Киши болор жигиттин Киши менен иши бар. Өзү менен барабар Өзөк болор киши бар. Көлөкө жерге күн тийсе,
Көрө албайт экен ич тар.
Адам болгон жигиттин Ак бетинде нуру бар. Ар кимдерге ашкере Айтылбаган сыры бар. Алп мүчөгө жарашкан Ак туйгундай сыны бар. Андайларды айтууга
Акындардын ыры бар.
Жакшы болор жигиттин Жүрөгүндө мүлкү бар. Ырыс толуп үйүнө Тамаша менен күлкү бар. Азгырсам деп мындайды
Аңдып жүргөн түлкү бар.
Сөзгө алынар жигиттин Сарайында сынчы1 бар. Сарасап менен сүйлөгөн Сөздөрүндө курчу бар. Душманына калганда Калемпир менен мурчу бар. Сыпаттап айтып өтүшкө
Бизге окшогон ырчы бар.
Көзгө илинер эр жигит Кедей да болсо малдуудай. Чырмаган дартка карабай Чабал да болсо алдуудай. Чындык сөзүн бетке айтат,
Чангенттен аккан шар суудай.
Шагдам болор жигиттин Шаага бербес эрки бар. Алыстан келген душманга Арыстандай көркү бар. Күйүп турган жалындап,
Жүрөгүндө өртү бар.
Эли сүйгөн жигиттин Эндүү болот маңдайы. Чаласы жок ишинин, Чечен болот таңдайы. Ушундайды көрө албайт,
Деги, ушакчынын кандайы?
Жигиттин иши эл менен, Элдин иши жер менен. Эл аралап, жер басып Эриккенде бир келем. Эр жигиттен сөз баштап Эрмек болуп мен берем. Эси бар жигит жол тапсын
Эки ооз ушул термеден.
- Шаршендин токтогул менен учурашуусу
- Чалгын
- Күү
- Бешик ыры
- СУУ
- Кай убакта кой кысыр калат?
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
- Манас китеп
- Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай
- Сура Ат-Тахрим
- Узун агач согушу
- Бегалиев Муратбек Акимович
- Этностор
- Кыргыздын музыкалык аспаптары
- Бүбү -Ханым мечити
- АКБАР РЫСКУЛОВ. МҮНҮШКӨР
- ТОГОЛОК МОЛДО. ДЫЙКАНДЫН АЯЛЫНЫН КОШОГУ
- «Акыл коошот, билим жугушат»
- Кыргыздар Cибирь тарыхында
- Бакма бала
- ТОО СУУСУ
- Токонаалат келтирүү
- Катын албай, кайын ал
- Колу туткак
- Шашма
- Кыйтыйып туруу
- «Атанын малы балага опо болбойт»
- «Эмгектүү кулда чарчоо жок»
- Ээнбаштык
- Кайын журт
- Каяша айтуу
- Топурагын түйүп берүү
- Агыш
- Мекеним – Кыргызстан
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. КАРАГАЙЧЫ КЕМПИР
- Туулган жерим
- Мүйүз уста
- А дүйнө кетсем, кайыр кош!
- Манас. Айкөлдүк
- Нурдөөлөттүн керези
- Этнос — коом эмес
- Тукум курут кылуу
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- КАРАЧА БАЙДЫ ЖОЛБОРС АЛГАНДА (Токтогул менен Жеңижок)
- Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
- Бир АЛЛА
- Сараң
- Бүбүсара Бейшеналиева
- Аштан калуу, аттан калуу
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАХАБАТ (поэма)
- Сура Ас-Саффат
- Ар намыстын бийиктиги
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ ТИЛЕГИ–ТЫНЧТЫК
- Бака терек (уламыш)
- АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ТИРҮҮЛҮК
- АЙ, КҮН, КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ
- Акындардын Аксыдагы айтышы
- Ак Мөөр
- Бишкек – Кыргызстандын борбору
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
- Куран – Мусулмандардын ыйык китеби
- Өзү алдамчы адам башкаларга ишенбейт
- Кыргыз тоолору. Кыргызстан
- Эне көргөн тон бычат, ата коргон ок жонот
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. САМАП КАЛДЫК
- Коля кайда?
- Башын аттап кетүү
- Орто Азия ХII кылымга чейин
- «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
Кыргыз