АРСЛАНБАП
Дүйнөнүн бир да жеринде жок, кайталангыс жаңгак токою ушул жерде жайгашкан. Түркстанда жашаган Кул Кожо Акматтын (Ахмет Жассави) устаты Арслан Бап ата ушул жерде жашаган деген кеп бар.
Ак карлуу тоонун астындагы тоолор, түздөр, ажайып муздак тунук суулар бүт токойдун ичинде. Токойдо жаңгактан башка алма, кайналы, ит мурун, асамуса, ыргай, алча, карагат, шилби, долоно жана башкалар бар. Жалалабат шаарынан 60 километр, деңиз деңгээлинен 1400-2000 метр бийиктикте. Жайы аябай салкын. Эң ысык ай июлдун орточо температурасы 20 градус. Жаанчачын көп болот.
Арсланбапта эки шаркыратма бар, алар эң эле кооз, чоңунун бийиктиги 200 метрдей жерден суу түшөт. Эс алуу жайы курулган. Жолу начарыраак, бирок ондолууда.
Жаңгак эң баалуу жемиш гана эмес, анын жыгачынан мебель жасашат, жаңгак уюлу да кымбат бааланат. Токой арасындагы бал челекчилердин балы тим эле адамды ушунчалык тамшандырат, чиркин!
Тарыхый жерлер, күмбөздөр бар. Жери тоолуу, түзөңдүү, топурагында чиринди көп болгондуктан жери семиз. Жапайы жаныбарлар көп. Картошка мыкты болот.
(М.А.)
Кыргыз