Сулууга менмин жар салар, Чок салат тура көздөргө. Чогулуп келип жанса алар,
Бир тойдон көрдүм сулууну.
Бир тойдо болдум жакында, Июль айдын башында. Оймок сулуу отурду,
Ортонку жигит кашында.
Карайлатат көз деген, Карады кара көз менен. Калың отургандардан,
Калбады киши сезбеген.
Улам мени карады. Уланып көздүн барагы. Учурдагы замандай.
Учуп турду кабагы.
Мүчөлөрү келишет, Мүчөлөрүмү эритет. Мен эмес баары отурган,
Мээримин ага төгүшөт.
Анткени көздөр талашат. Ар бири ага жанашат. Ал эми байкуш мен дагы.
Ага салам сарасап.
Жазмыш сени зерикпей, Жасаган экен эрикпей. Тулку боюн карачы.
Толгосу жеткен эликтей.
Көз менен гана купташтык. Кеп учу менен жытташтык. Көбүнөн элдин мукурап,
Көздөшпөдүк учурап.
Карачы жүзү мөңгүдөй, Кантип турам эргибей. Жеринен таап жеңишти,
Жетсем болду мүргүбөй.
Көзүнүн карасына, Чачынын арасына. Күзөтчү болсом гана,
Бетинин талаасына.
Киши эмес сага чымынды, Коет элем жолотпой. Сулуулукту жараткан,
Берген экен коротпой.
Тазалыгың белгилеп, Таалайыма келди деп. Карамакмын күн-түнү,
Кандай кудай берди деп.
Тарамакмын чачыны, Жөлөмөкмүн башыңы. Осмого боеп турмакмын,
Он мүнөттө кашыңы.
Колуңа суу куймакмын, Максатыңды туймакмын. Тартынбастан уялбай,
Төшөгүңү жыймакмын.
Кол чачыгың болмокмун, Көз толтоңо толмокмун. Коруп суук көздөрдөн,
Карегиңе конмокмун.
Туз болмокмун ашыңа, Туу болмокмун кашыңа. Жашамакмын жепжеңил,
Жаш кошулуп жашыма.
Бетмайың болуп бетиңе, Беш маал келип эсиме. Гүл болуп өнүп калмакмын,
Айына чыгып төшүнө.
Упан болуп катылган, Ууздай сүйүү ашырган. Упайымды көбөйтүп,
Утуру мага ташынган.
Жашайт элем сүйүнүп, Жалпыга жашоом билинип. Өтө жеңил өтө сак.
Өтөт беле тирилик.
Кароолчуң болуп бир жагы, Карыбайт элем бир дагы. Колдойт беле акын деп,
Короомдогу гүл дагы.
Токуш Чолпонбаев, bizdin.kg
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭЛ КЕНЧИ
- Акыра менен кодолек.
- Сура Аль-Худжурат
- Панфилов Иван Васильевич
- Асылкечтик
- КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. АЙСАРЫ
- Сура Аз-Зухруф
- Кыргыздар. Eнисей кыргыздары X кылымдан кийин
- Акбаранын көз жашы
- «Бээ» десең «төөгө» кетет»
- Шергазы
- Нурдуу бейиш!
- ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ. МЕКЕН ҮЧҮН
- Булбул
- Сөгүнүү-сагынуу
- СУУ, БАКА, БАЛЫК
- Сотту тааныйсыңбы?
- Сура Йа Син
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВГЕ
- Байдылда Сарногоев. Чал кемпирин азилдейт
- Кристофор колумбдун жумурткасы
- «Угаар жерге соз айт, сиңээр жерге суу сеп»
- Сура Ан-Наба
- «Касам ичкенсип»
- Үч ууру
- Ашты сиңириш жөнүндө
- ЖОЛОН МАМЫТОВ. КУМАР ЫРЫ
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. МЕН КҮЛКҮЧҮ БУЛАКМЫН
- Тынч океан
- «Суроосу жарашса, соз айтылат»
- Туурамчылдан тууганым болгуча, бекөөлдөн белом болсун
- Жууну-жүз чаюу
- «Бакыр киши паанада»
- Ноктосун үзгөн
- Кыргызстан. ГЭС
- Таш кескич машина
- Ондатр
- Опузалоо
- Жылан менен кишинин арбашы
- Кетбука
- Кагып-силкүүлүк
- Беш жолдош
- Тукум курут кылуу
- Туш кийиз жасоо
- РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ. ТОО ЭЧКИ
- Жоомарт жана адил
- Мукамбеттин өмүрүнүн урунттуу учурлары
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. СҮЙГӨН ЖАРГА
- Шаршендин токтогул менен учурашуусу
- Үй көрүү
- Ырым кылып алуу
- Бышмана
- Кошой-коргон – Байыркы ордо-шаар Атбашы
- Суу болуу, суу кылуу
- Жер карама
- Тарих-и кыргыз шадмания
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧӨП ЧЫГУУ
- Математикалык папирустар
- Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
- Олтурган кыз орунун табат
- Бетинен өөп кой, колунан кармап кой, ал-жайын сурап кой
- «Таш менен урганды, аш менен ур».
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ТААНЫМАЛ АКЫН ШАЙЛООБЕККЕ ТАМСИЛ ЖООП
- Чамгарактап турган кези
- «СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА ЖОЛУГУШУ
- Сулуулар деген канча бар
- «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун»
- Үч көпөлөк
- Рим тыйындары
- Кубат бий
Кыргыз