Байыркы түрк жазма эстеликтери

Байыркы түрк жазма эстеликтери – 7–12-к. түрк уруулары жана элдери колдонгон жазма. Ташка, кагазга руна, уйгур, брахма, согда, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда, араб тамгасы менен  түрк тилинде жазылган чыгармалардын кеңири түрү. Негизинен байыркы түрк эстелигин руна сымал жазма түзөт. Кыргыз жана түрк калктарынын тарыхын изилдөөдө мааниси зор. Байыркы түрк жазма эстеликтери пайда болгон мезгил 7–8-к. деп эсептелип, жогорку чеги 11–12-кылымдарга чейин созулат. Жазуу эстеликтеринин тили – байыркы түрк тили. Б.т.к.ж. эрте орто к- да Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6–7-кылымда Борб. Азиянын түрк тилиндеги калктары, түрк кагандарына баш ийген калктар, төмөнку Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк калктары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач руна жазуулары бири-бири менен байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка жана ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Руна жазмасы түрк тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү  тамганын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган. ошондой эле тик жазылган учурлары да кездешет. Руна жазуулары гот же скандинавия руна жазуулары менен салыштырылган. Руна жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Руна жазууларынын келип чыгышы ж- дө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй ойлор өкүм сүрөт: 1) кель-гот урууларына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жазуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү; 5)  угро-фин аска бетине жазылган тамгалардын  үлгүсү; 6)  грек, түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) ирандык тамгаларга окшоштугу бар; грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) Биздин заманга чейин 8–5-кылымдагы Казакстандагы Эсик көрүстөнүндөгү  «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш идиш түбүндөгү жазуу байыркы түрк руна жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде руна жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган. Руна жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү  тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Дж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуу-су пайдаланылган. Байыркы руна алфавитин 7–9-кылымда Орто Азиянын көптөгөн мамлекетери пайдаланган. 10-кылымда руна жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк- чыгышында 10–11-кылымдарга чейин пайдаланган. С.Г.Кляшторный байыркы руна жазмасынын колдонгонуна, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8–11-кылымда Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); 7–8-кылымдагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8–10-кылымдагы Курыкан уруу союзунун жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8–9-кылымдагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгачтагы жазуу); 9–10-кылымдагы Кимак мамл-нин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографиялык тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8–11-кылымда Енисей боюнда жаралган руна жазуулары Таластагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазууларынын мүнө-зүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.

  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЭНЕКЕМ
  • Алгоритм жөнүндө түшүнүк
  • Сура Ат-Такасур
  • Касым Тыныстанов
  • Коомдук-саясий уюмдар
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КҮН
  • Кыргыз эл оюндары тууралуу кыскача маалымат
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
  • Сура Аль-Хиджр
  • Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы 2-бөлүк
  • Ош шаарынын 3000 жылдык салтанаты
  • Евклиддин геометриясы
  • Дос жана тааныш
  • Ата журт
  • Экөө тең туура
  • УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
  • «Акыл коошот, билим жугушат»
  • Каратегин
  • Турмуш. Турмушту терең таанып жазалы
  • Кошойдун келип манаска кошулганы
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Капса
  • Өсүмдүк жана айлана-чөйрө
  • Сура Аль-Маида
  • Мидин кандай эле?
  • Сибирь кыргыздары
  • Байлантма жиндидей
  • Эмгексиз жемиш жок
  • НИЯЗААЛЫ МОЛДО ЭСЕНГУЛ УУЛУ
  • Бүркүт, туйгун, куш, шумкар, ылачын, күлүк ат жана тайган таптоо
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БОЛОР ЖИГИТ
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. ТИЛЕК
  • Эне. Эне – үй-бүлө куту
  • КОКОН ХАНДЫГЫ МЕНЕН КЫРГЫЗ АРАСЫ
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КАРЫЛЫК
  • Байдылда Сарногоев. Бук болуп жазган арманым
  • Иттин богу дары болсо, дарыянын башына чыгат
  • Акдөбө шаар чалдыбары
  • Тагай бий
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЗООПАРКТАГЫ ОКУЯ
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. МЕН КҮЛКҮЧҮ БУЛАКМЫН
  • Бүбүсара Бейшеналиева
  • «Ак ийилип, сынбайт»
  • Талаа жылдызы
  • Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт
  • Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар
  • Насип кайып, нике кайып
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • Ысак Шайбек уулу
  • КҮРДҮ ЫРЫ
  • Уулдан уят, кыздан кылык кеткенде
  • Кыргыз макалдары Б-2
  • Кыргыз эл макалдары. Д тамгасы. 250 макал
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР
  • Сыйкырдуу сака
  • Тердетмей
  • Багыш. Мендирман (8)
  • «Жеңенин бир саны кайнисиники».
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. БИР ШИЛТЕМДЕР
  • Терөпейилдик
  • Толубай сынчы
  • МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. ЗИЛЗАЛА
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
  • Туз кемгонсүп
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ДАСТОРКОНДО
  • Тургунбай Садыковдун чыгармачылыгы жөнүндө.
  • Кыргыз аңгемелери. Түйшүк
  • Руман (Казал)
  • Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай
  • Кыргыз рухунун бир уюткусу – Теодор Герцен
  • Орхон-Эне-Сай жазуулары

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.