытайга качканы
  • Сөздөр жана алардын мааниси
  • Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
  • КҮН
  • Толгонайдын монологу
  • Богра Хан
  • Чай ичип кеткиле
  • Сура Ан-Наджм
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. РЕКВИЕМ
  • Этникалык талаанын жиктелиши
  • Сура Ат-Талак
  • Кайын эне менен келиндин белгилери
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. СУЛУУГА
  • Сура Аль-Гашийа
  • Ынсаптуулук
  • Балатоктобой жүрсө
  • Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
  • Жандыктын жилигин бөлүп тартуу
  • Манас кошойго жолукканы
  • Катын албай, кайын ал
  • Манас. “Манас” эпосунун элдиги жөнүндө
  • ЖААН, ЖЕР, ӨСҮМДҮК
  • Ферганалык кыргыздын колонизатордон мизи кайтканы
  • Автандил Арабаев. Ким экен…
  • Тескери бата берүүсү
  • Баарынан киши күчтүү
  • Камбаркан
  • Каардуу хан
  • Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы
  • КОМУЗ КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН? (уламыш)
  • Этегинен жаңылуу
  • Ыкчам эс тутумдан – узак мөөнөттҥҥ эс тутумга
  • Бака терек (уламыш)
  • Жеңижок. Замана
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Он эки миллион
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. «БАР БОЛ» ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫНАН ЖҮРӨК СӨЗҮ
  • Акдөбө шаар чалдыбары
  • Каңтары бар
  • Кайраштыруу
  • МОМУН ЧАЛ
  • Кыргызстан Ош – Кыргызстандагы ири жана байыркы шаар
  • БУЛУТ, КҮН, АЙ
  • Эсенкан буйрук кылып жолойду баш кылып Манаска кол аткарганы
  • Босогону бойлобо
  • Усун мамлекети
  • Жем-жебес – жабыгы
  • Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. ТАЛАНТ
  • ТОКТОГУЛДУН ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЫРДАГАНЫ
  • Шаар бузулду

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.