Адамдын жан азыгы болгон жандуу, элестүү көркөм сөздүн, адамды ойго салган, адамга акыл кошкон оозеки адабияттын ыр, кошок, жомок, макал, лакап, уламыш түрлөрү менен тааныша баштаганымда эле «Манас», «Семетей» жомоктору мага сыйкырдуу таасирин берди. Себеби, улуу сөздөрдү баалап, салмактап, анын төркүнүнө зор маани берип, кеп салган улуулар эл оозунда айтылчу көркөм сөз мурастарынын ичинен «Манас» жомогун кеп саларда, аны бийик баалап, ага сыйынышып, аны айтычулар да, угуучулар да жан-дили менен берилип олтурушчу. Арийне, дасыккан манасчылар айыл башына дайым кыдырып келип турушка жетишчү эмес.
Манасчыны чакыргандар, күткөндөр көп болгондуктан алар бардык самагандарга жетише бербей элди зарыктырышчу. Бирок «Манасты» көп угуп, аны сүйүп калгандар негизги жомокторун уламыштап өзөктөтуп, белгилүү окуяларды чордондотуп жөө-жомоктоп сүйлөчүлөр көп болушчу да, эл чогулган жерде ошолор манасчынын ордун басышчу. Улуу жомоктун не тигил, не бул үзүндүсүн билген экинчи бирөө анын айтканын толуктап, айтор коллективдүү түрдө бирде ыр, бирде кара сөз менен айтыла берип: алп Манастын, акылман Бакайдын, баатыр Чубактын, Сыргактын, Семетейдин, Күлчоронун элестери акырындык менен көз алдыга тартыла беричү. Ал тургай эл ичинде болуп өткөн мурунку Акылбек, Назар, Дыйкамбай, Суранчы, Байдылда, Чойке сыяктуу манасчысеметейчилердин элеси көз алдыга келичү. Себеби, «Манас» же «Семетейди» жомоктоп айтып олтурган адам жеке эле жомокту айтпастан аны аткарган манасчыны не семетейчини кошо мүнөздөп, анын кебете-кешпирин, кыялын, жоругун, обонун, өзүнүн салмагын, ырчылык (акындык, манасчылык) күчүн кошо салмактап, кошо мактап олтурчу.
Балким ошондон уламдыр, Манас, Семетей, баштаган алптардын элеси биздин көз алдыбызга эбегейсиз зор, адамдын алы жеткис күчтүү, журт баккан адилеттүү болуп элестесе, алардын баатырдык мүнөздөрүн, эрдиктерин, жоого каршы аттангандыгы жортуулдарын көз алдыга келтире ушул элге жеткизген манасчылар башкача акылдуу, кеменгер, таасын ырчы (акын) катарында аларды биз өтө касиеттүү адамдар деп билчүбүз. Себеби, «Паландай чоң манасчы келип бабабыздын жомогун айтаарда баарыбыз даарат алып олтурдук, шек келтирбей арбактарына сыйынып олтурдук» деген сөздөрдү чоңдор дайым айтышчу. Биз балдар «Манасты» аны айткан манасчыларды касиеттүү деп түшүнчүбүз. Ал тургай балдар ойноп жүрүшүп өз ара алда немени талашып мелдеше кеткенибизде: 118 «Манас акенин арбагы урсун де. Ак бараңдын огу урсун де, анан ишенем!» деп бакылдашар элек.
Куурай терип, эчки багып жүрсөк да, отун алганы тоого баратсак да балдар өз ара «баатырдык ойнун» баштап, бирибиз Семетей, бирибиз Күлчоро болуп… ал эми «Мен Манасмын» деп айтууга эч кимибиз даялчу эмесбиз. Андан балдар коркушчу. …Жыйырма төртүнчү жылдын жазы болуш керек эле. Апийимдин отоосу кызык жүрүп жаткан кез. Биз чоң-кичинебиз болуп алты-жети кишибиз. Суунун боюндакы узун тилке айдалган апийим аянтын отоп жатабыз. Бир-бирден солду ээлеп жарыша ишти кызытыш үчүн бирибиз жаак жанып ырдап, бирибиз күпүлдөп «Манас» айтып кечке тынбайбыз. Мен ал кезде ырдан да жомокко өтө кызыкчумун. Өзүм «Семетейчи», өзүм Семетей болуп күпүлдөп тигил отоо чөптөрдү менин «чоюнбашыман» кырылып жаткан Коңурбайдын колу деп эпилдете чанжинин жанын тындырбай отоо чөптөрдү «кырып-жоюп» бир маалда ордумдан тура калдым. Дал ошол замат бизден жүз саржандай окчунураак те апийим аянтынын аягынан зор- зор үч-төрт атчанчубаша жарышып өтө беришти. Экрандан көрүнгөн элестердей көздөн кайым болушту.
Мен адегенде сестее түштүм. Анан ишенимде: — Тигине, Семетейлер чаап өтүштү! — дедим. Отоочулар ишенеришенбестен селдее калышты да, анан мага бири:—Дөөдүрөбөчү, бала,— деди. Бирок Содонбак деген агабыз чын пейли менен бизди ишендирди: — Жарыктык алптардын арбагы тирүү. Көп кеп салып, аларды көп эстегенде көзгө көрүнө берет бабаларыбыз… Өтө берилүүнүн, аша кызыгуунун натийжасында болгон бул көрүнүш жеке менде эмес, дал ошол мендей жаштардын далайында боло келген иш. Далайлар Манасты не Семетейди түшүндө көрүшкөнүн айтышчу. Ал тургай кандайдыр бир адам алыс жолдо жолоочулап келатып элсиз төрдөгү жалгыз ак ордого келип кымыз ичкени, ал жолоочу аттана берип артына караса, ал ак ордонун ордунда жок болуп калганы, көрсө ал ордодо олтурган ак сакал адам Бакай, жолоочуга кымыз сунган көзөл зайып Айчүрөк экен деп айтылчу… Неси болсо да элибиз сүйгөн ушул улуу жомокту атактуу чоң манасчынын оозунан уксам деп көксөп калгам. 1927-жылдын март айы болуу керек. Мен Караколдо (Пржевальск) окуп жүргөн кезим. Манасчы келди деген соң мен сабак бышыктоонун коюп, коңшунукуна бардым. Аял-эркек эшиктен төргө жык толушуптур. Боз шинелди желбегей жамынып, төрдө олтурган арыкчырай, кызыл тоголок адам жаңы эле айта баштаганбы? Үнү улам ачыла, улам ыргага, улам көтөрүлө берип, өзү да улам кызып, күпүлдөп чубурган алп сөздөрдү мөндүрдөй сабатып жибергенде тымып олтурган кишилер козголушуп: — Э, бале! — деп сүрөй калышат. Мен иреге жактан орун алгам. Ушуга дейре мындай жетик айткан манасчыдан укпагандыгымбы, не «Тай-Торунун» чабышын чоң манасчынын оозунан биринчи угуп жаткандыгымдан болдубу? Билбейм.
Айтор тигил боз шинелчен кызыл тоголок адам эчен албан көркөм, элестүү жомок сөздөрүнүн сыйкырдуу күчү менен мени бат эле арбап алды. Ал улам кызып, улам күпүлдөгөн сайын, тек кандайдыр бир жомоктогудай жер-суунун көркү көз алдыма тартылып, зор алп кебетеленген кишилердин элестери көрүнүп, үндөрү эшитилип, укмуштай чоң-чоң аттардын туягынан чыккан дүбүрттөр келип… биз олтурган үй толо кишилер баарыбыз бүтүндөй ошо алп дүйнөгө аралаша бердик. Мага баарьшан башкача касиеттүү сезилген зор элес — ал энебиз Каныкейдин элеси болду. Манасчы Каныкейдин элесин сүрөттөй баштаганда эле менин көз алдыма өз энем Айымкан келе түштү да, анан ал бат эле зор тартып, бат эле тайманбас алп тартып, өз ырайын өзгөрүп, жомокто сүрөттөлгөн элестей сүрдүү, күчтүү, кайраттуу болуп кетти. «Энем аман кайткай эле, энем аттан жыгылбагай эле, энемдин байгеге кошкон Тайторусу чыккай эле» деген тилек менин сезимимди чымырата берди. Көзүмө жаш келе түшүп кызып олтурдум. Бир кезде үйдөгүлөрдүн көбү жашып олтурушканы байкалды. Улгайган зайып аста шыпшына: — Жарыктык энебиз ай!—десе, көөдөндөн ысык илеби ургандай болот.
Улгайган эркек алга бой созо:
—Ой, акылман асыл энебиз ай!—десе, үнү да, сакалы да дирилдейт. А тигил кызыл баркыт бешмантчасынын көкүрөгү күмүш тыйын, күмүш топчу, седепке жыш толгон төрт-беш жашар кыз-бала тамылжып, жуулган карагаттай көздөрүн бакырайта, телмире манасчыдан албай не корккону, чочуганы, не анын айткандарын боолгой түшүнгөнү байкалбай көз ирмебейт. Балалык жумшак демин чыгарып аста улутунат. Айтор чымын учпай калган үй ичине алп жомоктун сыйкырдуу сыры, касиети жыш толгондой кишилер бирде тымып тынч, бирде жээкке урулган толкундай күжүлдөй- бажылдай манасчыны сүрөй калышат… Айтор мезгилдин өткөнү сезилген жок. Ошол түн, ошол түндөгү ортого коюлган лампанын жарыгында курчай олтурган кишилердин кубаттоосунда Сакемди биринчи көрүшүм, Сакемдин Тай-Торусун биринчи чаптырышы эч кетпес-өчпөс элестей көз алдымда сүрөттөлүп калды. Ооба, не коркуу, не аша кубануу баланын эсинде өчпөй- кетпей калгандай дал ошол Сакемдин таасирдүү айтуусу, анын сыйкырдуу күчүн жеке эле улуу манасчынын өз элесин, жеке эле анын айткан жомогун эмес, аны сыйлап, аны угуп олтурган ошол үйдөгү улуу-кичүүлөр, эстей калганымда дал бүгүнкүдөй бардыгы жадырап көз алдымда. О, бул не деген күч! Ата-энени, элди-журтту, жер-сууну көз алдыңа тартып турган көркөм күч Саякбай сыяктуу алп манасчынын, укмуштуу акындын колунан келер.
«Манас», «Семетей», «Сейтек» делип үч бөлүмдөн турган баатырдык баян ушул улуу манасчы Саякбай Карала уулунан толук жазылып алынды. Бабаларыбыздан бери айтылып келаткан асыл мурасыбыз азыр кагаз бетине түштү. Бирок, «Манас» жеке кыргыз элинин эмес, ал жалпы элдик мурас. Ал азыр «Илияда» менен «Одиссеядай» бүт дүйнөнүн төрт бурчуна тааныла элек. Кат тааныган бардык адам баласынын колуна тие элек. Кан-Теңири чокусу канча бийик болсо да, мурун көргөндүктөн Пушкин менен Лермонтов Казбекке таң калып, аны мурун мактап ырдагандай Улуу Тоо катмарында тарихий себептер менен катылып келген «Манасыбызды» биз бүгүн тигил «Илияда» менен «Одиссеяга» салыштырып, Саякбайдай улуу манасчыбызды Гомерге салыштырып жүрөбүз. Эгерде «Манас» дүнүйө калкына эрте таанылган болсо, анда ал бул кезде өз баасын алмак. О, ушул улуу баян өз көркөмдүк касиетин сактап, элдин бүт тарихин укмуштай баяндаган байыркыны бүгүнкугө таасын жеткизген өз маанисин терең берген салмагы менен башка тилдерде да дал өз күүсү, өз касиети менен бардык элге жеткен биздин «Манас» Алексей Максимович Горький аныктагандай эл баяндарынын деңизи аталып дүйнөгө таанылган кезде улуу эпостун тарихи, анын жаралышы, анын көркөмдүк күчү, анын мааниси өзүнчө илимий изилдөөнү талап кылып, адабий мурастарды изилдөө илиминин жаңы жээгин ачуусуна ишенебиз! Эмесе, ушул улуу мурасыбызды укумдан тукумга берип келаткан алп манасчылардын арбактарына баш ийип туруп, алардын эң кенжеси, биздин замандын улуу манасчысы Саякбай Карала уулу биздин Гомер болсо, Гомер өз кезинде дал ушул биздин Саякбай Карала уулундай болгон деймин! Элдердин өлбөс-өчпөс улуу мурастарын сактап беришкен ушул улуу адамдарга алкыш!
Улуу манасчы Саякбай карала уулуна алкыш, bizdin.kg
Кыргыз