Маджму-ат-таварих – Тарыхтар жыйнагы – 1495-жылы фарсы тилинде жазылган чыгарма. Автору – Сайф ад-Дин Аксикенди (Сайпидин Аксылык) өзү бүтпөй калып, аны уулу Орозбай (Ноорузбай) улантып жазып бүтүргөн. Сайпидин Аксылык эмгегинде кыргыздарды оң жана сол деп бөлүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Солусбек Булгачыны кошот. Ал эми солго Куу уул кирет. Бул эмгекте 12-кылымда, б. а. 1127- жылы кыргыздардын оң жана сол канатка бөлүнгөнү, алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Аналхак Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Оң канатка (отуз уулга) адигине, муңгуш, карабагыш, тагай, сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир жана башка уруулар кирген (санжыра боюнча кара чорого багыш, суумурун, келдике, баарын уруулары кошулат). Тагайдын чоң бөлүмдөрү – наймандан жедигер, кылжырдан бугу, богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналган. Адигинеге болсо анын өзү гана кирген (санжыра боюнча адигинеге жору, бөрү, баргы, сарттар жана башка уруулар кошулат). Солусбек Булгачыга бостон, тейит, жоокесек, дөөлөс, кыдырша, канды уруулары кирген (санжыра боюнча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман жана башка уруулар кошулат). Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра боюнча ага жетиген, дөбөт уруулары кошулат). Ак уул, Куу уул жана башка шайык Сейит Мир Жалилдин мезгилинде (15-кылым) жашап, аны менен байланышып турган тарыхый инсан катары көрсөтүлүп, алардын кимден таралганы саналат. Чыгармада негиздүү тарыхый окуялар да чагылдырылган. Мисалы, кидандардын (кара кытайлардын) Орто Азияга, Кыргызстанга жасаган чабуулу жана аларга каршы жергиликтүү элдин күрөшү. Чыгармада «Манас» эпосуна тиешелүү окуялар да орун алган. Автор Манасты тарыхый инсан катары карайт. Маджму-ат-таварих Манас жөнүндө берилген эң биринчи жазуу түрүндөгү 15-кылымга таандык маалымат. Бул эмгек кыргыз тилине которулган.
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
- «Манас» жана кыргыз искусствосу
- Калмак-кыргыздар
- Сура Худ
- Оодарыш
- «Байдын уулу айраның, айраның болбосо чыгаар эле ойронуң»
- Кол ийрисине тартат
- Абдулкадыр Инан
- Адамдарды бири-бирине тааныштыруу
- ЭСТЕЛИК
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
- Жаздана жатуу
- САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ
- САГЫНБАЙДЫН УУЛУ
- Өсүмдүк жана айлана-чөйрө
- Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү
- Көк жору
- Кыргызстандын гимни
- Муштум түйүү
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. АКЫНГА
- «Сааганым Сарыбагыштын бэзси, таңда келет ээси»
- ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК (Жомок)
- Улуу манасчы Саякбай карала уулуна алкыш
- Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт
- Ысык көлдөгү бугу, саяк кыргызынын оруска караганы
- МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. ЭСТЕЛИК СҮЙЛӨЙТ
- Бугу уруусу
- КАЛЫГУЛДУН НАСЫЯТ, САНАТ ЫРЛАРЫ
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. УНУТ ДЕДИН
- Томаяк
- МИДИН АЛЫБАЕВ. КОШОМАТЧЫ
- Жеңижок менен Наркүлбүбүнүн (Рыскүл) айтышы
- Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр
- Математикалык папирустар
- Ата-энеге кол көтөрүүсү
- ТАЛ (уламыш)
- Кезектеги жыйналыш
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ
- ЖАЛГЫЗ ТАЛ
- Иттин богу дары болсо, дарыянын башына чыгат
- Чочутуу
- Кекчил
- Сура Ан-Наджм
- Алганга бар, бергенге жок
- Нүзүп бий
- Рефлексия торчосунун ролу жана максаты
- Мухаммед пайгамбар
- Жандыктын жилигин бөлүп тартуу
- Чеберчиликтин баркы
- Өлүм арзан, жашоо кымбат
- МИДИН АЛЫБАЕВ. БЮРОКРАТ
- Эшек жана анын үч ээси
- Багыш. Мендирман (2)
- «Жер тамырынан эл тамыры көп»
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЭР ЖИГИТКЕ СЫН
- Советтер союзунун баатырлары
- УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
- Кымбат баалуу жумурткалар
- АСМАН, ЖЕР
- Кыргыздардын каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ
- Сура Аль-Балад
- Айкөл Манас. 6-китеп
- Жаңылануу
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЙТ, АЙТ ДЕСЕ
- Сура Аль-Аср
- Туурамчылдан тууганым болгуча, бекөөлдөн белом болсун
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ДАРДАҢБАЙ
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. КҮҮНҮ ТЫНШАП
- УЛАМЫШКА АЙЛАНГАН АКЫЛМАН ЧЕЧЕНДЕР АСАН КАЙГЫ
- Гапар Айтиев
Кыргыз