Кезектеги жыйналыш

Кезектеги жыйналыш
Бул байкоо жүргүзүлгөн сабак насаатчы жана студент-практикант тарабынан талдана турган этап. Эгер студент-практикантка насаатчы менен талкууга чейин өз алдынча өзүнүн сабагын талдоого мүмкүндүк берилсе пайдалуу болот. Мындай мүмкүндүк өзүнүн окутуу процессинин үстүнөн ойлонуу жоопкерчилигин өзүнө алууга жана талдоо тармагына басым жасоого жардам берет. Студент-практикант үчүн жана кийинки өзүн-өзү талдоосу үчүн маалыматтардын булагы катары кызмат кыла турган, кайра-кайра окуп жана үйрөнө турган ой жүгүртүүлөрүн чагылдыра турган рефлекстик журнал ачуу абдан маанилүү. Алгачкы этаптарда мындай жолугушуу студент-практикантка айрым бир сүрөмөлөөчү суроолорду талап кылат. Насаатчы натыйжаларды талкуулоо боюнча жалпы пландар, классты башкаруу, окутуу жана үйрөнүү процесси сыяктуу кийинки жыйналыштын кадамдарын иштеп чыгууга жана кезектеги боло турган стратегияларды бөлүп көрсөтүүгө тийиш. Студент-практикант сабакка тийиштүү ой жүгүртүп баштайт, ал эми насаатчы студент-практикантка өзүн тынчсыздандырган сезимдерин жана абалын бөлүшүүгө мүмкүндүк бере турган, өзүн эркин жана ачык сезе ала турган, жагымдуу атмосфера түзүп берүүсү керек. Студент-практикант өзүнүн пикирин айтып жаткан учурда насаатчынын күнөлөөсү жана сындаганы анын өзүнө болгон ишенимин жоготушу мүмкүн. Ошондуктан студент-практикантка көбүрөөк дем берип, мактап, тактоо жана чечмелөөгө тиешелүү суроолорду сылык манерада берүүгө болот. Насаатчы ийгиликтүү аспектилерден тартып, кийин жакшыртуу талап кылына турган аспектилерге чейин акырындап жылып өзүнүн пикирин бере алат. Аталган стадияда насаатчы жана студент-практикант пландаштыруу жана байкоо жүргүзүү боюнча кийинки кадамдарын аныктай алышат.

Булак: USAID. Cтуденттик педагогикалык практика боюнча насаатчыга колдонмо

  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КОШ, АПАКЕ (Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)
  • ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
  • Түлкү кумар ойнотуу
  • Күн жана аба ваннасы
  • Таш бараңга алуу
  • Курманжан датка
  • «Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
  • Мазарга сыйынуу
  • Кыргыз эл оюндары. Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй, ташты бийиктикке ыргытуу, ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу.
  • Кыз-жигит
  • Кыргыздын Россияга караганы
  • Итине жугунду арттырбаган
  • Музоосунда сүздүрүп
  • АТА-ЭНЕНИ УРМАТТОО ТУРАЛУУ
  • ОМОР СУЛТАНОВ. КОШ, ЫСЫК-КӨЛ
  • Солтобай ырчы
  • Камчысынан
  • Мурдунан кооп
  • ЖЕНИЖОК МЕНЕН ЭСЕНАМАНДЫН АЙТЫШЫ
  • Математикалык статистика
  • Үч ууру
  • ЖАШ МАНАС БААТЫРДЫН АЛТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРГА КАЙРЫЛГАНЫ
  • Гапар Айтиев
  • Достук
  • Адилдин орустан өлгөнү
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. МЕКЕНИМ
  • Автандил Арабаев. Ырдагым келет, ырдагым
  • Макмут
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. СҮЙГӨН КЕСИБИМ
  • Көк жору
  • Усун мамлекети
  • Мухаммед пайгамбар
  • Мал адалдоо
  • Солто уруусу
  • АККАН СУУ
  • Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы
  • Зарыпбектин убагында бугу, сарбагыш арасы
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АККАН СУУ
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЖАКШЫ КЫЗ
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. БАТА
  • Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр
  • Музооке
  • Итче чакырып уруу
  • Сура Аль-Джасийа
  • Марков чынжыры
  • Төбө чачы тик туруусу
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. КҮНДҮН КӨЗҮ
  • СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ. ЖАҢЫ КҮН
  • «Ак ийилип, сынбайт»
  • ЖЕЗ ТАҢДАЙ
  • Байдылда Сарногоев. «Импорт» оорусу
  • Ажы
  • Кыргыздар фото
  • Той ээсинин сыйы
  • Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери
  • ДАРЫЯ, СУУ (3)
  • Эски малдын көзүндөй
  • Мүнөздөмө
  • Кремация
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВГЕ
  • Бөрү баласы ит болбойт
  • Эсепчи. (Баамдоочу)
  • Сура Аль-Анам
  • Сура Аз-Зумар
  • «Эшигин керүп, төрүнө өт, энесин көрүп, кызын ал»
  • Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү
  • КАНЫБЕК ЖУНУШОВ. ТАШ БАКА
  • «Боз койдон жоош, ак койдон аңкоо корүнүү»
  • ИНИМЕ КАТ
  • Карагул ботом

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.