АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ. «ТАР ЗАМАН»

Карылардан кеп уктук, Уламадан сөз уктук. Ошондо орус чыгат дечү эле, Миң үйлүүгө баш болуп Болуш чыгат дечү эле. Буйрук менен кондурган

Конуш чыгат дечү эле.

Ушу заман тар заман, Азуулуга бар заман. Бечарага зар заман. Заманың келди закымдап,

Тайган иттей такымдап.

Улуу суунун баарысы Чулук болот дечү эле. Кичүү атанын балдары Улук болот дечү эле. Жаан-жуун азайып, Шамал болот дечү эле. Адамзаттын билгени

Амал бодот дечү эле.

Кыш көбөйүп, жигиттер, Жай азаят дечү эле. Карындагы жыйылган Май азаят дечү эле. Короодогу айдаган Кой азаят дечү эле. Оюн, күлкү түгөнүп,

Той азаят дечү эле.

Көч алды болоор орусуң, Сары журт болоор конушуң. Жайлоо тургай, төр кайда,

Ачып кирээр көр кайда?

Казак, кыргыз жыйылып, Бата кылып алсак бейм? Кашкардагы Бакдөөлөт

Ата кылып алсак бейм?

Байыркыдан барк кетти, Каадалуу нуска нарк кетти. Жардылардан барк кетти,

Каада, нуска, нарк кетти.

Онжогой куйрук күрөң ат Орустан чыгат дечү эле, Оң кулактуу миз казан Колодон чыгат дечү эле. Шумдуктуунун баарысы

Баладан чыгат дечү эле.

Акча, теңге түгөнүп, Тыйын чыгат дечү эле. Атасынан баласы Кыйын чыгат дечү эле. Калаа-коргон көбөйүп, Кент түгөнөт дечү эле. Тегерете урдурган Коргон чыгат дечү эле. Тегеректин баарысын Кагаз менен иштетип, Соргон чыгат дечү эле. Кийинкинин баарысы, Буту-колун жашырбай,

Дөрбөл чыгат дечү эле

Алматыдан аттанып, Орус келе жатырай, Кыска чөптүн баарысын Коруп келе жатырай. Узун чөптүн баарысын Оруп келе жатырай. Бул орусту карасаң, Ченчи салып, жерди алды, Бээден туулган керди алды. Карды салык байды алды, Кача турган жайды алды. Качканың кайда кутулду, Туурадан салды тозокту Кармап алды Кулжадан, Балбай менен Шоорукту! Сууга чыккан жекендей, Орус келсе, сыйлайсың Ак сакалдуу акеңдей. Илгерки кары калыптыр Сууга түшкөн текедей. Бул орусту карасаң, Суу-сууга салды бекетти, Болуштарды карасаң,

Катынындай кекетти.

Жасоолдор келет шарактап, Жардынын жалгыз атын карактап. Жасоолдор ылгабай минди айгырды. Жакшылардын баарысы: «Чын ушундай болдум» –деп, Жатып алып кайгырды. Алтын, күмүш түгөнүп,

Кызыл кагаз бул болду.

Куран жатып, үстүнөн Кат жүгүрөт дечү эле. Ошо катты көтөрүп, Ат жүгүрөт дечү эле. Өзү сары, көзү көк Орус чыгат дечү эле. Ошол орус чыкканда, «Бир, эки» деп санаган, Тыйын чыгат дечү эле. Атасынан баласы Кыйын чыгат дечү эле. Ошол орус чыкканда, Эки башы кайкайган, Кайык чыгат дечү эле. Мейли кадыр болом деп, Элечегин булгалап, Зайып чыгат дечү эле. Ошол орус чыкканда, Кара жол кылаар көлүңдү, Эсепке алаар жериңди. Кайсаңдаар сенде чама жок, Капкандай чабаар белиңди. Ой, журтум, көрөрсүң Араба менен чананы, Бага көр торпок менен талааны. Бакпасаң торпок менен талааны, Зили түбү сактаарсың сары талааны. Солдаттыкка берээрсиң,

Ичиңден чыккан баланы.

Карагайдын башында, Чыны болот дечү эле, Чыны менен жүргүзгөн, Зымы болот дечү эле. Алты айчылык жолдордон Алты күндө сүйлөшкөн

Бу капырдын сыры болот дечү эле.

Устаранын мизиндей, Оодарылган дүнүйө. Жасоолдордун кийгени Катар-катар дүрүйө. Жасоолдор минди жакшы атты, Жардынын баарын какшатты. Жасоолдор минди күлүктү, Элге салды бүлүктү. Ушул заман болгондо,

Мусулман көрөөр бүлүктү.

Акыр заман болгондо, Кой азаят дечү эле, Журтта ургаачы көбөйүп, Бой азаят дечү эле. Бойго жеткен кыздардын Баштагыдай көркү жок, Той азаят дечү эле. Кыз он бешке чыкканда, Энесине баш бербей, Боюн күүлөйт дечү эле. Эмки азаматтын баарысын Катыны бийлейт дечү эле. Элечегин булгалап, Зайып чыгып жыйынга, Чечен болот дечү эле. Ушул кийинкинин баарысы,

Бечел болот дечү эле.

Шум жалгандын белгиси – Карагайдын таңында, Элик болду элибиз. Каптаган тузду көтөргөн Көлүк болду элибиз, Башка чапса, былк этпес,

Өлүк болду элибиз.

  • Накыл
  • ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ. ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ
  • Дамбал уурдоо ырымы
  • БЕШИК ЫРЫ
  • ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
  • Шовинизм
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КОШТОШУУ
  • Күзөттө
  • АСАН КАЙГЫНЫН СӨЗҮ Бир күнү кар түшүп, кыш болуп калды. Ошондо Асан кайгынын айткан сөзү
  • Бир туугандар (жомок)
  • Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
  • Бактылуу кишинин көйнөгү
  • ЖЫЛДЫЗ, АЙ
  • «Нарын» эт жеш тартиби
  • Ой жүгүртүү торчосун кантип колдонуу керек
  • Нурдөөлөттүн керези
  • Нооруздун дагы бир бөтөнчөлүгү
  • Үч көпөлөк
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫК
  • НУРМОЛДО. НААДАН МЕНЕН ПАЙГАМБАР
  • Эки кеңеш
  • Бычакка түшүү
  • Чымчышуу
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
  • Каныкей
  • Этнологиядагы “система”
  • Көк жору
  • Кыргыз эл оюндары. Балта ыргытмай, баш кийимди ыргытып илмей, баш кийимди уруп түшүрмөй.
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ПИЛ
  • Байдылда Сарногоев. Чал кемпирин азилдейт
  • ТОКТОГУЛ СИБИРДЕН КЕЛГЕНДЕ ЭШМАМБЕТ ЫРЧЫ МЕНЕН УЧУРАШКАНЫ
  • Арбак урсун
  • Усун мамлекети
  • Өлүм арзан, жашоо кымбат
  • Абдылдаев Эсеналы
  • Манас. Арууке апа керээзи
  • «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
  • Түлкү кумар ойнотуу
  • Бүргө баатыр
  • БЕЛЕК СОЛТОНОЕВДИН “РУМКАН” КАЗАЛЫНАН ҮЗҮНДҮ
  • Сөздөр жана алардын мааниси
  • Ысык көлдөгү бугу, саяк кыргызынын оруска караганы
  • Социалисттик эмгектин баатырлары
  • Нарын шаары
  • Тукум куучулук
  • Чач сатуу жосуну
  • Тукумду жакшыртуу
  • Калпа
  • Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр
  • Ынтымакка чакыруу, ынтымакка келүү
  • Чубактын Манаска келип кошулганы
  • ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК (Жомок)
  • Бишкек – Кыргызстандын борбору
  • АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • Оозу күйүү
  • ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
  • Файл менюсун түзүү
  • Эн-тамга
  • Тескери бата берүүсү
  • ДАРЫЯ, БУЛАК
  • Шах Фазил күмбөзү
  • УМАЙ ЭНЕНИН КОЛУ
  • Жедигер
  • Кеө жабуу
  • БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ
  • Сыр билдирбөө
  • «Жаман уул атасы өлгөндө көбөт»
  • Соөмөйү менен ортонунун алдынан башбармак чыгаруу
  • Имам
  • Кыргыздын салттары. Колго суу куйганда берилген баталар

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.