АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ ТИЛЕГИ–ТЫНЧТЫК

Азыркыдай курал кайдан мол болсун а дегиче тыйпыл кылчу дүйнөнү. Азап күн ай, адам кандай жолдосуң?

Атом оту даяр дешет күйгөнү.

Согушчандар, кара нээттер, мерестер, кайра, кайра куралды ойлоп чыгарат. Жашоого өч кыргын гана керектей

жерди ууга, коркунучка сугарат.

Кансыз согуш терең жайып тамырын каргашалуу колун кезеп дүйнөгө токтотом дейм өнүгүштүн агымын,

эркиндикти тыккысы бар түрмөгө.

Ушул шартта күкүк өңдүү үндөгөн гүл бакчада ким олтурат жайма–жай? “Эл тилеги–тынчтык” деген күү менен

Кара Молдо кайрат бердиң кайрадан.

Ах, чиркин ай! Өмүр барктуу куракта таттуулугун, кайрылбасын ырдадың Ушул жыргал май көл, сүт көл убактын

улуу деми көөдөнүңө сыйбады.

Тыңшаганды терең ойго салсаң да турмуш күчүн туйган аздыр,бууданым! Тынчтык күүсүн кана чертип калсаң да,

тирүүлүккө канбай кеткен кумарың.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.