Боз үй

БОЗ ҮЙ

Кыргыздын боз үйү — өзүнчө өнөр. Элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, улуттук колдонмо өнөрдүн теңдешсиз байлыгы. Ал көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар. Элибиз байыртан көчмөн турмушту өткөрүп жүргөн. Боз үйдү жаратып алуусуна жашоотиричилик өзү түүрткү берген. Кыргыздар боз үйдүн ушундай түрүн жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акылойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.

Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан. Табияттын ар кандай татаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлуу. Азыр боз үйлүк жыгачтан жана ээрден бөлөк көркөм буюмдарды турмуштиричилигибизде такай колдонуу кескин кыскарууда. Бүгүнкү чеберлер уук учтап, кереге матап, түндүк ийип, комуз чабуу аркылуу өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Кыргыздар жашоо шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Аны алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан өнүктүрүлгөн формасы десе болот. Боз үйдүн жыгачын жасаган усталар — чебер архитекторлор. Жайып тиксе тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү келет.

Бир бүктөй калса, бир төөлүк жүк. Тоолуктардын сыймыктуу мүлкү бул боз үйдүн көлөмү, албетте, ар кандай болот. Үйдүн жыгачы «он эки канатка» жетет. «Сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же болбосо «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Бул боз үйдүн чоңкичинесин далилдеп, ууктун саны менен өлчөнөт. Тигипчечүүгө жана конупкөчүүгө, ички эмеректеринин орун алышына азыр 55—65—75 баштуу үйлөр арбын жасалууда. Жакшы тигилген боз үйлөрдү «бүркүттүн томогосундай» деп баалашат. Малчылар үчүн фабрикадан чыккан боз үй кыркэлүү баштан ашпайт. Бирок анын тигилиши, көркөмдүгү, жасалуу ыкмасы чыныгы боз үйдөй эмес.

Амантур Акматалиев

  • Колхоз жөнүндө
  • Ар нерсенин жөнү бар
  • Коркутуу
  • ӨЛКӨНҮН ЧОҢ БАЙЛЫГЫ – СУУ
  • Шылдыңкөйлүк
  • КҮН, ЖЫЛДЫЗ
  • Шергазы
  • Сура Ар-Рум
  • УЛУТТУК АШКАНА. Кыргыздардын улуттук ашканасы
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ЭНСЕГЕН ЭЛИМ АМАНБЫ
  • МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. ЭСТЕЛИК СҮЙЛӨЙТ
  • Музооке
  • Жакшынын көзү кор, кулагы кер
  • Ж. Боконбаев – Периште
  • Жем-жебес
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАНЧА БАШТУУ АЖЫДААР?
  • Уурулук
  • АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • Ашынып кетүү
  • Ат оонаган жерде түк калат
  • Кыргыз эл оюндары. Опол, ордо, орто топ.
  • Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу.
  • Кол ийрисине тартат
  • Маджму-ат-таварих
  • Көкчөнүн өлүшү 1-бөлүк
  • Коло доорундагы кенчтер
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ШАРКЫРАТМА
  • Мухаммед пайгамбар
  • Өз ордун таба билүүсү
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ҮЧ ЭКМЕТ
  • «Жерден жек чыкты, эки кулагы тик чыкты»
  • Сура Аль-Худжурат
  • Сура Аль-Анбийа
  • Үйлөнүү үлпөтү
  • Ырым кылып алуу
  • Жылан менен кишинин арбашы
  • Мал үйрөтүү
  • Күүдөн симфонияга чейин
  • Тайын журт
  • ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
  • Гармониялуу адамдар
  • Башы иштебесе, эки бутка күч келет
  • Византия жөнүндө
  • Алтын катылган жай
  • Бирин-бири уруп ойноосу
  • Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
  • Кыргыздардын мейман күтүү салтындагы бөтөнчөлүгү
  • Байдылда Сарногоев. Бүркүттүн өлүмү
  • Жеңижок менен Нурмолдо
  • Кыргыздын Россияга караганы
  • АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ ДЕСЕҢ
  • Жез кемпир
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Томаяк
  • Эсенкан буйрук кылып жолойду баш кылып Манаска кол аткарганы
  • Чалагыз
  • Кыргыз макалдары – З
  • Багыш. Мендирман (6)
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
  • Кулактандыруу
  • Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары
  • Сура Аль-Инсан
  • БЕЛГИ ЫРЫ
  • Токтогул менен Тоголок молдо
  • Турпанга качкан эл
  • Каракан мамлекети
  • Кыргыз баталары. ЖАШ БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР
  • Сүткө түшкен күчүктөй болуу
  • Кыргыздар. Eнисей кыргыздары X кылымдан кийин

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.