Таш-Рабат
Таш-Рабат- 10-15кылымдарга таандык кербен сарай. Ат-Башы айылынан 78км батыш, Нарын-Торугарт автомобил жолунан 18км түштүк тарапта, Кара-Коюн капчыгайындагы суунун сол тарабында жайгашкан. Кербен сарай – жонулган таштардан ылайга отургузуп тургузулган имарат. Анын маңдай жагы (фасады) чыгыш тарапка каратылып, 4 чарчы формада курулган. Имараттын бийиктиги 20 метрдей, тик бурчтуу формадагы 31 бөлмөдөн турат. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт: 1) коридор. 2) коридордун эки тарабына жайгашкан бөлмөлөр 3) чоң зал жана анын тегерегиндеги бөлмөлөр. Коридордогу биринчи эшик аркылуу үйгө өтөт. Дубалдын чыгыш тараптагы бурчтары мунаралар менен бекемделген. Имараттын негизги залына узун коридор аркылуу кирет. Коридордун эки жагында бөлмөлөр жайгаштырылган. Залы имараттын батыш тарабында, ортодо жанашып, бөлмөлөр жана кичи залдар менен байланышкан. Анын төбөсү диаметри 9 жарым метр болгон купол менен жабылган. Имараттын бөлмөлөрү алебастр менен шыбалып, геометриялык оймо чиймелер менен кооздолгон. Эстелик алгач 19кылымдын 2-жарымында Ч.Валиханов тарабынан баяндалат. А.Н. Фетисов, В.В.Бартольд, Н.Н. Пантусов, Л.Н. Зеланд, Б.М. Зима, А.Н. Бернштам, М.Н. Кубатбеков тарабынан изилденген.Таш-Рабат эстелиги кийинки мезгилде реставрацияланган.
Кыргыз