Агыдай — кырк чоронун бири, далычы. Кырк чоронун катарында дайыма саналып, «Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү» (Сагымбай Орозбаков, 3. 49) делип сүрөттөлөт. Кээ бир эпизоддордо Манас жортуулга чыгарда ага атайы далы ачтырып, иштин кандай аяктарынан алдын ала кабардар болот, мисалы, Шоорук кан менен урушта (Курама варианты, 1. 138). Адамдар шаманизмге ишенген байыркы мезгилдерде далычылардын, төлгөчүлөрдүн, балчылардын коомдук турмушта таасири күчтүү болгон. Жортуулга чыгуу же чыкпоо сыяктуу зор маанилүү иштер алардын алдын ала айтуусуна ылайык чечилгени байыркы түрк-моңгол элдеринин тарыхынан белгилүү. А-дын далы ачуусу окуянын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизбегени менен эпосто төлгөчү кара Төлөк менен А. далы көрүүчү өзгөчө касиетке ээ адамдар катары эсептелип, ысымдары дайыма өнөрү менен бирге аталышы элдин байыркы ишеними менен байланышкан. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча А. Котон шаарынын башкаруучусу Ороңгу катындын аяры болот. Манас Кошой менен бирдикте Алты-Шаарды каратып келе жатканда, анын кабарын уккан Ороңгу 13 аярына бал ачтырат. Алардын ичинен А. далы ачып, Манастын Котонду багынтарын алдын ала айтат. Ороңгу коркуп качат, кошо үркмөк болгон элди А. акыл айтып токтотот. Өз ыктыяры менен баш ийген А-ды Манас чоро кылып алып, Алты-Шаарга бек дайындайт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 436-556-б.). Сагымбай Орозбак уулунда кээде Акдай деп айтылса (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 561-б.), Жусуп Мамайда Актай (Жусуп Мамайдын варианты, 1. 494) делет. Р. Сарыпбеков
- БИЗДЕН МУРДА ӨТКӨНДӨР
- Сура Аль-Муминун
- Текөөрдөшүү
- Манап
- Нускама
- Зайыптарды аео сезими
- Марков Андрей Андреевич
- Терөпейилдик
- Кыргыз эл макалдары А-2
- Дос-тамыр, теңтуштун кебин кор кылуу
- Жеңижок менен Коргоол
- «СЕЙТЕК» ЭПОСУНАН. СЕЙТЕК БААТЫР ЖАНА АНЫН КАРАДӨӨГӨ КЕЗИГИШИ
- Айкөл Манас. 8-китеп
- Колукту
- Жакупбек
- Сура Аль-Джумуа
- Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
- «Таш менен урганды, аш менен ур».
- Жүрнары
- Сура Ан-Нас
- Скифтер (Скифы)
- Кагып-силкүүлүк
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. “НАСЫЙКАТ”
- Тайата, тайэне менен жээн небере
- Деөлөтүн сатуу
- Сөздөр жана алардын мааниси
- Тыныбек
- «Жер жамандап барбасын»
- Ээн ооздук
- Кыргызстандын топурагы
- Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАҢЫЛУУ
- Кожожаштын келиши, кыргыздын жеңилиши
- Сура Ан-Намль
- «Элиңди таап ал».
- Багыш. Мендирман (1)
- Оп майда
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БУРАК ЖАН
- «Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы»
- Туз кемгонсүп
- Төө сойсоң да барбайм
- “Христиан” дүйнөсүнөн “цивилизациялуу” дүйнөгө карай
- Байдылда Сарногоев. Сага айткан сөз
- Чынгыз хан заманындагы кыргыз
- Жеңижок менен Токтогул
- Тестиер кыз
- МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. “ЗАР ЗАМАН”
- Кыргыз макалдары – Ч
- «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт»
- Жеңижоктун жылан чаккандагы ыры
- Модэ Шанүй
- Кусеин Карасаев
- Куу түлкү
- Улуттук жана табият парктары. Кыргызстан
- Малдыбаев Абдылас
- Алтын катылган жай
- БЕШИК ЫРЫ
- Коркутуу
- Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү,
- Кыргыз аңгемелери. Менин начальнигим ким?
- Жасалма чаңдаштыруу
- Кыргыз эл оюндары тууралуу кыскача маалымат
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АКЫРКЫ КИЙИКТИН ӨЛҮМҮ
- КИНО ӨНӨРҮ
- БАЙЧЕЧЕКЕЙ (уламыш)
- «Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
- Кызыл китеп фактылары
- Байдылда Сарногоев. Мас жана канчык
- Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия
- Эсепчи. (Баамдоочу)
Кыргыз