Сарыбагыш кыргызы 1830—31-жылдарда Ормонду ак кийизге салып, хан көтөргөндө казактан, бугу, солто, саяк, Таластан киши чакырганда башкадан келип, Нарын боюнда Куртка коргондо турган кокондуктун бегинен киши келбеген. Ормонду хан көтөрүп, эл тарап кеткен соң анын аскер башчыларынан саналган саяк кыргызынан Кетирекейдин уулу Алыбек баш болуп аскер алып барып, Курткадагы кокондуктун аскери менен согушуп, бир нече күндөн соң жеңип, далай сарбозун өлтүрүп, көп мылтык, кылыч алып кайткан. Ал мылтык, кылычты таратпастан Ормон аскерине арнап койгон. Мындан соң кокондуктар саяк кыргызына кастарын тигип, душмандашып калган. Саяк кыргызынан улам уругу Каралакөз деген баатыр бала жигит Атбашыдагы чериктен, жаки Нарындагы тынымсейиттен болорго керек. Жылкы уурдап алмак үчүн барып колго түшүп калганда аны алып келип, Куртканын бегине берген. Өзбектен Каралакөздү эртең шашкеде дарга тартып өлтүрөбүз деп жатканда Каралакөз түн боюнча киришип, колундагы кайыш күндөнү тиши менен кыйып таштап, таң атарда керегедеги чот керкини алып, бутундагы кишенди чабууга ыңгайланып, кокусунан киши ойгонуп калабы деп турганда дарбазаны ачып кирип, өзбектин молдосу эртеңки намазга азан айткан. «Алдооакпар» деп эки айтканда эки чаап, бутундагы кишенди түшүргөн. Үчүнчү «алдооакпар» дегенде чот керкини ала эшикке түйүлүп чыккан. Байлоодо турган эки аргымакты чечип, бирине минип, бирин коштоп алганда молдо «Ассаладу кайрым» дегенде Каралакөз атаңдын башы, эми эки аргымактан айрылдың деп дарбаздан чыккан. Молдо азандын аягына шашканынан чыга албастан жоо кетти деп кыйкырганда Каралакөз чот керкинин сабы менен аргымакты санга бир салып качып жөнөгөн. Нарындын суусунан кече Атбашынын тоосун бет алып, алкым менен жөнөгөн. Артынан 40—50 сарбоз кууган. Атбашынын тоосуна жакындаганда сарбоздор жетип: «Качпа, дос бололу, азамат экенсиң, сенин бир кашык каныңды бектен сурап алалы, макул десең сарбоз кылалы, болбосоң ыраазылык менен аттап-тондоп кайтаралы», — дегенде, Каралакөз атынан ыргып түшүп, чот керкисин таянып, кубалаган сарбоздорго уламулам ташты кулатакулата бийикке чыгып кеткенде эки аргымагын алып сарбоздор кайта кеткен. Каралакөз өзүн кармап берген айылга барып, койчудан тамак ичип, ушул түнү айылдын бир топ жылкысын тийип алып, элине кеткен.
- Жоомарт жана адил
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СҮЙГӨН ЖАРГА
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙ МЕНЕН АДЫБАЙ
- Ырым кылып алуу
- Ж. Боконбаев – Лермонтовдон
- Бычакка түшүү
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. НАСЫЯТ
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
- Үстөк-өйдөлөтүп алуунун дагы биртүрү
- АСМАН, ЖЫЛДЫЗ, КҮН
- Аяз атадан кат
- Сура Аз-Зумар
- КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. ЖАНЫЛ МЫРЗА (поэма)
- Жылан менен кишинин арбашы
- Манастын Таласка көчүп келип конгону
- Көрмөксөн болуу
- МИДИН АЛЫБАЕВ. НАСИРДИН БАЙТЕМИРОВГО
- Рахманкул хан
- Акыл кайдан жаралат?
- Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
- Толгонайдын монологу
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫК
- КЫРГЫЗИЯДА КАРЛУКТАР
- Адабияты манас таптүштөө ирээти
- Ормон заманындагы кыргыз
- Кузаматчылык
- Таш каптыруу
- КҮН
- Терөпейилдик
- ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ. АПА (поэма)
- Кыргыз эл оюндары. Кош аяктап жүгүрүү, өрдөк баш, таш үстүндө басуу
- Туштугун көрсүн
- АЙ, СУУ
- Сабактарды жана бөлүмдөрдү пландаштыруу
- Энисей кыргыздары
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АЙЫЛДЫК КЕЛИНДЕР
- Коргоого алынган коруктар жана айбанаттар
- Кокон хандыгы менен кыргыз арасы
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. БҮРКҮТТҮН КАНАТЫ
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ӨЗҮ КААР, ТИЛИ ЗААР КЫЗ
- Нан тиштетүү
- Мухаммед пайгамбар
- Тукум курут кылуу
- Солтобай ырчы
- Нутрия
- Данек (жомок)
- «Коногум өз үйүңдү ойлой отур»
- Азык уруусу
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ПИЛ
- Cулуу тоолор
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. СОҢКУ СӨЗ
- Сура Аль-Маун
- Скифтер (Скифы)
- Ж. Бөкөнбаев – Курбум
- Сура Аль-Джасийа
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ
- ЭҢ ЭСКИ КЫРГЫЗ
- Гиппократ
- МАХМУД КАШГАРИ «ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫНАН»
- Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. КИМИСИ БАЛБАН?
- Сура Аль-Муззаммиль
- Чүй суусу
- Сура Аз-Зарийат
- Пулатчы
- «Атауул» дейбиз
- Үй ээси ким?
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
- Абдилда Дөөлөт уулу
Кыргыз