Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт

«Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт». Абалтан калган сез төркүнү, айрыкча, мында тууган 6hr атанын бал­дары тууралуу, жети атасына чейинкилер, кыз алышпаган туугандар айтылат. «Бар болсо асырай албайт» – дегени ич-ара ыйкы-тыйкы-лык, нараазылык, араздашуу, ичкүптүлүк, атаандашуу, таарынуу, ж.б.лар жүрбөй койбойт. Минтүү пендечилик.

Биринчиден, жекече турмуштун бирдей эместиги, тыңсынуула-ры, жалкоолук;

Экинчиден, өз ара ой-пикирлердин эки ачалыгы;

Үчүнчүдөн, бала-чакалардын кагылышууларынан улам кирип-чы-гышпай калуулары;

Төртүнчүдөн, алардын арасынан да, алдым-жуттумдардын чы-гуулары. Бирдемелерди сыртынан бычып коюулары;

Бешинчиден, жакшылык-жамандыктарга солгун катышуулары;

Алтынчыдан, тууганчылыктын ички шарттарында бири-бирине саласал кылып коюулары;

Жетинчиден, дайыма туугандарын кириптер кылуулары, чыга-шага учуратуулары ж.б.у.с. лардан пайда болгондор себепкер.

Ал эми «жок болсо коре албайт». Канткени менен «туугандын * озу таарынса да, брору таарынбайт» – дейт. Каны бир. Баари бир коргүсү, катышкысы келип турат. Түтүшпойт, биротоло кыркышып кетпеген соң, туугандыгын танбайт. «Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат». Кайра эле эл болуп, катышып алат.

«Бакыр болсоң, баркыт кий». Баркыт – сыйда түктүү кездеме. Анын тас баркыт (тугу ото такыр), чий баркыт (чийдей жол-жолу бар) деген түрлорү бар. Бакыр – табияты жоош, озүнчо оокат кылган, эч ким менен ейдо-томону, алдым-жуттуму жок, байлыгы деле чак оңдүү адам. Албетте, мындайларга тигил бир чети бышык кездеме сыйда жерлерге кийүүго шартташа тушот. Демек, «бакыр болсоң, баркыт кий» мына ушундан калган.

«Бетон элге барсаң, ошол элдин бөркүн кий». Борк-баш кий-им. Туулуп оскон жер – туу казык. Башка жердин татымы башкараак болот. Ошон үчүн «өз элиң өзөктөш, башка эл канатташ» – дейт. Бул «Кайсы жерди жердесең, ошол элдин ырын ырда» дегенге маанилеш. Эл менен эл бол. Сиңишип кет, телинип кал. Быгышып тур, жуурулуша жур. Эли-журтунун назарын сындырбай өндүү накылды туюндурат.

«Жаман жолдоштон, ат артык». «Ат адамдын канаты». Алые жол сапар чеккенде ат – адамдын жан жолдошу, ай-талаада ат ээсин маанектеп оттойт. Ээр-качкылык кылбайт, ээсин ара-жолдо калтыр-байт. Казатта минилет. Жаман адам талаа-түздө билинет. Атың бас-пай, ээн жерде калсаң: «Атынды откоруп, тыңыганда артымдан кел», -деп чаап кетет. Андайларчөнтөгүңдү, пайданды издеп, ошого ка­рата мамиле кылат.

«Жан-жопдош болом деп бирее, Жармашты шарап ичкенде.

Бөлүнүп кетти карабай,

Бөтөлкө колдон түшкөндө». (Байдылда)

же болбосо:

«Жолдошуң жаман болсо, Алые жолдо тун катпа. ■ Аялың жаман болсо, Киши алдында ун катпа». (Макал)

Арийне, тим жеринен айтылбайт эмеспи. Демек, бул «Акылдуу касыңдан коркпо, кем акыл досуңдан корк» – дегенди билдирет.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.