Кыргызстан. Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары

Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары

Кыргызстандын геол. түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-Монгол-Охота ж-а мезозой-кайнозойдун Жерортолук деңиздик геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен (Чоң Алай терең жаракасынын эки капталынан) орун алган. Палеозойдук кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган доголор аркылуу сүзүшүп турат. Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден түштүгүрөөктө байыркы (палеозойго чейинки) Корей-Кытай платформасынын блоктору орун алган (Тарим массиви ж. б.). Теңиртоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган (академик В.А.Обручев) же эпиплатформалык (орогендерге) тоолорго (А.Л. Яншин, В.Е. Хаин ж. б.) киргендигинде. Деңиз деңг. 401 мден 7439 мге чейинки бийиктиктерде (тепкичтерде) жаткан Кыргыз жергесинде бардык геол. замандардын катмарлары кездешет. Алардын геохронологиялык жашы байыркы организимдердин палеонтологиялык калдыктары аркылуу аныкталган. Ошондуктан Теңиртоонун геол. түзүлүшү Евразиянын 600 млн жылдан берки тарыхын чечмелегенге эталон катары каралат. Кыргызстан кеңдик багытта созулган 4 геол. аймакка (тилкеге) бөлүнөт: Түндүк, Ортоңку, Түш. Теңиртоо ж-а Түн. Памир. Түн. ж-а Ортоңку Теңиртоону Теңиртоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку ж-а Түш. Теңиртоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек, Түш.Фергана жаракалары ажыратат. Айрым изилдөөчүлөр (А.В. Пейве, 1945) мындай структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыларакетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен.

Кен байлыктар

Талас – Фергана жаракасын терең горизонталдык багыттагы чоң жылыштын (сдвигдин) даана мисалы катары караган. Азыркы күндө Ортоңку ж-а Түш. Теңиртоо түн.-батышка созулган Талас– Фергана жылышуусу м-н батыш ж-а чыгыш секторлоруна ажырап турат. Батыш сектору чыгыш секторунан түн.-батышты карай 200 км аралыкка жылып кеткен. Көпчүлүк геологдордун пикири б-ча бул жылыш 230 млн жылдан бери болуп келүүдө. Конседиментациялык структуралардын мүнөзү мындан мурда эле горизонталдык жылыш болуп келгенин көрсөтүп турат (К. С. Сагындыков ж. б., 1972, 2002). Талас – Фергана жаракасынын түш.-батышында горизонталдык багыттагы татаал айлануу кыймылы болуп жаткандыгы да далилденет (А. Б. Бакиров ж. б., 1996; Л. П. Зоненшайн ж. б., 1990). Фергана горизонталдык бүктөлүүсүн (флексурасын) баяндаган Д.И. Мушкетовдун пикирин Талас – Фергана горизонталдык жылышын ачкан В. Н. Огнев андан ары улады. Кыргызстандын геол. түзүлүшү, жашы, курамы ж-а калыптануу шарты б-ча кескин айырмаланган төрт мегакомплекске (чоң кабатка) бөлүнөт (А.Б. Бакиров ж. б.): архей-астынкы протерозой; протерозой; үстүнкү протерозой-палеозой; мезозой-кайнозой. Биринчи, үчүнчү мегакомплекстер континенттик ж-а океандык геодинамикалык абалдарда, экинчи ж-а 4мегакомплекстер жалаң эле континенттик абалда жаралган тоотектерден түзүлгөн. Биринчи мегакомплекстин океандык кыртыштары ультра-базиттерден, амфиболиттешкен базиттерден ж-а силициттерден турат. Экинчи протерозой мегакомплексиндеги тоотектер континенттик шарттарда, континенттин ичиндеги рифтерде пайда болгон. Биринчи ж-а 2мегакомплекстердин тоотектери Түн. ж-а Ортоңку Теңиртоодо жолугат. Жогорку протерозой-палеозой мегакомплексинин тоотектери Кыргызстандын көптөгөн геол. тилкелеринен кезигет. Континенттик, о. эле океандык абалда пайда болгон геол. түзүлүштөр да бар. Океандык бассейндин жабылуу убактысы б-ча астынкы палеозойлук (каледондук) ж-а үстүнкү палеозойлук (герциндик) болуп эки комплекске бөлүнөт. Океандык шарты Түн. ж-а Түш. Теңиртоонун офиолиттеринен баамдалат. Ортоңку ж-а үстүнкү палеозойдо Түн. ж-а Ортоңку Теңиртоо түндүктөгү аймактар м-н биригип, Кыргыз-Казак микроконтинентин (эпигеосинклиналдык тоолор м-н ойдуңдарды) түзөт. Океандык абал Түш. Теңиртоонун аймагында сакталган (силур-астыңкы карбон). Жогорку палеозойдо Түш. Теңиртоодо да континенттик кыртыш түзүлөт. Алар орто кычкылдуу, кычкылдуу ж-а щелочтуу магма тоо тектеринен континенттик шарттарда пайда болгон. Түн. Памирде Тетис деңиз бассейнине тиешелүү мезозой-кайнозойдун тоотектери сакталып калган. Теңиртоонун мезозой-кайнозой мегакомплекси эки комплекстен турат. Мезозой-астынкы кайнозой платформалык комплекси негизинен юранын таш көмүрлүү катмарларынан, бор-ортоңку палеогендин чопо, акиташ тектеринен турат. Бор-палеогенде пайда болгон базальттар да учурайт.Үстүнкү кайнозой орогендик комплекси бүт бойдон олигоцен-голоцендеги ойдуңдарда жолугат. Континенттик тоотектер кызыл түстүү, арасында туздуу катмарлар жолугат. Жаш платформалык комплекс Талас – Фергана жаракасынан түш.-батышта жатат. Аларда мунайдын ж-а табыйгый газдын кендери пайда болгон. Талас–Фергана жаракасынын түн.-чыгыш капталында мунай, газдуу катмарлар белгисиз. Бул жерде жаш тоолор (оргендер) басымдуу болгон. Кайнозойдун аягында жаш тоолор Кыргызстандын бардык жеринен орун алат. Айрыкча антропоген мезгилинде тоолор өтө бийик көтөрүлгөн. Муну жогорку палеогенантропоген тоотектеринин ойдуңдардагы калыңдыгы (4–6 км) же ошого барабар келген тоолордун бийиктиги айгинелеп турат.

Геофизикалык маалыматтар б-ча Кыргызстандын түндүгүндө жер кыртышынын калыңдыгы 50 км, ал эми түштүгүндө 75 кмге жетет. Мезозой–алгачкы кайнозойго караганда антропогенде жер кыртышы 15–35 кмге калыңдап калгандай. Демек, ал Теңиртоо тынымсыз кыймылда экендигин далилдейт. Анткени түндүктөн Евразия, түштүктөн Индия-Австралия литосфералык плиталары бирибирине карай жылып тирешүүдө. Муну жогорку палеоген-антропогендеги (35 млн жылдагы) 4–6 кмге жеткен тик ылдый-өйдө жылышуудан көрөбүз. Ошол эле учурда, Теңиртоо орогенинин туурасы жылына орто эсеп м-н 20 мге кууштап баратат деген маалымат бар. Буга Талас–Фергана түз багыттагы жылышы да мисал боло алат. Ж е р т и т и р ө ө л ө р ( с е й с м д ү ү л ү к). Кыргызстанда жылына 1500гө чейин жер титирөө болот. Мындай жогорку сейсмдүүлүктү геодинамикалык процесстердин активдүүлүгү ж-а геол.-тектон. түзүлүштүн татаалдыгы шарттайт. Теңиртоо аймагында байыркы мезгилдерде болуп өткөн катуу жер титирөөлөрдү сейсмогравитациялык көрүнүштөрдөн (уроо, үзүлүү, жеркөчкү, бөгөт көлдөр) билүүгө болот. 1887-ж. Алматы ш-нын жанында өтө катуу жер титирөө болуп, ал Кыргызстандын аймагында да сезилген. 1885-жылкы Аксуу (9–10 балл) жер титирөөсүнөн Аксуу, Карабалта кыштактары кыйраган, Кыргыз Алатоосунун капталдарында уроолор, жер көчкүлөр, тоо этегинде уз. 20 кмге, эни 2 мге жеткен жарака пайда болгон. Бишкек, Сокулук, Чалдыбарда күчү 7– 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, начар үйлөр ураган. 1811-ж. Түн. Теңиртоодо сейсмдик зор катастрофа – күчү 10–11 баллга жеткен Кемин жер титирөөсү болгон. Чоң Кемин өрөөнүндөгү ж-а Ысыккөлдүн күнгөйүндөгү кыштактар дээрлик кыйрап, 1500дөн ашуун адам набыт болгон. Жер бетиндеги ири бузулуулар (жарака, жер көчкү, уроо) зонасынын уз. 250 кмге жеткен. 1938-ж. июнда очогунда (Чүй өрөөнүн чыгыш жак четиндеги Желарык бекетине жакын жер) 8 баллга жеткен жер титирөө болуп өткөн. 1946-ж. болгон 9–10 баллдык Чаткал жер титирөөсү кеңири аймакты кучагына алган. Ош, Жалалабат, Анжиян, Ташкен сыяктуу ш-дагы көптөгөн курулмалар, имараттар зыян тарткан. Титирөөнүн борб. зонасында (уз. 100 кмге чейин, туурасы 15–20 км) жайгашкан калктуу жайлар талкаланган, өрөөндөр м-н тоо этектеринде ири көчкүлөр, уроолор, жер кыртышында чоң жаракалар пайда болгон, Сарычелек көлүнүн бир бөлүгү көмүлүп калган. Чаткал жер титирөөсү көпкө басылбай кайталанып турган; башкы силкүүдөн кийинки бир ай ичинде 230дан ашуун титирөө болуп өткөн. Сарычелек аймагындагы көлдөр да мындан көп жылдар мурда болгон жер титирөөдөн жаралган. 1970-ж. Ысыккөл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө 8–9 баллдык Сарыкамыш жер титирөөсү болду. Очогунун өлчөмү ж-а бөлүп чыгарган энергиясы б-ча Тескей Алатоонун түн. капталындагы эң ири жер титирөө болуп саналат. Катуу титиреген зона бир нече айылды камтып, көптөгөн үйлөр кыйрап же жарым-жартылай бузулган. Тоодо уроолор, жер көчкүлөр көп болгон. 1978-ж. Ысыккөлдүн чыгышында Түп жер титирөөсү болуп, анын күчү очогунда 8–9 баллга жеткен. 1977-ж. Баткен р-нунун аймагында күчү 8–9 балл болгон жер титирөө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын көптөгөн райондорун да силкип өттү. Анын эң күчтүү титирөөсү Сох м-н Исфана сууларынын аралыгына туура келип, мындагы айыл-кыштактар (8ден ашык) абдан жабыр тарткан. 1992-ж. майда Кыргызстандын түштүгүндө Кочкората жер титирөөсү болуп, анын күчү 7–8 баллга жеткен. Эпицентр аймагынын уз. 40 км, туурасы 5–7 кмди түзгөн. Кочкората ш. ж-а ага жакын жайгашкан айылдар кыйроого учурап, жер көчкүлөр жүргөн. 1992-ж-дын августунда эң катуу титиреген зона Суусамыр кырка тоосунун түш. ж-а түн. капталдарын, Суусамыр, Арамза, Кетментөбө ж-а Талас өрөөндөрүн камтыган. Ал зонанын аймагындагы айыл-кыштактардын 60–80% кыйраган.

images2 Кыргызстан. Кен байлыктар

Бишкек– Ош автомобиль жолунун кыйла бөлүгү катуу бүлүнгөн. Адепки күчтүү силкинүүдөн кийинки 3 сутка ичинде 266га чейин майда титирөө байкалып, андан кийин жарым жыл бою билинер-билинбес титирөөлөр болуп турган. 1997-жылдын январында дагы бир сейсмдик алаамат Акталаа р-нун элдерин жабыркаткан. Кыргызстандын аймагы к е н б а й л ы к т а р г а бай. Алар негизинен күйүүчү заттар, металлдар, металл эместер ж-а жер астындагы суулар м-н дары баткактардын кендери болуп бөлүнөт. К ү й ү ү ч ү з а т т а р д а н көмүр, күйүүчү сланец, чымкөң, газ ж-а мунайдын кендери табылган. Көмүрдүн геол. запасы б-ча Кыргызстан Орто Азияда алдыңкы орунду ээлейт. Көмүр кендери негизинен мезозой заманынын башталышында пайда болуп, бардыгы 30дан ашуун кен табылган. Алардын көбү Өзгөн таш көмүр бассейни м-н Кабак күрөң көмүр бассейнинде ж-а Түштүк Ысыккөл көмүрлүү аймагында топтолгон. Алар таш көмүр ж-а күрөң көмүр болуп эки түргө бөлүнөт. Таш көмүрдүн запасы көбүрөөк. Азыркы учурда Түш. Кыргызстанда Сүлүктү, Кызылкыя, Абшыр, Алмалык, Көкжаңгак, Ташкөмүр (Нарын) ж. б., Түн. Кыргызстанда Каракече, Жыргалаң, Сөгөттү, Миңкуш кендеринде көмүр казып алынып, Кыргызстанды, о. эле Орто Азиянын айрым өлкөлөрүн көмүр м-н камсыз кылууда. Кыргызстандагы көмүрдүн геол. жалпы запасы 28 317 млн т. О. эле к. Түштүк Фергана көмүрлүү аймагы, Алай көмүрлүү аймагы, Өзгөн таш көмүр бассейни, Түндүк Фергана таш көмүр бассейни, Кабак күрөң көмүр бассейни, Алабуга-Чатыркөл көмүрлүү аймагы, Түштүк Ысыккөл көмүрлүү аймагы макалаларын. Мунай ж-а газ кендери респ-нын түштүгүндө жайгашып, Фергана мунай-газ аймагына кирет. Алар мезозой-кайнозойдун чөкмө-тектеринде топтолгон. Мындагы Майлысуу, Чыгыш Избаскен, Чаңгырташ, Каражыгач мунай кендери, Кызылалма, Сузак, Сарыкамыш, Сарыташ газ кендери пайдаланууга берилген. Ошондой эле Избаскен, Майлысуу III, Майлысуу IV, Түн. Риштан мунай-газ кендери бар. Күйүүчү сланецтердин запасы бир гана Өзгөн таш көмүр бассейниндеги Каргаша кенинде белгилүү. Анын жалпы запасы 65 млн т, бирок азырынча казылбайт. Чымкөң жаткан жерлер Кыргызстандын аймагынын 0,02%ин ээлейт. Алар негизинен Нарын, Чүй, Талас, Жыргалаң суулары ж-а алардын куймаларынын жайылмаларындагы саздарга туура келет. Кендери майда; запасы 5 млн м3ге жеткен чымкөң жаткан жер Чүй өрөөнүндө (Токмок кени), 3 млн м3ге чейинкиси Ысыккөл ойдуңунда (Коңурөлөң кени) жайгашкан.

М е т а л л д а р д а н Кыргызстанднын аймагында негизинен темир, жез, коргошун, цинк, молибден, боксит, висмут, сымап, сурьма, алтын ж-а калайдын кендери бар. Алардын ичинен полиметалл, сейрек металлдардын, о. эле сымап, сурьма, калай ж-а баалуу металлдардын кендери ө. ж-лык мааниге ээ. Нарын д-нын баш жагындагы Жетим кырка тоосунда темир кенинин эң чоң кору жайгашкан (Жетим темир кени). Жез рудалары респ-нын аймагында скарн, гидротерм ж-а стратиформ жолдору м-н пайда болгон миңдей майда кендерде кезигет. Алар аймактын дээрлик бардык жеринде учурайт. Айрыкча, Ортоңку Теңиртоонун Чаткал– Курама бүктөлүү аймагында (Боземчек ж. б.) ж-а Чаткал зонасына (Курутегерек, Суулутегерек ж. б.) топтолгон. Коргошун-цинк рудалары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде ж-а ар кандай тоо тектерде кезигет. Алар генезистик жактан гидротерм ж-а стратиформ болуп эки түргө бөлүнөт. Гидротерм тарам түрүндөгү коргошун-цинк кендери өзгөчө Түн. Кыргызстанда кеңири таралган (Коргон, Борду, Чолоктерек, Темирторбулак, Аккөл, Арсы ж. б.). Статиформ тобундагыларына Чаткал кырка тоосундагы Сумсар, Карүңкүр, Акбашат ж. б., Ысыккөлдүн чыгышындагы Экичат, Чааркудук, Каркыра ж. б. кендери кирет. Алар негизинен карбонат тоо тектеринде кездешет. Молибден-ванадий рудалары Теңиртоонун ортоңку ж-а түн. зоналарында таралган. Алар негизинен кембрий-ордовик мезгилдеринде пайда болгон көмүрлүү ж-а көмүрлүү-чопо-кремнийлүү сланецтердин катмарларында топтолгон. Бардыгы 200дөй майда кен белгилүү (Бүркүт, Сарыжаз ж. б.). Бокситтин майда кенчелери Түш. Ферганадан (Акшагыл, Катыраңбашы, Зарделек, Айдаркен, Чабай ж. б.), Майлысуу, Кызылкыя ж-а Ташкөмүр кендеринин аймагынан табылган. Висмут рудалары Кастек тоосунда, Талас Алатоосунда жез-висмут формациялар түрүндө кездешет (Миронов, Чырганак ж. б.). Сымап рудалары негизинен Түш. Кыргызстандын аймагында таралган. Алардын ичинен карбонат тоо тектеринде топтолгон гидротерм тобундагы кендер негизги ө. ж-лык мааниге ээ (Айдаркен, Чоңкой, Чабай ж. б.). Сурьма рудаларынын ө. ж-лык маанидеги кендери Түш. Кыргызстанда жайгашкан (Кадамжай, Терексай ж. б.). Алар негизинен карбондун сланец ж-а карбонат тектеринин кошулган жерлериндеги брекчия зоналарында кезигет. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө сурьма казып алуу б-ча негизги аймактардын бири. Анын кендеринен бөлүп алынган сурьма сапаты б-ча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Алтын кендери негизинен скарн ж-а гидротерм жолдору м-н пайда болуп, магма тоотектери м-н байланыштуу. Кыргызстандын аймагында алтын кендери байыркы мезгилден бери белгилүү болгон. Байыркы мезгилдеги казуу иштеринин издери Боземчек, Кичи Сандык, Курутегерек, Акташ, Кумбел, Куранжайлоо сыяктуу чулу кендерден ж-а Касан, Чаткал, Чандалаш, Кумбел, Нарын д-нын жээктериндеги чачынды кендерден байкалат. Кийинки иликтөөлөрдүн негизинде Кыргызстандын кен байлыктарынын ичинен алтын алдыңкы орунда экени айкын болду.

Ири кендери: Кумтөр, Макмал, Жерүй, Солтонсары, Талдыбулак, Куранжайлоо, Терек-Кан, Терек, Курутегерек ж. б. Күмүш респ-дагы дээрлик бардык алтын ж-а полиметалл кендеринин курамында кездешет. Күмүштүн накта кени–Күмүштак. Калай рудалары Кыргызстандын аймагында да кеңири тараган. Калайдын түрдүү генезистик типтеги (скарн, грейзен, гидротерм ж. б.) майда көптөгөн (100дөн ашуун) кени Кыргыз Алатоосунун батыш, Күнгөй Алатоонун ортоңку бөлүктөрүндө, Чаткал–Курама тоолорунда кездешет. Өнөр жайлык маанидеги кендер негизинен Сарыжаз ж-а Акшыйрак кырка тоолорунда бар (Ташкороо, Атжайлоо, Үчкошкон, Сарыбулак ж. б.). Респ-нын аймагында, о. эле марганец, хром, титан, ванадий, вольфрам, мышьяк, кобальт, тантал, ниобий, стронций, германий ж. б-дын майда кенчелери да белгилүү. Кыргызстанда уран кендери, эндогендик ж-а экзодиагендик болуп эки типке бөлүнөт. Эндогендик кендер өз ичинен–пегматиттер, нагыз уран кендери, уранторий кендери болуп 3 типке бөлүнөт. Пегматиттеги уран кендери негизинен Талас Алатоосунда, Жумгалтоодо, Үтүрөң массивинде кездешет. Нагыз уран кендерине Көкмойнок, Үтөртуюк, Капчыгай, уранторий кендерине–Котуртөбө кендери кирет. Урандын диагенездик кендерине көмүрлүү, карбонаттуу чөкмөлөрдөгү, терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрациялык, көмүртек-кремнийлүү сланецтердеги, аллювий чөкмөлөрүндөгү кендер кирет. Республикадагы уран кендеринин ичинен уран-көмүр тибиндегиси маанилүү (Тууракабак кендеринин тобу, Кажысайдагы Жел кени казылып алынган). Карбонат катмарындагы Майлысуу, Шакафтар ж. б. кендери да казылган. Терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрациялык уран кендерине Чүй облусундагы Серафимовка кенчелер тобу (Желдисуу, Норус, Сарыжыгач ж. б.) кирет. Кыргызстандын аймагы м е т а л л э м е с к е н д е р г е да өтө бай. Аларга кооздук таштар–акиташ теги, мрамор, гранит, сиенит, гипс ж-а табигый курулуш материалдар– чопо, кум, шагыл, о. эле туз, слюда, барит, тальк, күкүрттүү колчедан ж. б. кирет. Кыргнда таш туздун Кочкор (Чоңтуз), Желдисуу, Шамшыкал, Тунуктуз сыяктуу бир нече кени бар. Алардын баланстык запасы 6315,0 миң т. Слюданын (мусковиттин) 2 кенине– Карасуу–Каравшин ж-а Кыркбулак кендерине геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Бариттин 43 кени м-н кенчеси белгилүү. Алардын көбү барит-флюорит ж-а барит-кварц тарамдары түрүндө кезигет. Запасы б-ча ирилери: Молдотоодогу Табылгыты кени (запасы 394,2 миң т), Алай кырка тоосундагы Белөрүк кени (11,6 миң т). Күкүрттүү колчедан Талас Алатоосундагы Ачыкташта (баланстык запасы 4477 миң т), о. эле Фергана өрөөнүнүн түш. четиндеги палеогендин чөкмө тектеринен табылган. Чаңгырташ кенинин ө. ж-лык мааниси бар. Ал нукура күкүрттөн турат.

Кыргызстандын аймагынан, о. эле асбестин (Үкөк, Алабаш ж. б.), тальктын (Шамалтал, Талказы, Туктукырбулак ж. б.), графиттин (Кызылбулак, Топон, Тепши ж. б.) көптөгөн майда кенчелери табылган. Имараттарды ж. б. курулуштарды кооздоп каптоо үчүн кеңири колдонулуучу кооз таштар – акиташ теги, мрамор, доломит, үлүлдүү акиташ теги, гранит, сиенит ж. б. тоотектер Кыргызстандын бардык жеринде кезигет. Алардын ири кендери: Кыртабылгы гранит кени (запасы 4,7 млн м3), Акөлөң кени (1,4 млн м3), Сарыташ кени (17 млн м3), Кайыңды кени (9,0 млн м3), Арым кени (1,3 млн м3) ж. б. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында майда кооз буюмдарды, эстеликтерди даярдоого жарактуу өтө кооз таштардын (мрамор оникси, озокерит, флюорит, тоо хрусталы, исланд шпаты, амазонит, яшма, роговик, родонит, нефрит, лиственнит, агальматолит, глиеж ж. б.) көптөгөн кендери белгилүү. Чопо м-н кум топурактын геол. чалгындалган 30дан ашуун кени бар. Алардын баланстагы жалпы запасы 104 млн м3 ден ашат. Эң ирилери Орок, Ленинполь, Покровка, Мырзаке, Ош, Нарын, Кызылкыя, Жалалабат ж. б. кендери. Кыргызстандын аймагында кеңири таралган кум-шагылдын 20дан ашуун кенинде геол. чалгындоо жүргүзүлүп, жалпы запасы (117,2 млн м3) аныкталган. Ири кендери: Балыкчы, Ысыката, Бешташ, Кожояр, Актерек ж. б. Респ-да, о. эле кумдун 10дон ашуун кени бар. Алардын ичинде Ивановка кум кенинен жылына 209 миң м3 кум казып алынат. Керамзит ж-а аглопорит сырьёлору катары колдонулуучу чополуу сланецтин 2, кум-топурактын 3 кени казылып, керамзит м-н аглопорит өндүрүшүндө пайдаланылууда. Алардын жалпы запасы 15 млн м3. Жылуулук өткөрбөөчү материал катары ж-а минералдык таш буласын алууда керектелүүчү базальттын респ-дагы жалпы запасы 5,5 млн м3 (Суулутерек ж. б.). Гипстин баланстык жалпы запасы 7 млн м3 болгон 6 кенинде (Бактерек, Жыргалаң, Ордошах, Ноокат ж. б.) геол. ч алгындоо жүргүзүлгөн. Цемент сырьёсунун (акиташ теги, чопо) жалпы запасы 260 млн. т болгон 4 кени казып алынууда. Аксай, Агалаташ, Күрмөнтү, Исфайрам кендеринин запасы мол. Цемент сырьёсу Кант, Кубасай, Күрмөнтү цемент з-ддорунда пайдаланылат. Имараттарды акилөөчү акиташ алынган акиташ тегинин ири кендери (Ленинполь, Карагайлыбулак, Чаңгырташ ж. б.) казылып, ө. ж-да пайдаланылууда. Кыргызстан жер астындагы тузсуз таза сууга бай. Ал чарбада кеңири пайдаланууда. Ошондой эле дээрлик бардык типтеги минералдуу суулардын түрлөрү бар, дары баткак чыккан жерлер да көп. Кыргызстан аймагында 50дөн ашуун минералдуу жылуу ж-а ысык суу чыккан жер белгилүү.

Алардын арасында иод-бромдуу (Избаскен, Кочкората ж. б.), радондуу (Жетөгүз, Керегеташ ж. б.), аз минералдашкан кремнийлүү (Ысыката, Аксуу ж. б.) жылуу суулар да бар. Респ-дагы жылуу суулардын табигый ресурсу 200 л/сек. Андагы 10 жылуу суу булактарынын базасында курорттор м-н бальнеологиялык дарылоо мекемелери (Ысыката, Жалалабат, Жетөгүз, Аксуу, Жыргалаң ж. б.) иштейт. Респнын аймагында көмүркычкыл суу чыккан 25тен ашык булак белгилүү. Алар негизинен Фергана тоо тизмеги м-н Борб. Теңиртоодо. Суу ресурсунун дебити 100 л/секга жетет. Суусун катары ичилүүчү Аксуу, Чатыркөл, Бешбелчир-Арашан суулары, дарыланууга ж-а суусунга керектелүүчү Карашоро, Жалалабат суулары геол. жактан чалгындалып, кеңири пайдаланылууда. Сульфиддүү суулар респ-нын түштүгүндө, негизинен мунай-газ кендерине жакын жерден чыгат (10дон ашуун булагы бар). Дары баткактар негизинен Ысыккөл аймагында (Карой, Жыргалаң ж. б.), Чүй өрөөнүндө (Камышановка ж. б.), о. эле Фергана өрөөнүндө (Жалалабат ж. б.) бар. Алардын жалпы запасы 5 млн м3 ден ашуун. Респ-нын бальнеол. мекемелеринде кеңири пайдаланылат. К. С. Сагындыков

Кыргызстан. Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары, bizdin . kg

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.