Ээн ооздук

Ээн ооздук. Бул – «ачык ооз – ач кыйкырык» (эл сөзү) адам­дардын мүнөзүндегү маданиятсыз көрүнүштөрдөн. Мунун экин-чи мааниси алпооздук. Айрымдар оозунан чыккан сездөрүн да баамдай албай калуучулугу жеринен адатка айланган. Андай ка-сиеттерине биротоло көнүмүш кылуучулугу, бийлик жээлигиси аркылуу кээде андай терс сапаттарын езү да баамдай албоосу. Качан айтып бүткөндөн соң «Мен эмнени айтып салдым?» – деп селт эте түшүүсү. Алпооздук – ээнооздук мансапка мае болгон, ашынган улуктарда, жетекчилерде арбын кездешет. Советтик доордун кийинки чактары компартиянын мурунку курчтугу мизи-нен тайып калганда, андай алпооз партократтар оозуна келгенин ойдогудай оттошкон. Жеке базардык акыры ээн ооздукка барып такалат. «Колхоздун козусу өлгүчө, сенин балаң өлсөчү?», «Ко-омдук малды жегиче, балаңдын боор этин жебейсиңби?»…

Мын­дай алпооздук райкомдун, обкомдун катчыларынан чыкканына уюткулуу журтчулук күбөдүр. Бул элдин үшүн алуу ыкмасы эле. Таякчан өлөсөлүү карыяларды чогултуп алып: «Тоют топтоо өнөктүгүнө жапырт аттангыла, бир тал чөптү жулуп жатып, кый-шая кетип, жан берсеңер партия силерге ыраазы болот. Ошондо бейишке чыгарсыңар» – дептир. Карыялар «Макул» болушат. Жыйындан тарашат. Оо, бир нече күндөн кийин алиги «чоң» ке-латса, эшектерин минип алып, жоон топ абышкалар каркырадай баратышат, «Чоң» алардын алдын тозоттоп чыгып: «Өнөктүк мин-тип, кызуу жүрүп жатса, карт кулжалар шашып, кайда бара жата-сыңар?» – деп, машинасынан атып чыгат. Анда карыялардын бироо эшегинин оозун тарта калып: «Баягы абышкалардын бири чоп жулуп жатып эле, жан таазим кылды, ошого топурак салганы баратабыз» – дептир. «Эл эмес экенсиңер» – деп машинасына отура калат. Корее, ал карыя Кетмен-Төбөлүк Чоңко экен… Ээн ооздук кийинки чейрек кылымда журт башында тургандарда ото эле өкүм сүрүп кеткен… Шордуу эл мындайларга да моюн сунуп келишпедиби!?

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.