Манас бойго бүткөнү, Бир нече айга жетиптир Байбиче болсо бир күндө Бал, шекерге карабайт Башка тамак жарабайт, Жесем дейт жолборс жүрөгүн Мындан башка самабайт Же табылбайт жолборс жүрөгү Жинди болуп байбиче Жеригинен жүдөдү… Байбиче сүйлөп калыптыр Жүрөгү деп жолборстун Бадалбай айта салыптыр «Кыласызбы дары,- деп Кыйла барктап аны, -деп: Кызарып агып турбайбы Жүрөгүнүн каны –деп, Бадалбай айтты баянды,
Байбиче көөнү жайланды.
Челкеңдей басып байбиче, Челектеп сууну алганы,- Эки жүрөк салганы. Чала-була бышырып, Жанга бербей жалмады. «Сонун экен бул да,- деп, Сорпосун ичем мына,- деп, Эки аяктай сорпосун Калтырбай ичип алганы. Байбиченин талагы Магдырап канып калганы. Манас бойго бүткөнү Эчен ай, эчен күн болуп, Толгоо жаңы киргени Бейшембинин түн болуп. Ак боздон бээ союлду, Алтыдан бакан коюлду, Барган сайын байбиче Айгайын салып чоюлду. Коңшунун баары жайылды. Козголгон сайын байбиче Кокуюн айтып ыйыңды Бала төрөр бекен деп Жакыпта жүрөк дегдеди Бала койсо чиренип, Байбиче бою тердеди. Бала туйлап кеткенде Байбиче көзү сүзүлдү Белдемченин жакасы Беш жеринен үзүлдү. Алып келип эр Жакып Аскарбашыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды, Айры өркөчкө төө чалды. Анткен сайын байбиче Айгайын басып, үн салды: «Менин жанымды жечү балабы? Же жарып ичтен алабы? Бу башымды жечү балабы? Бай Жакып жесир калабы?» Баканды кармап бакырды, Бакшы менен Бүбүдөн Немесин койбой чакырды. Түндүктү карап түйүлдү Көргөндөр жандан түңүлдү Алты күн тартты толгоону Айлы чарчап болгону. Жети күн тартты толгоону
Жергеси чарчап болгону.
Эми байбичең төрөйт дегенде Бай Жакып ыйлап каңгырап. Бакырып турду заңгырап: «Баласы жоктон жүдөдүм. Эркек деп бирөө жүгүрсө, Жарылып кетер жүрөгүм, Ботосу жоктон майышып, Боздоп турдум кайышып. Сүйүнчү десе бир адам, Турулбасмын тайышып. Айылга туруп тийишип Адырга чыгып кетейин. Токтолуп туруп нетейин Тоого чыгып кетейин! Жыгылсамда, талсамда Же кайрат кылып калсам да Элге шылдың болбостон, Ээн жакка барайын. Алыстан айыл карайын,
Айткандан кабар алайын».
Байбичеси Чыйырдын Баянын угуп алыңар Толгоосу сегиз күн болгон Толготкон мындай ким болгон? «Эркек бекен, кыз бекен? Мага качан айтат»- деп, Энеси жашын тыйбады. Көшүп көзү илинди, Көрө салган катынга Баланын эркектиги билинди. «Эркек! Эркек! дешкенде, Жыгылып кетти Чыйырды, Уккан кезде ошону. «Энекеси нетти?»- деп, Мартуу басып кетти» деп, Катындын баары чочуду, Кайта башын көтөрүп, Чыйырды бой токтотуп отурду «Аңтаңдабай катындар, Жерден алгын тез» деди, Акбалтанын зайыбы Киндигин өзүң кез» деди. Киндигин кести баланын, Эмкисин байкап карагын. Оромолун колго алып, Ороюн деди баланы Ороп жатса ал бала Оң колун сууруп алганы. «Колун сууруп кетти» деп, Так кырктагы кишидей Тартып бутун өттү деп, Карап турбай катындар, Кармалашсаң нетти! деп, Айтып калды Канымжан, «Кандай сөзүң жаман деп, Кармоого карууң келбесе, Сен качып кутул аман» деп, Бакырып жаткан баланы Бакдөөлөт жерден алганы. Он бештеги баладай, Көтөргөндө салмагы. Көзү каткан Бакдөөлөт Көтөрүп өөп алганы Оозантмакка баланы Оозуна эмчек салганы. Өзөгүн үзө бир соруп, Өлө жазып калганы. «Сандык толо май деди, Салган кошо бал деди Эки-үч карын май алып, Эми оозуна сал деди, Үч карын май алганы, Үч кайтара салганы. Үч карындын майларын Аш бышымда жалмады. Астына алып Чыйырды Оң эмчегин салганы. Оболкусу сүт чыкты, Экинчиси суу чыкты Үчүнчүсү кан чыкты. Чыдай албай байбичеден Жан чыкты! Чыгарып алды эмчекти Бермек болду Чыйырды
Сегиз бээ союп жентекти.
- Ит ырыскылаш
- ТОГОЛОК МОЛДО. КЕМЧОНТОЙ (поэма)
- Сура Аль-Анфаль
- «Тон жылуусун ээси билет»
- Кыргызстан. ГЭС
- Палеолит доору
- «Бакыр киши паанада»
- ОМОР СУЛТАНОВ. БОКС
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ФЗОдогу ИНИМЕ
- Жагалым
- Жаны китепкана ачылды
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. КАРАЙ КӨЗ
- Чaй жaнa пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш систeмaсы
- Аркан тосунун дагы бир салты
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЛЫМКАН
- ЖААН, ЧЫЧЫРКАНАК, ТАБЫЛГЫ, КАРАГАЙ
- Бирөөнүн дасторконун сыноо
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АККАН СУУ
- Сура Ан-Наср
- Чык татырбас Чымырбай
- Олтурган кыз орунун табат
- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР
- Сура Аль-Араф
- Готторду басып алуу
- Ат куйругун майлоо
- Байдылда Сарногоев. Бүркүттүн өлүмү
- Буудайык
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БУРАК ЖАН
- Сура Аль-Бурудж
- «Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер»
- Дыйкан жана деңизчи
- Манас. Тагдыр түйүнү
- Арстанбек
- Сабатсыздыкты жоюу
- Күз сулуу
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. СҮЙГӨН КЕСИБИМ
- Сура Абаса
- РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ. ТОО ЭЧКИ
- Арампос неме эле
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ТААСИРИМДИ ТУЮШАТ
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭҢСЕТКЕН ЖАЗ
- АТА ЖУРТТУН БИР УУЧ ТОПУРАГЫ
- Жаман эрге чыккыча жайдагым, жаман аял алгыча бой-догум
- «Касам ичкенсип»
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. МЕНИН ЖОЛУМ
- Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
- Жеңижок. Замана
- Кыргыздар. Eнисей кыргыздары X кылымдан кийин
- Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу
- Кыргыз эл оюндары. Таякты алыстыкка ыргытуу, таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу, тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу.
- Зайыптарды аео сезими
- Жан кечти
- Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт
- Жылкы кыял
- Кыргыз макалдары – Ш
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий түзүлүшү
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КЕДЕЙКАН
- Жээренченин баласы
- Манас кошойго жолукканы
- Туз жедирүү
- Кол ийрисине тартат
- Жалгыз жибербөө
- Коюндан төгүлсө кончко
- АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЕТИГЕН
- АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
- АКБАР РЫСКУЛОВ. ЭЛЧИ ЖҮРДҮМ
- Ажы
Кыргыз