Түшүнүк кат — бул кызматтык ишмердик менен байланышкан ар кандай кырдаалдарды түшүндүрүү үчүн кызматкерлер тарабынан мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисине жазылган расмий иш кага- зы. Түшүнүк кат ошондой эле кызматкер кызматтык милдетин ишке ашырып жатканда туш болгон кайсы бир кырдаалда жумушта эмне болуп өткөнүн сыпаттоо болуп саналат. Кызматтык кат өзүнүн жазылышы боюнча билдирүү жана сыпаттоого окшош болушу мүмкүн. Түшүнүк катта негизинен эмне себептен эмгек тартиби сакталган жок, ошол жөнүндө айтылат. А билдирүү менен сыпаттоодо жетишкендиктер, кемчиликтер, ийгиликтер, каржылык абал жана чарбалык ишкердик ж.б.у. сыяктуулар жазылышы мүмкүн. Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана анын негизинде кызматкерге жазанын ар түрдүү чаралары көрүлөт.
Түшүнүк кат эки түргө бөлүнөт: 1. Ички түшүнүк кат.
2. Тышкы түшүнүк кат.
Ички түшүнүк кат жаран (кызматкер, бөлүм башчы, жумушчу, студент, окутуучу ж.б.у.с.) тарабынан жазылып, мекеменин жетекчисине даректелет. Бул иш кагазда эмгек тартибинин бузулушунун себептери, жеке кемчиликтер, өзүнүн кызматтык милдетине жоопкерсиздик мамиле (ишке кечигип келүү, себепсиз жумушка келбей калуу, тапшырманы өз убагында аткарбоо, баш ийбөө ж.б.у.с.) жана ушундай абалдын себептери түшүндүрүлөт. Зарыл учурларда бекемдөө үчүн түшүнүк катка зарыл иш кагаздары тиркелет. Мындай түшүнүк кат жөнөкөй кагазга кол менен бир нускада жазылат.
Ички түшүнүк каттын маалымдаректери: 1. Түшүнүк кат кимге багытталса ошол мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы, анын аты-жөнү. 2. Иш кагазынын авторунун аты-жөнү, кызматы. 3. Иш кагаздын аты (түшүнүк кат). 4. Текст. 5. Тиркеме (зарыл учурда); 6. Колу; 7. Түшүнүк кат жазуучунун аты-жөнү;
8. Жазган күн, ай, жыл болуп саналат.
Тышкы түшүнүк кат мекеменин атайын бланкына жол-жоболош турулат. Бул катта уюмдар ортосундагы ишмердикке байланышкан ар түрдүү маалыматтар берилет. Тышкы түшүнүк каттын өзгөчөлүгү мына ушунда.
Тышкы түшүнүк каттын маалымдаректерин төмөнкүлөр түзөт:
1. Мекеменин бланкынын маалыматтары (мекеменин толук аталышы, герб, эмблема ж.б.у.с.). 2. Бул түшүнүк кат кимге жазылса ошол мекеменин аталышы, жетекчисинин аты-жөнү. 3. Текст. 4. Тиркеме (зарыл болсо). 5. Түшүнүк каттын авторунун аты-жөнү, кызматы.
6. Жетекчинин колу.
Бланк басмаканадан басылган болсо, каттын жазылган күнү көрсөтүлбөйт.
Тышкы түшүнүк кат мекеменин айрым бөлүмдөрү жумушта ар түрдүү кырдаал, кырсык болуудан пландык иш чаралар аткарылбаган учурларда жазылат. Мындай иш кагаз машинкада же компьютерде даярдалат.
№85 орто мектептин деректири Карамолдоев Нурланга физкультура мугалими
Бейшекеев Нурландан
Түшүнүк кат
Меншаардан алысжашаганыма байланыштуу транспорт өз убагында каттабагандыктан, 2004-жылдын 29-сентябрында өзүмдүн үчүнчү сабагыма 15 мүнөт кечигип келдим. Мындай иш мындан ары кайталанбайт деп ишендирем.
(колу) Н.Бейшекеев
күн, ай, жыл.
Источник – bizdin. kg
- ДАРЫЯ, СУУ
- Кыргыз макалдары. Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
- Сура Ас-Сафф
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ОТУЗ ЖАШ
- Тилемчилик
- МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» ПОВЕСТИНЕН БАЙБОЛОТТУН КАТЫ
- СУУ
- Сура Ан-Намль
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ТОКТОМАМБЕТ
- Абыке
- Кутмандуу Кыргыз Атадан собол
- Адилдин орустан өлгөнү
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК
- Тилдердин классификациясы
- ЖООКЕРДИН КӨЗ ЖАШЫ
- Каяша айтуу
- Чоң согуш
- АКЫЛ КАРАЧАЧ
- ЖЫЛДЫЗ, АСМАН, АЙ
- Сахнага (эл алдына) чыгуу
- Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы
- Үй ээси ким?
- ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. ӨМҮР САПАРЫ
- Таш бараңга алуу
- Жоолук салынбай эле кой
- Кыргыз эл макалдары А-3
- Кыргыз жеринде кара кытайлар
- ТОКТОГУЛДУН ӨЛҮМ АЛДЫНДА ЫРДАГАНЫ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ШАМАЛ
- Мышык менен чычкандар
- «Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат»
- Байдылда Сарногоев. Мас жана канчык
- ЖААН, ЧЫЧЫРКАНАК, ТАБЫЛГЫ, КАРАГАЙ
- КАНЫБЕК ЖУНУШОВ. ТАШ БАКА
- Зарыпбектин убагында бугу, сарбагыш арасы
- Манаc. Журт энеси
- Кремация
- Тийишкендин катыгын беруу
- Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы
- Японияда саясий ойдун өнүгүшү
- Орто Азия ХII кылымга чейин
- Ганнибал жана Карфаген
- Кыргыздын Кытайга качканы
- Бел алдырбоо
- «Моңолдор журттун уюткусу»
- Сура Аль-Джасийа
- Манас. “Манас” эпосунун элдиги жөнүндө
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЖАШОО
- «Манас» жана кыргыз искусствосу
- Жыгаччылык өнөр жайы
- Шер датка
- «Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру»
- Чыныгы боорукердик
- ТОГОЛОК МОЛДО. ГҮЛ ОЙРОН
- Тукумду жакшыртуу
- Багыш. Мендирман (1)
- Кыргыздын зор мамлекети
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. ДАЯРБЕК
- Сыйкырдуу торт.
- Баланын адеп башаты
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. ТАН
- ИТТИН ДООЛДАЙ ТИКТИРЕМ ДЕГЕНИ (тамсил)
- Жылымчы митаам неме
- Танып кетүү
- Эшек курту мурунунан түшүп
- Тагай бий
- КЫРГЫЗ САЛТТАРЫ
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. ЖАШТАРГА
- Ишенимкат
- Уулдан уят, кыздан кылык кеткенде
Кыргыз