Класс ичиндеги адеп

Мектептин босогосун жаңы аттаган оку-учулар. абалы озүнүн жоро-жолдоштору менен учурашат. Бири-бирине кол беришет. 1 -сабакка даярдык көрө баштайт. Дептер-китептерин парта үстүнө алып коет. Эшиктен мугалим кирет. Алар жапырт бир мезгилде турушат: «Эсенсизби, саламатсызбы, агай, эжей!», же «Атсалоом алейкум, агай».

Албетте, абалы окуучулар учурашабы? Же мугалим учурашабы? Аны бир пикирге келтирүү педагогиканын милдети болуп саналат. Мисалы: «Эсен-амансы-ңарбы, окуучулар», «Саламатсыңарбы, окуучулар, же балдар, кыз-дар» – десе, анда окуучулар «Саламатпыз, агай, эжей!» – деши да ыктымал. Мындайда окуучулардын мугалимге жапырт туруп ың-гайы, агайы-эжейи менен учурашуусу деп билебиз. Окуучуларды «Отургула!» – деп айтышы – мугалимдин учурашуусуна барабар. Класста окуучулар түз, адептүү олтурат. Эки жакты карабайт. Бирөөлөр менен күбүр-шыбыр, алагды болбойт. Баардык эс-дарт мугалимге, ошол сабакка бурулат. Биринин окуусуна бири тентек кылып, тоскоол кылбайт. Эркек балдар кыз балдарды сыйлайт. Алардын сабак жана тартип-тазалык боюнча өтүнүчтөрүн, жардам-дарын колдоого алып турат.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.