Эстеликтерге ишенүүгө болобу?

Эстеликтерге ишенүүгө болобу?

Эмне үчүн дал Чыңгыз жана анын балдары Азиянын ойронун чыгарды деп жазылат да, ошол эле убакта андан да чоң башка окуялар, мисалы, 841—846-жылдарда кыргыздардын уйгурларды талкалашы, же 1756—

1758-жылдарда14 манжур императору Цянь Лун тарабынан калмактардын тукум курут болуп кырылганы тарыхчылардын көз жаздымында калган?

Буга жоопту элдердин тарыхынан эмес, тарыхграфиядан издөө керек. Тарых боюнча мыкты китептер анча деле көп жазыла бербейт, алардын канчалары бизге жетпей жок болду. Анан да андай китептер ар бир эле тарыхый окуяга арнала бербейт. XIV—XV кылымдар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн адабияты гүлдөгөн заман болгон. Ал эми Россия менен Персияда ошол мезгилдерде моңгол эзүүсүнө каршы күрөш өтө олут- туу маселе болгондуктан бул жөнүндө көп чыгармалар жазылып, алар толугу менен бизге келип жетти. Алардын ичинде таланттуу жазылган, көрүнүктүү чыгармалардын бир тобун биз жакшы билебиз. Ошол чыгармаларды туурап жазуулар, кайталоолор көп болгондуктан бул маселеге арналган китептердин жалпы саны көбөйүп кеткен. Ойроттордун тукум курут болуп талкаланышын жазган тарыхчы табылбады: балким ал ошол кызыл-кыргында өзү да курман болгондур. Мунун айынан окуялар бир кылка чагылдырылбай, үзүл-кесил, кээде маани-маңызы өзгөртүлүп, ар башка көз караштардын масштабынан жаралды. Мына ошондуктан Чынгыз хандын жоокерлери басып кирген өлкөлөрдө жашаган элдер кырылып, шаар-кыштактары кыйрап, табияты бузулган деген чындыкка жакындашпаган ой-жоруулар жаралган. Белгилеп айта кетели, кургакчылыкка согуштан жабыр тарткан өлкөлөр эмес, мисалы, деги эле согуш көрбөгөн Уйгурстан, оттуу талаалары келберсиген Жунгария учурады. Демек, булактардагы тарыхый-географиялык маалыматтар ишенимдүү эмес деп айтууга болот.

Акырында келип тарыхый зор окуяларды, мисалы, моңголдордун XIII кылымдагы жүрүштөрүн миграция деп атагандар да болду. Моңгол жортуулдарынын миграция менен эч кандай байланышы жок болсо да, аны миграция деп атагандарга Э. Хантингтон, Э. Брукс оңдүү көрүнүктүү окумуштуулар кошулуп кетишти. Моңголдордун жортуулдагы жеңиштери кара таандай каптап кирген көчмөндөр эмес, мыкты куралданган, согушууга жөндөмдүү, жакшы уюштурулган, чакан кошуундар тарабынан камсыз кылынган. Алар жеңиштерден кийин туулуп-өскөн мекенине кайтып келип турушкан. Башка жакка көчүп кеткендердин саны ошо XIII кылымда жокко эсе болгон. Алсак, Жучу хандын тукуму: Батый, Ордо жана Шейбани хандар Чыңгыздын керээзи боюнча бардыгы болуп 4 миң атчан аскер, т. а. 20 миңге жакын адамды алышкан, алар Алтайдан Карпатка чейинки эбегейсиз зор мейкиндикте жайгашып турган. Тети- рисинче, Бүткүл дүйнөлүк тарыхта кеңири чагылдырбагандыктан кал- мактардын XVII кылымдагы чыныгы миграциясы (көчү) тарыхчылардын көз жаздымында калган. Демек, алдыга койгон маселени чечүү үчүн мурда топтолгон эмгектерден оңой-олтоң алына турган маалыматтар менен эле чектелбей, тарыхты алда канча тереңирээк билүү талап кылынат. География боюнча да адатта айыл-чарба экономисттери же тарыхчылар колдонуп жүргөн чектелүү билимдерге караганда алда канча толук билимдерге ээ болуу зарыл. Эң башкы нерсе — Геродоттон тарта биздин күндөргө чейинки жазуу булактарынын авторлоруна таандык болгон субъективдүү ой жүгүртүүлөрдөн далилдүү маалыматтарды иргеп бөлүп алуу болуп саналат.

Туура маалыматтар деп биз тарыхый сынактардан кебелбей өтүп, ар кандай имиштерден тазаланып, ишенимдүүлүккө ээ болгон булактардагы маалыматтарды айтабыз. Алар өтө эле көп, бирок алардын басымдуу көпчүлүгү саясий тарыхка таандык. Ооба, биз согуштардын, тынчтык келишимдердин, мамлекеттик төңкөрүштөрдүн, улуу ачылыштардын качан жана кандайча болгонун жакшы билебиз, а бирок ал маалыматтарды жаратылыштагы кубулуштарды түшүндүрүүгө кантип колдоно алабыз? Тарыхый фактылар менен табияттагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу усулу XX кылымда гана иштеле баштады.

Аба ырайынын тарыхын изилдеген окумуштуу Э. Леруа Ладюри Европанын ар түрдүү өлкөлөрүнүн чарбачылыгынын өнүгүүсүн же начарлап кетишин аба ырайы өзгөрүп, жылдын нымдуу же кургак, суук же ысык болушу менен байланыштырып түшүндүрүү эң негизги себепти — ал өлкөлөрдөгү шексиз түрдө чоң роль ойногон экономиканы жана социалдык кризистерди этибарга албагандык болуп саналат деп белгилеген. Айталы, XVI кылымда, айрыкча XVII кылымда Балтика боюнан (орустардан) Жер Ортолук деңизинин жээктерине эгин ташып жет- кирүүнүн өскөндүгүн, Испанияда койдун саны кыскарып кеткенин аба ырайынын жылдык температурасындагы азын-оолак өзгөрүүлөр менен салыштырып отурганга караганда Европа өлкөлөрүнө Реформация жана Контрреформация алып келген кыйроолор менен салыштыруу оңой эмеспи”15. Туура сөз! Мисалы, территориясында Отуз жылдык согуш (1618— 1648) болуп, эли кыргынга, чарбасы кыйроого учураган Германиянын эли эмес, тынч жаткан Испаниянын да калкынын саны бул кылымдарда өспөй калган: анын калкынын саны 1600-жылы 8 млн. болсо, 1700-жылы 7,3 млн. адамды түзгөн. Мунун себеби жөнөкөй: көптөгөн жаштар Америкага же Нидерландга чакырылып, өлкөнүн өзүндө жумушчу күчү жетишпей, чарба, үй-бүлө каралбай калган.

Э. Леруа Ладюринин: “Альпы тоолорундагы мөңгүлөрдүн көбүрөөк эрий баштаганына байланыштуу 1850-жылдан бери карай Европанын экономикалык өнүгүүсүн муз доорунун чегиниши менен түшүндүргөн тарыхчы жөнүндө эмне деп айтса болот…”, — деп жазганына макул болбой коё албайсың. Демек, биздин автордун ою боюнча, так тастыкталган, даталары аныкталган жана далилсиз ой жоруулардан ажыратылган фактыларды жөнөкөй гана чогултуп топтоо керек экен. Башкача айтканда, бизди кызыктырган факторду экономикалык, социалдык жана этнографиялык факторлор менен түшүндүрүү жана дегеле ар кандай кокустуктарга жол берилбегенине биз ишенүүгө тийишпис16. География илиминде өтө так датаны аныктоо усулу жок. Мин жылды нары же бери

жылдырып айтуу катачылыкка жатпайт, кайсы бир аймакта топтолгон ылай, кум, чопо катмарлары боюнча качандыр бир кезде бул жерди суу каптаганын аныктаса болот, бирок ал 500 же 5 миң жыл илгери болгонбу, аныктап, так айтуу мүмкүн эмес. Топуракты изилдөө, бул аймакта бир кездерде ысыкты жакшы көргөн өсүмдүктөр өскөнүн көрсөтөт, а бирок азыр ал жерде нымдуулукту жакшы көргөн өсүмдүктөр жайкалып өсүп турат. Аймактын сазга айланышына аба ырайынын өзгөрүшү эмес, жакын жерде агып жаткан дарыянын нугунун өзгөрүшү себепкер болгонун эч ким далилдеп айта албайт. Моңголия менен Казакстандын чөлдөрүндө токойлордун орду табылган, алардын куурап жок болгону же адамдар кыркып түгөткөнү белгисиз. Эгерде аларды адамдар жок кылганы далилденсе да, баары бир, адам баласы ал ландшафттын табиятын кый- раткан мезгил кайсы мезгил экени белгисиз бойдон калат.

Мүмкүн археология жардам берип жүрбөсүн? Материалдык маданияттын эстеликтери элдин өнүккөн жана начарлаган мезгилдерин даана белгилеп, даталарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Жерде көмүлүп жаткан буюмдар же эски көрүстөндөр изилдөөчүгө жаңылыштык кетирүүгө жана фактыларды бурмалоого жол бербейт. Ооба, буюмдар унчукпайт, бирок алар археологдордун ой чабытына кенен жол ачып берет. Ал эми биздин замандаштарыбыз да кээде апыртмалуу ой айтуудан куру эмес. Алардын ой чабыты орток кылымдагылардыкынан бир топ айырмаланганы менен чындыкты чыркыратып айтарына анча ишене бербейсиң. XX кылымда да биз кээде археологиялык казуулардын зор мүмкүнчүлүктөрүнө ашкере ишенип жүргөндөрдү жолуктурабыз, албетте, алардын бул ишенимдери Египетте, Вавилондо, Индияда, ал эмес тоолуу Алтайда казылып алынган ийгиликтүү табылгаларга негизденген деңизчи, ырасында эле ал табылгалардын аркасында биздин тарыхыбыздын унутулган барактарын ачып, изилдөөгө мүмкүн болду. Бирок мындай ийгилик ар дайым эле боло бербейт. Көпчүлүк убакта археолог аптап куйкалаган чөлдүн ысык топурагынын арасынан табылган баш сөөккө, тонолгон байыркы мүрзөлөрдөн табылган сөөктөрдүн сыныгына, бийиктиги бир эли келген эски дубалдын калдыгына ыраазы болууга тийиш. Ошондо да ал табылга өткөн замандарда жоголгон нерсенин кыпындай бир бөлүгү экенин унутууга болбойт. Жер шарынын көптөгөн аймактарында жыгач, тери, кагаз (же аны алмаштырган бересталар) өңдүү чыдамсыз буюмдар көпкө сак- талбайт. Эмненин жоголгонун биле албайсың, ал эми жок болуп кеткен нерсени деги эле болгон эмес деп эске албай коюу биле туруп эле туура эмес жыйынтык чыгарууга алып баруучу каталык болуп саналат. Кыскасы, тарыхка таянбаган археология илимпозду жаңылыштыкка түртөт. Бул маселени башкача чечүүгө аракеттенип көрөлү. Булак – bizdin.kg

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.