Ишенимкат

Жеке адамдан, уюмдан же ишканадан бир нерселерди алууга жооптуу кишиге берилүүчү расмий кагазы ишенимкат деп аталат. Ишенимкатта аны алуучунун аты-жөнү, ишкананын толук аталышы, кимге, кайсы мекемеге ишенимкат берилип жаткандыгы, алына турган материалдык же башка баалуулуктардын тизмеси так көрсөтүлөт. Ишенимкат жеке адам же мекеме тарабынан толтурулат, ошондуктан алар жөнөкөй же расмий ишенимкат делинет. Жөнөкөй ишенимкаттын ээси ишеним берүүчүгө тиешелүү айлык акысынын, пенсиясынын, стипендиясынын же почта аркылуу которулган акчаны алуу үчүн берет.

Мындай ишенимкатта ишеним берүүчү иштеген же окуган мекеменин же окуу жайынын жетекчисинин колу жана мөөр менен күбөлөндүрүү зарыл. Үйдү, квартираны өзүмдүк транспортту убактылуу пайдаланууга бергенде же сатканда ишенимкат берилген учурда, мураска калтырганда мүлктүн ээси ишенимкат берет. Эгерде көрсөтүлгөн мүлк материалдык чоң баалуулукту билдирип, ал өз баасын туруктуу сактаса ишенимкат нотариалдык кеңсе же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан алардын колдору жана мөөрлөрү менен бекитилүүгө тийиш. Расмий ишенимкат мекеменин, уюмдун, ишкананын, окуу жайынын атынан өзүнүн кызматкерлерине берилет. Мындай ишенимкатты алган киши бул ишкананын кызыкчылыгын көздөөгө тийишжана башка жерлерде аларды коргоп бул иш кагазы мекеменин жетекчисинин жеке колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Иш кагаздын укуктук баалуулугу үчүн анда ишенимкатты пайдалануумөөнөтүн көрсөтүү зарыл. Эгердеишенимкатта пайдалануумөөнөтү көрсөтүлбөсө берилген күндөн бир жыл мөөнөткө жарактуу боло алат. Акча каражаттарын же материалдык баалуулуктарды алууда алуучу анын ким экендигин күбөлөндүргөн паспортун же башка документин көрсөтүүгө тийиш.

Жөнөкөй иш кагаздын маалымдаректери: 1. Иш кагаздын (ишенимкаттын) аты. 2. Ишенимкаттын тексти: — ишенимкат берүүчүнүн аты-жөнү; — ишенимкатты алуучунун аты-жөнү; — ишенимкаттын мазмуну; — бул ишенимкат боюнча иш жасаган мекеменин, уюмдун ата- лышы. 3. Ишенимкатты берүүчүнүн өз колу.

4. Ишенимкат берилген күнү.

5. Ишенимкатберүүчүнүкүбөлөндүрүүчүнүнаты-жөнү, кызматы, колу, күнү. 6. Мекеменин мөөрү болуп саналат. Расмий ишенимкаттын маалымдаректери: 1. Иш кагазынын (ишенимкаттын) аталышы. 2. Ишенимкат берүүчү уюмдун, мекеменин толук аталышы жана дареги. 3. Ишенимкат берилген күнү. 4. Номуру. 5. Ишенимкаттын жарактуу мөөнөтү. 6. Ишенимкат алуучу кызматкер жөнүндө маалымат: — аты-жөнү; — кызматы; — паспортунун сериясы, номуру, берилген жери жана күнү; — өз колу болуп саналат. 7. Бул ишенимкат боюнча иш жасаган мекеменин толук аталы- шы жана дареги. 8. Алынуучуматериалдык баалуулуктардынаталыштарыжана саны. 9. Ишенимкат берген мекеменин же уюмдун жетекчисинин өз колу.

10.Мекеменин мөөрү.

Ишенимкат

Мен, Жусубалиев Максат Темирбекович, 2004-жылдын август айы үчүн мага тиешелүү айлыгымды БиринчиМай райондук акимиатынын кассасынан алууга Кадыров Төлөн Дүйшеевичке ишенем. Кадыров Төлөндүн паспорту ф. 1450084 ИИМ-50-23

Бишкек шаары, Н.Исанов көчөсү 12-үйдө катталган

(колу)                                                                                  күнү, айы, жылы

М.Т.Жусубалиевдин колун күбөлөндүрөм

Биринчи Май райакимиатынын башкы эсепчиси                                                              (колу)                                                                                                 М.Абакирова

Мөөр                                                                                                                                                                                                      күнү, айы, жылы.

  • Кыргыз макалдары -М
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • Кыргыз тили. Кыргыз тили жөнүндө жалпы маалымат
  • «Жер жамандап барбасын»
  • Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
  • Кездемелерди боеонун ыкмалары
  • Үй-бүлөдөгү ич ара жардамдар
  • Цивилизация жана табият
  • Дыйкан жана төлгөчү
  • Үч ууру
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЭШИМКАНДЫН ТЕРЕГИ (Экинчи легенда)
  • Үзөңгүнү тең теминбей
  • Ичкүптүлүк
  • Тердетмей
  • Балдар биздин бактыбыз
  • Ээн ооздук
  • Манас. Аккула менен Алгара
  • Ийик ийиртүү
  • «Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боеп»
  • Таш түшкөн жеринде оор
  • Тообо кылуу
  • Математикалык статистика
  • Күүдөн симфонияга чейин
  • Аверден
  • Автандил Арабаев. Аруу тилек
  • Таш-Рабат
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ТАБЫЛГАН ДҮЙНӨ
  • Сура Аш-Шура
  • Ормон опуза
  • Боорукер аял
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БЕЙПИЛ ТҮНДӨ, МАЙДАНДА
  • Токмок
  • Кылыгы чыгуу
  • Абылай жетим
  • Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы
  • Күн нуру
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. КАЙДА УКТАШАТ? (бешик ыры)
  • Жеңижок менен Коргоол
  • Суу алуу
  • Ары жок тооктун түшүнө актаган таруу кириптир
  • Абдылдаев Эсеналы
  • САГЫНБАЙДЫН УУЛУ
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАҢЫЛУУ
  • МАХМУД КАШГАРИ «ТҮРК СӨЗДӨРҮНҮН ЖЫЙНАГЫНАН». АЗЫРКЫЧА АЙТЫЛЫШЫ
  • Алыбекти өлтүрүлгөнү
  • Этносоциология
  • Жалбыз (уламыш)
  • Таман акы, маңдай тери
  • «Кел, орток, кел»
  • «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр»
  • «Өңдү көрсө, жүз таят»
  • Ууру (жомок)
  • КЫРГЫЗ БУЮМДАРЫ. Боз үй, Туш кийиз, Камчы
  • Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү
  • Үч талак
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЭГЕР БОЛСОМ
  • Этностор
  • Пештенуу
  • Мекеним – Кыргызстан
  • Топурагын түйүп берүү
  • Сура Аль-Алак
  • Кыш айы
  • «Ат, аттан кийин жат»
  • Акдөбө шаар чалдыбары
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
  • Кыргыз эл макалдары А-3
  • Этегинен жаңылуу
  • Кыргыз макалдары – К
  • Бүбүсара Бейшеналиева

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.