Кыргыз эл макалдары

Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы. Адам өлмөйүнчө ырыскы түгөнбөйт. Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат. Адам өчке кудай өч. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат. Адам сүйлөшкөнче, айбан кашынышканча. Адам тилинен табат.

Адам тирүүлүгү —бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.

Адам — эли менен, өрдөк — келү менен. Адам эмгек менен адам. Адам эмгеги менен даңктуу. Адат — адат эмес, жен — адат. Адептүү алкыш алат, адепсиз каргыш алат. Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр. Адептүү жигит азаптан алые болот. Адептүүлүк — адамдын көркү. Адилет сөз ачуу. Адилеттүү мыйзамың болсо — көңүл ток, ансыз эр-киндйк жок. Адырда малы болбосо, бетегелүү бел карып. Ажаан ит таяктан коркот. Ажал айтып келбейт. Ажалдууга себеп жок. Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт. Ажалдуу карга торго түшөт. Ажалдуу кийик адырга качат. Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу чочко анда оттойт. Азаматтын азгапы — көчкөндө жөө басканы. Азаматтып азганын өзү билбейт, жат билет. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат. Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбос. Азапка чыдасаң жашоону үйрөнөсүң. Азаптуу кишиге айла жок. Азапты кайдан деп билип болобу. Азапты —тарткан билет, жүктү — арткан билет. Аз ашка жасоол болбо. Азбаймын деген жигитти, карацгы түн азгырат. Аз болсун, аз да болсо саз болсун. Азга алкыш айтпаган көпкө көңүлү тойбойт. Азганды кууп, тозгонго жолукпа. Азга — опаа, кепке — жапаа. Аз да болсо, саз болсун. Аз кайгыны аш басат, кеп кайгыны дос басат. Азоого — тушоо, күлүкке — чалма. Азоону чалма жоошутат, акмакты токмок токтотот. Аз сез — саз сөз, кеп сөз — чеп сөз. Аз сүйлө, кеп тыңда. Азсыздангандын шыбагасын ити жулуп кетет. Аз уктаган акылга бай болот. Азуулууга бар заман, бечарага зар заман. Азуулуулар алышса, бечаралар бүлунет. Азуулууну киши күчү менен эмес, эби менен алат. Ай талаадан аткан ок ажалдууга тиет. Айтар атка бир санат, учар кушка бир канат. Айткаи — айыптуу, айтпаган — кубаттуу. Айткан акылдуу болсо, уккан уйкудан безет. Айт да болор, айттын эртеси да болор. «Айт» десе алдыңа түшкөн, «ойт» десе эбиңе көнөт. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын кезү жаман. Айткан сөз— алышкан кол. Айт күнү катын алба, жамгыр күнү ат чаппа. Айтмайынча ким билет, ачмайынча ким көрөт. Айтып качкан жаман, атып жазган жаман. Айтып коюп кылбаганы — кесирленгени, берип коюп кайра алганы’—эсиргени. Айыл байыса — жер байыйт. Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк. Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк. Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө чогулат. Айыл ити ала болсо да, карышкыр тийгенде биригет. Айыл итинин куйругу чагарак. Айыл конбой сырдаш болбойт, коно жаткан кепке тойбойт. Айыл конгун чеченге, кебин туюп чечерге. Айылчынын аягы ашта —тойдо тыйылат. Айылчынын баласы «опаа» деп ыйлайт, уйкучунун баласы «жатаа» деп ыйлайт, соргоктун баласы «мама» деп ыйлайт. Айылы аралаштын кою короолош. Айылы бүтүн аман жүрөт. Айылы жакын иттин куйругу узун. Айың кеп айылды иритет. Айы оңунан тууганга ажайып кубаныч жолугат. Айыпты айдаган билер, кунду кууган билер. Айыпсыз аякка тикенек кирбейт. Айыпсыз киши болбойт. Акак көркү—берметте, азамат көркү— эмгекте. Ак бараңдын кундагын ата албасан, сунбагын. Ак бар үйдө береке бар. Аке деген көңүлгө жакшы. Акеңерди сыйлаганьщар үкеңөрден ызаат керөсүңөр. Ак ийик десе жалт берген, ак талкан десе тап берген. Ак ийилет, кара сынат. Ак ийилип, сынбайт. Ак ит, кара ит — баары бир ит. Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат. Ак кажырга кузгун көөлүчү болсо, сагызган сайга той жасайт. Акка кыл сынбайт. Аккан арыктан суу агат. Аккан сууда арам жок. Ак көңүлдөн арамдык чыкпайт. Ак көңүлдүн аты арыбайт. (Ак көңүлдүн аты арык-чаал). Ак кеңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жары-байт. Акмакка да акыл азуу чыгат. Акмак өзүн эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт. Акмак тойго барса, үйүмдөн да жакшы экен дейт. Акмакты сыйласаң, абийириңди төгет. Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат. Ак ниет болсоң — жетерсиң муратка, арамдык кыл¬сан — каларсың уятка. Ак ниеттин жүргөнү күлкү, арамзанын жүргөнү тул¬ку, таянганы мүлкү. Аксактын аягына, оорунун тамырына кара. Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катыи -артык. Ак сооттун жакасы бар, жени жок, чын жакшынып ачуусу бар, кеги жок. Ак сөз жолго чыгат, кара сез баткакка жыгат. Ак сөз — акыл сөз.

Актын иши он, болот, каранып иши кор болот. Ак төөнүн карды жарылып жаткан убакыт.

  • Шакен
  • Тилемчилик
  • АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Сызга отургузуу
  • КЫЗДЫ БЕШИККЕ БӨЛӨГӨНДӨ АЙТЫЛУУЧУ ЫРЫМ ЫР
  • Жедигер
  • Катын албай, кайын ал
  • Сура Аль-Фатиха
  • Алдей, алдей ак бөбөк эй
  • Шылдыңкөйлүк
  • Аштан калуу, аттан калуу
  • Сура Аль-Инсан
  • Эстеликтерге ишенүүгө болобу?
  • Сыйкырдуу торт.
  • «Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру»
  • Этногеография
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. НАСЫЯТ
  • Кыргыз
  • АКЫЛ КАРАЧАЧ
  • Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
  • БАЛАЛУУ ҮЙ – БАЗАР
  • «Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
  • Иш кагаздар. Терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү
  • ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
  • Эл ичи – элек
  • Кыргыз Ата адамдарды сыноодо эске алуучу сапаттар
  • Майкана көрбөй бала оңолбойт
  • САГЫНБАЙДЫН УУЛУ
  • Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү
  • Сура Аль-Кахф
  • Эпос Манас. Манастын бала чагы
  • Театр. Театрга берилгендик
  • «Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт»
  • Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу
  • ТОГОЛОК МОЛДО. АЛА-ТОО
  • Алжып калуу
  • Айрым ата-энелердин терс тарбия-таалими
  • Чыгыш Түрк кагандыгы
  • Беттен алуу
  • ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
  • Чочутуу
  • Тузак үзгөн неме
  • Мурунун чүйрүү
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
  • Бегалиев Муратбек Акимович
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ
  • БУЛУТ
  • Арстанбек
  • Ата журт
  • Кыргыз эл оюндары. Азаптуу кап, арыктан секирип өтүү, жамбыга секирип жетүү
  • Абдулкадыр Инан
  • Чычкылуу
  • Революциячыл комитеттер
  • Шах Фазил күмбөзү
  • ОМОР СУЛТАНОВ. БОКС
  • Эмне үчүн Ысык-көл көгүлтүр
  • Сан жөнүндө түшүнүк
  • Сура Та Ха
  • Жаман кошуна
  • Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.
  • Чыганаак катын
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
  • Японияда саясий ойдун өнүгүшү
  • Муруну бапта кеспөө
  • ЖЫЛДЫЗ, АЙ
  • Бирин-бири уруп ойноосу
  • Тукум куучулук
  • Этнология
  • ЖААН, ЧЫЧЫРКАНАК, ТАБЫЛГЫ, КАРАГАЙ
  • Бүбү Мариям Муса кызынын күндөлгүнөн

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.