Арстанбек

Даанышман Калыгул өлбөстөн он беш жыл мурун арка кыргызынан, бугу уругунан, тынымсейит тукумунан Алжан, Буйлаш деп арка кыргызынын арасына атагы чыккан байлар, манаптар. Буйлаштын кичи (токол) катынынан 1824-жылы Эки Нарындын ортосунда Арстанбек туулган. Кыргыз феодал жана байларынын эзелден келе аткан адети боюнча «токолдон туулгай төшке атар, боору такыр кул» деп Арстанбекти улуу алтындын балдары жана анын кошуналары барк кылбастан, байлардын балдарындай кийим кийгизбестен кул катарында козу, кой кайтартып койгон. Ошол жагынан эле Арстанбек «кара жаак, жаактууга жай бербеген» какшанган бала болуп, козу айдап, кой баш, отун алып, суу куюп жүрсө да өзүн кошуп ырдап, комуз черте баштаган. Атасы Буйлаш мунусун айкап, ырчы-комузчу болгонун билип, «ырдаганынды алтыр» деп нечен мерте уруп-соксо да Арстанбек канып барып талаада мал багып жүргөндө ырдап, комузун чертип жүргөн жана да Калыгулдун айткан сөздөрүн жатка алып, аны арбытып-узартып жиберген. 1855-жылы Арстанбектин атасы Буйлашты Кокон хандыгына караган кыргыз ханы Алымбек кыйыктап, аркадан ичке алдырып кеткен. Он беш жашар бала Арстанбек атасынын артынан куба барып Алымбек атка баштык кыргыздарына жана Кокон бектерине ырдап, комузга кошуп алардын дөөлөтүн-сөөлөтүн аяндаганда ал жактагы ырчылардан, комузчулардан Арстанбек артыкча көрүнгөн соң Алымбек датка баштык кыргыз фёодалдары жана Кокон бектери Арстанбөкти абыдан урматтап, үстүндөгү жаман киймиң калтырып, жакшы кийим берип, жакшы ат жабдык берген ж. б. бул берип, кадырлап узаткан. «Эгерде Арстаң. бек болбосо, каның төгүлөт эле» деп, Буйлашты бошоткон, Жана да «муну кичи катынымдын баласы деп кордобостон жакшылап тарбияла» деп тапшырышкан. Арстанбек үйүнө келгенден баштап эле кара жумуШ. тан калып, ыр менен комуздун артынан түшүп кеткен. Көбүнчө бугу, сарбагыштын урушу ошол кезекте көп болгондуктан Арстанбектин акундугу ашкере маалим болуп, эл арасында кадыры арта баштаган. Арстанбектин ыры бугу, сарбагыш бузугу тууралуу жазылып бүткөн ушул тарыхта бугу, сарбагыш урушунун . темасында айтылган. Арстанбектин ырдаган ырлары көп болуп, билингени Бердикожо, Бешказак, Чоро, Кожожаш, Көкөтөйдүн ашы, Төштүк болгон; комузга өтө уста болгон жана барлыгы 200 чамалуу ыр болуп жана казактын атактуу ырчылары менен айтышып жеңилбеген.

1856-жылдан баштап бугу кыргызы оруска карап, орустун улуктары алардын жардамы менен кыргыздын феодалдары эл-журттун канын соруп, бечараны эзе баштаганда 1870-жылдарда «Тар заман» деп ыр чыгарган. Бул ыры элге абдан жаккандыктан кыргыздын феодалдары Арстанбекти үйүнө чакыртып алып ырдатып жүргөн. Бирок байдын баласы болгондуктан намыс көрүп, аш-тойдо ырдабаган. Арстанбек окуш билбеген түркөй болгон. Обозу ал замандагы кыргыз ырчыларынан артык болгон. Арстанбек акын 1882 жылында Ысык Көлдүн башында Чычкан деген жерде өлүп, Жуукунун күн чыгыш жагы Таш Кыя бейитине коюлган. «Арстанбектин тар заманы» деп кийинки ырчылар ырдаса да нак өзүн ырдабастан жаки калтырып, жаки сөз киргизгени бар. Арстанбек Буйлаш уулу — анын атасы Жоро, анан Шапак, анан Үркүнчү, анан Акбагыш, андан Токтогул, анан Тынымсейит анан Мырзакул, анан Орозбак, анын атасы Кылжыр, анын атасы Тагай — оң кыргызы. Арстанбек узунбойлуу чокчо кара сакал, жаагында сакалы жок, кара мурут, ничке шырыктай карасур, узун бойлуу болуп, 42 жашында өлгөн. Арстанбектин балдары азыр да Нарын району Он Арча элинде.

  • Ат үстүндө саламдашуусу
  • Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
  • Панфилов Иван Васильевич
  • Айкөл Манас. 4-китеп
  • Сура Ас-Саффат
  • АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЕТИГЕН
  • «Эрди кудай ураарда, элүүсүндө жаш болот»
  • Танып кетүү
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАРЫХЫ (1895-1934-жылдар арасы)
  • Мурунун чүйрүү
  • Кыргыз кандыгы
  • Дос жана тааныш
  • ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ
  • Этнос калдыктары
  • Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү
  • «Моңолдор журттун уюткусу»
  • Той ээсинин сыйы
  • Кыргыз элинин улуу мурасы
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
  • Сыйкырдуу сака
  • Кыргыз макалдары – Т
  • КАРАЧА БАЙДЫ ЖОЛБОРС АЛГАНДА (Токтогул менен Жеңижок)
  • Аксакалдар бийлиги
  • Ондатр
  • Сура Аль-Каусар
  • Койчунун кызы кой келээрде иш кылат
  • Панфилов дивизиясы
  • Эненин колдору
  • Бал челекчинин баштап түшкөнү
  • Кызыл китеп фактылары
  • Алсыздын балдагы
  • КИНОДОГУ ӨМҮР
  • А. Орозбеков
  • Кыргыз эл оюндары. Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй, ташты бийиктикке ыргытуу, ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу.
  • ОМОР СУЛТАНОВ. АЛТАЙ… АЛТАЙ…
  • Байдылда Сарногоев. Бугубайдын белеги
  • Кыргыз макалдары – Т
  • Кыргыздын музыкалык аспаптары
  • Абанын булганышы
  • Томаяк
  • Кыргыз макалдары – Ы
  • Кан таламай
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт
  • Батыш Түрк каганаты
  • Таарынчак
  • Сура Аль-Джумуа
  • Жандыктын жилигин бөлүп тартуу
  • Тышка чыксам, койчулар кементай жабышат, үйгө келсем кадырым жок
  • Битке өчөшүп, көйнегүңдү отко салба
  • Кыргыз ырлары
  • Карыз акча
  • Витаминдин жетишсиздиги
  • Токтогул Сатылганов
  • САРЫЧЕЛЕК
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
  • Саргара жортсоң, кызыра бөртөсүң
  • Сулуулар деген канча бар
  • Күкүк менен зейнеп (жомок)
  • Колхоз жөнүндө
  • Кыргыз эл макалдары А-1
  • Беттен алуу
  • Чамгарактап турган кези
  • Нигилизм
  • Күлчоронун туткундалышы
  • Раимжанов Мамат. Армандуу тескей
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КЕДЕЙКАН
  • Мал үйрөтүү
  • Бака терек (уламыш)
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КӨЙРӨҢ
  • Коргоол

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.