Адамдүк

Адамдүк — мифологиялык кейипкер. «Манаста» А. дөөнүн образы жамандыктын символу катарында берилет. Анын жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун «Дөө-пери жомогу» деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын аларга бөлүп бергендиги баяндалат. А. тиричилик каражаттарын өндүрбөйт. Түрдүү өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жан-жаныбарлар менен азыктанат. Ошондой эле үңкүрлөрдө жашап, киши этин жейт. Акыл жөндөмү чектелген А. өзгөчө чоң көлөмгө, чексиз кара күчкө ээ. А-түн аң уулап барган адамдарды кармап алып, үңкүргө камап, шишкебек кылып жеши жөө жомоктук мотивдерге жатат. А-түн тоонун ээси болуудан башка байыркы адамдардын чектелген түшүнүгү менен шартталган дагы бир өзгөчө сапат белгиси бар, ал — оорунун, өлүм-житимдин ээси, духу. Бул белги анын киши этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепчи болгондугунан айкын көрүнөт. Ушул белгиси аркылуу А. адамга, болгондо да бардык адамдарга жат тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катарында мүнөздөлөт. «Дөө-пери жомогунда» баяндалган А. мына ушундай типтин элеси. Анын мифтик образы түрк-моңгол элдеринин фольклорунда кеңири кездешет.

  • «Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы»
  • САНТАШ (уламыш)
  • Мухаммед пайгамбар
  • Чекилик кетирүү
  • АТА ЖУРТ
  • Ээнбаштык
  • Эненин сүйүүсү
  • АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Манас. Арууке апа керээзи
  • АКЫЛ КАРАЧАЧ
  • Күйөө карыса, жээн болот
  • Босогону бойлобо
  • Кыргыз макалдары(Б)
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. МУРАС
  • Чай ичип кеткиле
  • Жакупбек
  • «Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат»
  • АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт
  • МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. “ЗАР ЗАМАН”
  • Коло доорундагы кенчтер
  • Кокон хандыгы казакты эзгендиги
  • Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт
  • Кайраштыруу
  • Көк бөрү улагынын этин татуу
  • Эси жокко эрегишпе
  • КАР
  • Сараң
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. БҮБҮСАРА
  • Аяз атадан кат
  • Кыргыз гезиттери – Кыргызча гезиттер
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. КАРЫШКЫР МЕНЕН ТУРНА (Крыловдон улам)
  • Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу
  • КӨЛ, СУУ, АСМАН
  • Беш жолдош
  • Таш каптыруу
  • Кулдар барбы?
  • Наабат
  • Кайда барба, Мамайдын көрү
  • Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу, Жоолук таштамай, Жүгүрүшүү
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
  • В.В.Бартольд жана кыргыздар жөнүндө маалымат
  • Абдыкадыров Жалил
  • Сура Аль-Хашр
  • Сура Курейш
  • «Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо корүнүү»
  • Үзөнгү боолуктоо
  • Өмүр кай убакта кыскарат?
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
  • Ишенимдүү атмосфераны түзүү
  • Багыш. Мендирман (7)
  • Василий Владимирович Бартольд
  • Кылыгы чыгуу
  • Кыргыз эл оюндары. Дөңгө секирип чыгуу, Жардан секирип түшүү, Коён секириш
  • Кыргыз макалдары – Д
  • Дос айрылат, сөөк кайрылат
  • Жедигер
  • Курманжан датка
  • Ат оонаган жерде түк калат
  • Байдылда Сарногоев. Араккечтин аялынын кошогу
  • Эч кимге айтпа
  • Этнология
  • Эне. Эне – үй-бүлө куту
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
  • Туризм академиясы
  • Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр
  • Арыз
  • Кыргыз макалдары – Ы
  • ДАРЫЯ, СУУ (3)

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.