Чыгыш тарыхын, өзгөчө Орто Азия жана Борбордук Азиядагы элдердин (алардын ичинде түрк элдеринин) орто кылымдагы тарыхын изилдеген көрүнүктүү илимпоз, академик В.В.Бартольд 1869-жылы 15-ноябрда Петербург шаарында туулган.
1890-жылы Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүрүп, ошол жерден илимий жана окутуучулук кызматта иштейт. 1890-жылы жарыялана элек чыгыш кол жазмаларынын үстүндө көп иштеп, эки бөлүктөн турган «Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан»деген эмгеги (1898-1900) үчүн ага чыгыш тарыхынын доктору деген наам берилген.
В.В.Бартольд Орто Азияга бир нече жолу илимий экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ойдуңу жана Борбордук Тянь-Шандагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Анын орошон талантынын таң калаарлык эрудициясына Орто Азиянын тарыхы боюнча 400 дөн ашык көлөмдүү илимий эмгек жана ар кыл макалалар жаралган.
Окумуштуунун «Түркстан тарыхы», «Жети-Суу тарыхынын очерки», «Түркстандын маданий тарыхы», «Мусулмандар дүйнөсү», «Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгектерине «Ислам энциклопедиясында» жарыяланган макалаларынан Кыргызстандын тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтарды алууга болот. Анын «Кыргыздар» деген монографиясы кыргыз АССРинин өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жазылып, 1927-жылы жарык көргөн. Анда жазма эстеликтердин негизинде кыргыз элинин саясий тарыхын кыскача мүнөздөгөн. Эмгек эки бөлүктөн турат. Биринчисинде Енисей кыргыздарынын эзелтеден кыргыз деген этноним пайда болгондон тартып (201-жылдан 13-к.га чейинки ), экинчисинде – Тянь-Шань кыргыздарынын 16- 19-кылымдардын 60-жылдарына (Түндүк кыргыздардын Россиянын курамына кошулганы) чейинки тарыхы баяндалган. Ал кыргыздар же Кыргызстан жөнүндөгү байыркы жана орто кылымдагы орус, о.э. чет өлкөлүк тарыхый адабияттарга даректерди, илимпоздун мурдагы өз эмгектериндеги маалыматтарды пайдаланып, кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки тарыхы боюнча тунгуч бир бүтүн эмгек жараткан. Кыргыз элинин ар түрдүү тарыхый этаптагы социалдык тагдырына, рухий маданияты менен каада-салтына олуттуу көңүл буруп, тарых үчүн баалуу изилдөөлөрдү, эмгектерди жазып калтырды.
- ТУШОО ТОЙ
- Шодокондун бүркүтүндөй жутунуп
- «Саманчынын жолу» повестинен Майсалбектин каты
- Булбул менен торгой (жомок)
- Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)
- Өрүшү семиз
- ЖУСУП БАЛАСАГЫН. ДЫЙКАНДАРГА КАРАТА МАМИЛЕ
- «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
- Айкөл Манас. 4-китеп
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАНЧА БАШТУУ АЖЫДААР?
- Канчоронун кан болушу
- АСКАДА КАЛГАН КОЖОЖАШТЫН ЗУЛАЙКАГА АЙТКАН КЕРЭЭЗИ
- Манапбайдын басырык
- Чынгыз хан заманындагы кыргыз
- Мээр чөп (уламыш)
- Орто Азия ХII кылымга чейин
- Ат куйругун майлоо
- Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы
- Калмак-кыргыздар
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. КОНДИЦИОНЕР
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. ДАЯРБЕК
- «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
- Сура Аль-Хакка
- «Сыйлашууга жат жакшы, ыйлашуугаоз жакшы»
- Тукумду жакшыртуу
- Туура жол эмес
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КОШТОШУУ
- Абий
- Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт
- Өзүмдөн өзүм арданам
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО
- Арыз
- Мышык менен чычкандар
- Жарлык
- ЭСТЕЛИК
- Байдылда Сарногоев. Курортто
- Күз сулуу
- Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. САПИЙА
- ДАРЫЯ, СУУ
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
- Жыгаччылык өнөр жайы
- Акбаранын көз жашы
- Кыпчактар
- Тамактануу
- Тарыхый булактарга ишенүүгө болобу?
- Баш чайкоо, баш ийкешүү
- СУЛАЙМАН ТООСУ
- Алганга бар, бергенге жок
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ШАМАЛ
- Чоң багыш
- Багыш. Мендирман (2)
- Боз үй
- Куш куйрук
- Кыргыз жеринде кара кытайлар
- Оозунан кара ит кирип
- Ырым кылып алуу
- Таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. “НАСЫЙКАТ”
- Чалакайымдык
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
- Үйүңдө үшкүрүк, айылыңда ышкырык болбосун
- КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. МАНАС КҮМБӨЗҮ
- АЙ
- Автандил Арабаев. Ырдагым келет, ырдагым
- Журтту тазалап кетүү
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. БУУДАЙЫК
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
- Ж. Бөкөнбаев – Курбум
- А. Орозбеков
Кыргыз