Өтүп кеткен ишиңдин Артынан бекер өкүнбө. Көтөрүлүп көп сүйлөп, Учураба кесирге,
Таш чапкандай кетилбей.
Ар ким ойлойт жакшылык, Талаптуу ишке жетүүгө. Кайраттуу болоор жигиттин Оту болот көзүндө. Айткан кебин орундап, Туругу болот сөзүндө.
Кыргыз эмес, кытай да
Жетет го балдар баркыңа, Одоно сүйлөп кеп айткан, Обу жок адам көп болот Орунсуз жерге көп кирип, Ушунча журтка кеп болот. Туура жүрбөй, кыйшаңдап, Туугандан алыс чет болот. Сыртыңдан түзөп кеп айтып Душманга сырын алдырбайт. Жакшы көрүп жолдошун Жамандык ишке бардырбайт. Азамат болсоң, жигиттер, Туура сүйлө кебиңди. Келтирбегин жаныңа, Кесири тийчү арамды. Бөлөксүнүп сыртыңдан Байкап жүрөт чамаңды. Андай бузук адамдар Ага-иниден жат кылып, Ачып коёт араңды. Көз карашы бузулуп, Түзүк айтпайт саламды. Үйүп коёт башыңа Пайдасы жок залалды. Сөз айтсаң жооп бербеген — Арамдыктын белгиси. Орой болсоң таркылдап — Наадандыктын белгиси. Ынтымагың болбосо, Жеңе албайт жоону бир адам. Өлөңдүү жерде са болот, Өлчөмү менен дайрага Өрдөк менен каз конот. Өткүрөм сүйлөп кеп айтсаң Өлгөнчө кектеп, унутпай, Өз тууганың кас болот. Ушакчы болгон жигиттин, Урматы болбойт элине. Уурдап кепти ташыган Уяты чыгат бетине. Кыялың, оюң түз болсо, Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болгон миң адам. Көптүк кылба жалгызга, Көп тийбегин байкушка. Чоңдук кылба жалгызга, Чоң сүйлөбө байкушка. Колдон келсе тартынбай. Кайрылгыла карыпка. Карыптын тиет пайдасы, Чыгарсаң, балдар, жарыкка. Акылы жок боз бала Уурулукка айланат. Туура жүрбөй түз жолго, Арамдык ишке жалданат. Арамдык кылган кишинин Аягы жипсиз байланат, Кармалган ууру ушул деп, Кара малча айдалат. Арамза жигит бузуктун, Алдоосуна кирбегин. Ал бузуктар көрө албайт, Ак май чайнап жүргөнүң. Далай түркүн адам бар, Тамаша кепти сүйбөгөн. Жамандык жасап ичинен Жакшылык ишке күлбөгүн. Ала көөдөн андайлар Адамдын жайын билбеген. Жаман адам көпкөндө,
Жакшыны көзгө илбеген.
ӨМҮР (үзүндү) Ат арыбас болсочу, Жаш карыбас болсочу, Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.
Кызыл оңбос болсочу, Кыз бурулбас болсочу, Көгөргөнү чын болсо, Гүлдөр соолбос болсочу. Жибек оңбос болсочу, Жигит өлбөс болсочу, Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.
Чөп куурабас болсочу, Көз тунарбас болсочу. Кызыл жүзү бозоруп,
Кыз кубарбас болсочу.
Кайран өмүр жыйырма беш, Жашка барар болсочу, Кайран жанды кол менен
Жасап алар болсочу.
Өзөнгө элим толсочу, Өмүр өтпөс болсочу. Жашка ажал келбес болсочу,
Жакшы адам өлбөс болсочу.
- МИДИН АЛЫБАЕВ. СҮЙГӨНҮМДҮН СҮРӨТҮНӨ
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. НАСЫЯТ
- Чубактын Манаска келип кошулганы
- Жакупбектин тарыхы
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАХАБАТ (поэма)
- Алганга бар, бергенге жок
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
- УЧУКТОО ЫРЫ
- Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар
- Сура Аз-Зумар
- Сура Аль-Ахкаф
- Сура Йусуф
- «Бээ» десең «төөгө» кетет»
- КАЛЫГУЛДУН ЫСЫК-КӨЛ ТУУРАЛУУ АЙТКАНЫ
- Эненин колдору
- Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң
- Арстанбек
- Зайыптарды аео сезими
- Сүткө түшкен күчүктөй болуу
- “Системанын” жөнөкөй түшүнүгү
- Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
- Кыргыз гезиттери – Кыргызча гезиттер
- Акация дарагы
- Толгонайдын монологу
- Шакен
- Учуул
- АСМАН, ЖЫЛДЫЗ, КҮН
- Айкөл Манас. 9-китеп
- Аюу менен чиркей
- Дос жана тааныш
- Кедейкан. Токтогул Сатылганов 3-бөлүм
- Айтиев Гапар
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМГА
- Кыргызча аңгемелер. Тиги дүйнөдөгү тергөө
- Сура Аз-Зарийат
- Айдараалы жөргөлөк
- Абышка менен түлкү
- Сабактарды жана бөлүмдөрдү пландаштыруу
- Аксакалдар бийлиги
- Жолбун
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ДАСТОРКОНДО
- Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу.
- Баш кесмек бар, тил кесмек жок
- Шекер кыз менен Жеңижоктун айтышы
- Кичинекей Асан жана энеси.
- Сура Аль-Ихлас
- Кусуру уруу
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙДЫН КАРГАСЫ
- БИЗДЕН МУРДА ӨТКӨНДӨР
- Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр
- Кыргыз (Киргизы). Кыргыз эли
- Тукум куучулук
- Цивилизация жана табият
- Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе
- Cеметейчи Cейдене
- Сура Худ
- Кыргыз элинин астрономиялык илимдери
- ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
- Аза күтүүдө айрым ишараттар
- Байкоо жүргүзүүнү пландаштыруу/Алдын ала жыйналыш
- Жамбы атуу
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЫР-СӨЗДҮК
- Кыргыз кагандыгы
- АТА-ЭНЕНИ УРМАТТОО ТУРАЛУУ
- «Ат, аттан кийин жат»
- Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
- Альтруизм, тагыраагы — антиөзүмчүлдүк
- Жеңижок. Замана
- Кеңешип кескен бармак оорубайт
- «Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт»
Кыргыз