Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? Агайынды жаман деп,
Тууганды кайдан табасың?
Тууганына батпаган, Душманына жалынат. Болбос жаман арамза Болумсуз ишке малынат. Кийинкисин ойлобой, Кишинин көөнү калынат. Жакынына жакпаган,
Жат кишини жамынат.
Канды кудай ураарда. Калкына жаман кас болот. Байды кудай ураарда, Дөөлөтүнө мас болот, Кышты кудай ураарда, Күн жылымдап, жаз болот. Эрди кудай ураарда —
Элүүндө жаш болот.
Берекесиз байлардан Бейил менен кун кетээр. Жумуш кылсаң, мудаа кыл, Иштей көрбө илдекер. Кара санап бирди алсаң, Колуңуздан миң кетер. Чечилишип сырдашсаң, Көкүрөктөн муң кетээр. Баарың болсоң бир ооздуу,
Душман кантип былк этээр.
Ак бараңдын кундагын Аталбасаң, сунбагын, Эрмин десең, душмандан Эки көзүң жумбагын. Өтүп кеткен иш үчүн
Өкүнүп балаң урбагын.
Көпкөн жигит көп сүйлөйт, Чечен жигит эп сүйлөйт, Билбестерге жыйында Бир сүйлөөгө кеп тийбейт. Жөн жүрбөгөн жигиттер
Көрүнгөндөн тепки жейт.
Ким көрүнгөн кекенип; “Ушунуку өтү”,–дейт, Көз карашың бузулса,
Көргөн адам «көптү» дейт.
Жинди менен жолошпо,
Суу куйбагын толбоско.
Кыргыз