Умай эненин колу
Жер шарында жашаган калктардын көпчүлүгүндө энелерди жана жаш балдарды коргогон, дайыма руханий жактан колдоого алып турган аял кудайлары, пайгамбарлары, легендарлуу ыйык энелери болгон. Маселен, египеттиктер де «Исида», вавилондуктарда «Иштар», финикиялыктарда «Астарда», байыркы Индиянын жергиликтүү калктарында «Ай» ыйык энелердин ролун аткарган. Ал эми Борбордук Азияда, Түштүк Сибирде жана СаянАлтай аймактарында жашаган байыркы түрк калктарында бул сыяктуу касиеттүү эне «Умай» (Умай эне) деп аталган. Эгерде биз этнографиялык материалдарга көз чаптыр сак, анда «Умай эне» жөнүндөгү түшүнүктөр жана аны ме нен байланыштуу аткарылган ырымжырымдар байыркы кыргыздардын үйбүлө турмушунда кенен орун алгандыгын көрөбүз. Маселен, жаңы төрөлгөн баланын куймулчагындагы ту баса көк такты кыргыздар «Умай энеси уруп кетиптир» де шип кубанышып, жакшылыкка жорушкан.
Жаш баласы нын бетин эртең менен жууп жатканда айрым энелердин: «Мурунку убакта балдар түнүчүндө уктап жатканда Умай энеси келип жууп койчу эле», деген сөздөрүнөн касиеттүү эненин балдар жөнүндөгү камкордугун байкоого болот. Умай эненин жардамына, айрыкча, боюнда бар аялдар, төрөт мезгилинде, балдарды оорудан жана башка ар кандай кырсыктардан сактап калуу үчүн өткөргөн ырымжырым дарында кайрылышкан. Балдарды бир жакка жөнөткөндө энелери: «Умай энеңе тапшырдым», деп сөзүн аяктаган.
Умай эне жөнүндөгү түшүнүктүн өзүнчө тарыхы бар. Эт нографиялык материалдарга караганда Умай эне жөнүндөгү уламыштар, ырымжырымдар жана ал жөнүндөгү термин дер биздин замандын алгачкы этаптарында эле түрк тилин де сүйлөгөн Батыш Сибирь калктарында орун алгандыгын көрөбүз. VI VIII кылымдарга таандык болгон байыркы түрк руни калык жазууларынан да Умай эненин ысмы аталгандыгын көрүүгө болот. Маселен, таш жазуусунан мындай сүйлөмдү жолуктурабыз: «Түрк эли жок болбосун деп Каган атамды, Умай энемди Теңир колдоду, Теңир өзүмдү хандыкка отургузду».
Кыргыз