Тукум курут кылуу

Тукум курут кылуу. Бул – эл ичиндеги эң эле жаман адат. Тукум – бала, муун, атанын тапкан ордун баса турган туягы, жашоо-до алардын уландысы. Бала, небере, чоберо, чебире, кыбыра, шы-быра, тыбыра, жыбыра… андан аркылар – ар атанын укуму-тукуму. Курут кылуу – тып-тыйпыл жок кылуу. Өчөгүшүүнүн, эрегишүүнүн, ички кектешүүнүн ж.б. терс аракеттердин натыйжасында биреелердун элин, айылын, бир атанын балдарын тыптыйпыл чаап жок кылуусу.

Алардан тукум уланбай калуусу. Муну оң мааниде да, отмо ма­аниде да, терс мааниде да ушундай түшүнүүгө болот.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.