“Кош, Ысык-Көл, жолугушуу алдыда Кош, толкундар, силер да аман калгыла Көрүнбөгөн бир бөксөрүү, бирде өсүү–
Энчиленген биздин кербез тагдырга.
Күтөт мени кездешүүлөр белгисиз Аман болсок эчен ойноп келербиз. Бакытыңдан ашыгыраак канчалык
Көз көрүшүү–алтын баага теңегис.
Мен сезимдин эркине эрте багынып Жүрдүм мында салкыныңды жамынып. Апакемди кээде эсимден чыгарып
Асты унутпай сени эстеп сагынып.
Жүрөм толуп көңүлүмдө байлык бар Сен берелек, мен алалек кайрыктар. Алып бүтпөс агып жаткан кенчимдей
Аны албаган мен-өзүмдө айып бар.
Мейли албасам, болсун аман алтын баш Алып коер бизден кийин келчү жаш. Көл алдында перзенттик бир милдет ал–
Көрүшөбүз кайгы, кубанч аралаш.
Жаштык деми кеч ойнотуп ээлентип Кайда кетип, кайда барып келбедик. Биз турмуштан бийик, жапыз күн көрдүк
Көлдө турду былк этпеген тереңдик.
Катуу түштү, жумшак түштү жолубуз Кээде кыска, кээде узарды колубуз. Качан, кайда жүргөндө да бир болду
Сени менен чырмалышкан оюбуз.
Болдум далай чоочун өлкө, чет элде Мага сендей табылган жок эч жерде. Калган жашты сага аманат калтырып
Жолугуу үчүн кош айтышам кетерде.
Кош, Ысык-Көл, көз көрүшүү алдыда Кош толкундар, силер да аман калгыла. Түгөнбөгөн бир бөксөрүү, бирде өксүү
Буйруп калган биздин учкул тагдырга.
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ЭШИМКАНДЫН ТЕРЕГИ (Экинчи легенда)
- ЖАМАН УУЛ, ЖАКШЫ УУЛ
- Манас. Чет-бээжин
- КАЛЫГУЛДУН ТЕРМЕ, САНАТ ЫРЛАРЫ
- Уурулук
- Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт
- АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ
- ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ КӨКӨ УУЛУ). Үй–бүлө
- АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
- Бишкек – Кыргызстандын борбору
- Экинчи согуш. Төрөгелдинин колго түшкөнү
- ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ КӨКӨ УУЛУ). БАЛАЛЫК
- «Колдо бар алтындын баркы жок»
- Кай убакта кой кысыр калат?
- Жеңижок менен Эсенамандын айтышы
- Тергебей эле кой
- Мидин кандай эле?
- Айдектөө
- Турганбай Садыков
- Оозу күйүү
- Жер соорусу Аксы экен
- Талаа жылдызы
- МИДИН АЛЫБАЕВ. МУСА ЖАНГАЗИЕВГЕ
- Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
- Чүлүктөп, ноктолоп, буйлалап, айдап алуу
- Кымбат баалуу жумурткалар
- Байлантма жиндидей
- Жылын төө кылба
- Башын аттап кетүү
- Сура Ат-Талак
- Аш берүүдөгү бөтөнчөлүктөрү
- Сура Аль-Кариа
- Жолдош ээрчитүү-жигит ээрчитүү
- Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
- Абдулкадыр Инан
- Кагып-силкүүлүк
- Нигилизм
- Сыйкырдуу торт.
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. КИМИСИ БАЛБАН?
- Модэ Шанүй
- Көнүлүндө туракемди издейт кыргыз
- Чычкан мурдун канатпоо
- ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Саада
- Карылык
- Кой союу. Кой союунун улуттук ыкмасы
- Ырыс кыркаар
- Ормон опуза
- Сура Аль-Кадр
- Шер датка
- Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу.
- Туз жедирүү
- МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА. КЫРГЫЗЫМ
- 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
- Пишпектеги революциячыл комитеттер
- Мундуздар
- Молдо
- Ондатр
- АСАН КАЙГЫНЫН СӨЗҮ Бир күнү кар түшүп, кыш болуп калды. Ошондо Асан кайгынын айткан сөзү
- Нүзүп бий
- Толубай сынчы
- Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. АЛКОО
- Абдылдаев Эсеналы
- Кыргыз эл оюндары. Ташты баштан ары артка ыргытып уяга түшүрмөй, ташты бийиктикке ыргытуу, ташты бийиктикке ыргытып кайра тутуу.
- Кыргыз эл макалдары А-1
- Текеберчилик
- Мүйүз уста
- «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮЛӨР
Кыргыз