Кан таламай

Кан таламай деген оюн мындай болот. Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү же бир саканы кан деп коёт. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бүгө, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо биринбирине атып ала берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Кан атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет.

Эгерде кан алчы түшсө, алчы менен атып алат, таа түшсө таа менен, бүгө түшсө бүгө менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет. Канды кандай учурда атып алса да боло бе¬рет. Чүкө атып олтуруп баардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда канды атып алган бала канды жолдошу менен чүкөнүн санатынан баш¬ка кылып салат.
Калчашаарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда кан таа түшүп калса, сак болуп турган балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап кири¬шет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коет. Баякы чүкөнү көп атып алган дагы көп талап алып байып калат. Кээ бир балдар ошол кан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат.

Ошентип баякы көп чүкөнүн барын кайсы бала алса, ошол бала уткан болуп эсептелип берки балдардан кош камчы, төө матек окшогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Кандын алчы, бүгө, чиге түшконү жай оюн болуп атып ойноло берет. Анда канды атып алган бала кан¬ды жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка таа түшүп калганда гана талашакей болуп, балдарды тытыштырып са¬лат. Кандын таа түшкөнү жаңылганы деп билинет.

  • Этносоциология
  • Сура Аль-Муджадила
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
  • ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. ӨМҮР САПАРЫ
  • Булардын кайсынысы чоң
  • Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЙЛАНГАН ТООНУН БҮРКҮТҮ
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК
  • ЧАГЫЛГАНДЫН ОТУ
  • Карыларга сыйынуу
  • АКЧА. АКЧАНЫ КАНТИП ИШТЕП ТАБУУ КЕРЕК?
  • Көрсөтмө
  • Күтүүсүз күлкү
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВГЕ
  • Кыргыз эл оюндары. Кан таламай, каным дат, дарткам.
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ
  • ЭСИҢ БОЛСО, ЭЧКИ КҮТ
  • Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт
  • Күлчоронун туткундалышы
  • Көчө жана айыл тартибин сактоо
  • «Үйүнө жакын иттин куйругу чагарак»
  • Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
  • Түрк уруулары
  • ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК
  • ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
  • ЖЫЛДЫЗ, ЖЕР
  • Чыныгы боорукердик
  • Фетишизмдин издери
  • Жакшылык
  • Риторика. Риторика илими
  • Алганга бар, бергенге жок
  • Прогресс жана адамдын эволюциясы
  • «Атасы бөлөк, аттан түш»
  • Кыргыз Атанын касиетин качыруу
  • БУЛУТ, КҮН, АЙ
  • АЙ, КҮН
  • Беш жолдош
  • Топуракты түйүп кетүү
  • Битекарын
  • Автандил Арабаев. Чыгарат акын ыр көркүн
  • Сура Аль-Касас
  • Кесип куралдары
  • Төбө чачы тик туруусу
  • ФРОНТТОГУ АГАЛАРГА
  • МЕНИН УСТАТТАРЫМ
  • КӨЛ, СУУ, АСМАН
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
  • Бүбү -Ханым мечити
  • Реки Кыргызстана Кыргызстандын суулары
  • Сура Аль-Балад
  • Кыргыз макалдары – Ш
  • Каяша айтуу
  • АК БАТАЛАР. МАНАСТЫН БАТАСЫ
  • Маалымкат
  • Кыргыз эл макалдары. Д тамгасы. 250 макал
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
  • АСМАН, ЖЕР
  • Кытайдан кыргыз элдин кайтканы
  • Алкыш сага
  • Жүгөн үзмө неме көрүнөт
  • Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 2-бөлүк 1000 макал
  • Шакен
  • Токтогул Сатылганов
  • Манас. Асман жана сөз
  • Агыш
  • Асыл таш
  • Америкалык ач күсөн
  • Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
  • Кыргызча аңгемелер. Тиги дүйнөдөгү тергөө
  • Нарындагы көтөрүлүш

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.