Тагай бий

Тагай бий – кыргыздардын оң канат  урууларынын түпкү атасы. Санжырада Долон бийден Ак уул, андан Адигине, Тагай, Муңгуш жана Наалы эже деген балдары болгондугу айтылаТагай бий Солтоноевдин маалыматы боюнча Тагай Кокон, Маргалаң калаасынын тегерегиндеги Ийрисуу-Былпылдак деген жерде, дагы бир кабарда – Ош калаасындагы  Сарыбел деген жерде болжолу 1460–70-жылы туулган. Тагай бийдин ишмердигин 16-кылымдагы моголстандык кыргыздардын башчысы Мухаммед Кыргыздын тарыхый ишмердиги менен окшоштурушат. Уламыштарда Тагай орто жаштан  өтүп калганда, бир нече жыл Эреше хандын карамагында жашап, элине кайтып келген. Ал эми Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгегинде Мухаммед Кыргыз Ысыккөлдүн түштүгү Барскоон суусунун боюнда моголдордун башкаруучусу Султан Саид менен болгон чабышууда жеңилип, Кашкарга туткундалып  кеткендиги айтылат. Мухаммед Кыргыз  1522-жылы бошонуп чыгат жана 1524-жылы кайрадан туткундалып, 1533-жылга чейин (Султан Саид хан  өлгөнгө  чейин) кармалып турган. Б. Солтоноев ушул маалыматтарга таянуу менен Мухаммед Кыргыз Тагай бий болушу мүмкүн деген ойду сунуш кылат. Тагай бий тууралуу санжырада сакталган маалыматтарда анын эл башкаргандыгы айтылат. Инилери бойго жеткенде, эжеси Наалы малды Адигинеге, бийликти Тагайга жана чарбаны Муңгушка бөлүп берет. Экинчи бир уламышта Адигине менен Тагай энчи бөлүү тоюн өткөрүп, салт боюнча малды, жерди, элди экиге бөлөт. Оштун Карадарыясын чек кылып, күн батыш жагын Адигине, күн чыгыш жагын Тагай бий алгандыгы баяндалаТагай бий Солтоноев Тагай болжолу 1535– 40-жылы  өлгөндүгүн жана анын кабыры  Үч Турпандын күн чыгыш тарабында  жай-гашкандыгы тууралуу маалыматты келтирет. Тагай бийдин ысымы менен кыргыздардын оң канат деп аталган уруулук бирикмесиндеги бугу, сарыбагыш, солто, багыш, саяк, чекир саяк, азык урууларынын келип чыгышы байланыштырылат. 17–18-кылымда  Таластан тартып Ысыккөл, Нарын аймактарына чейинки оң  канат, сол канат кыргыздары Тагай деп аталган саясий конфедерацияны түзүп тургандыгын санжыра маалыматтары ырастайт.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.