Жүздөгөн жылдар мурун чыгышта, калкынын бактылуу, жыргап жашап жатканын ойлогон бир султан болгон экен. Күндөрдүн биринде жекшемби күнү султанга вазири келип, бир аксакал киши, ага өмүрүңдө көрбөгөндөй белек алып келгенин ийтат. СултанКелсин, көрөйүн.-деит. Карган киши ичкери кирсе, султан мурдун чүйрүп: Абдан ырайы суук неме турбайсыңбы. Чачы-башың түйдөктөй. Анан ушу кебетең менен мага белек алып келдиңби? дейт. Карьш башын чайкап: Азиз султаным. Бир жолу уулумду каракчылардан куткардыңыз эле, эсиңиздеби? Ошондо уулумду көрөрүмө ишенген эмес элем, ошондуктан сизге ыраазычьшыгымды билдирип, рахматымды айтып, бир белек катары карызымды төлөгөнү келдим.дейт. ,, Өлкөнүн маанилүү иштерин гана ойлогон султан кыжалат боло баштайт, бирок карыя такыр кебелбей туруп: Улуу урматтуу султаным! Өлкөңүздү башынан аягына чейин бир канча жолу кыдырдым. Көргөңдөрүм көңүлгө жага турган нерселер болбоду. Чынында сиз абдан боорукер, кичи пейил кишисиз. Бирок өлкөңүздө эмне болуп жатканын биле албайсыз. Сиз ушунчалык кеңиричилик ичинде жашайсыз, кедей, колунда жок кишилердин тонолуп, азап тартканын деги бир жолу уктуңузбу? Султан санааркаган, капалуу үнү менен: Менин жүздөгөн көзүм жок да? Эмне кыла алмак элем?дейт. Мен ошол үчүн келдим сизге. Жардам бергим келет. Сарайыңыздын бакчасында бир бош жер бар болушу керек сөзсүз. Ошол жерге өмүрүндө эч кимдин түшүнө кирбегендей, оюна келбегендей бир мунара куруп берейин.дейт. Султан таң калып, карыянын сөзүн бөлүп: Мунарабы? Мунаранын менин элиме эмне кереги бар?дейт. » Шашпаңыз, күтө турсаңыз. Ал жөн мунара эмес, сыйкырдуу болот. Карыя адам ошол күнү эле сарайдын бакчасында ишке киришет. Топурак казып, мраморлорду жышып, сүрүп, тизе баштайт. Эл карыянын ишинин абдан ылдам жүрүп жатканына таң калышып, карыяга миндеген сыйкырдуу колдордун жардам берип жаткандыгын ойлошот. Көп өтпөй сарайдын ортосуңда жалтыраган кооз, бийик бир төрт чарчы мунара пайда болот. Ал мунаранын жарымы кара мрамордон, калганы ак мрамордон жасалган болот. Султан кыска мөөнөттө курулган мунараны көрүп, оозу ачылып калат. Анда карыя: Улуу урматтуу султаным. Жүрүнүз, мунаранын чокусуна чыгалыдеп, экөө жүздөгөн баскычтарды ашып, мунаранын чокусуна чыгышып, ылдый жакта чогулган элди көрүшөт. Азыр сизге, буга чейинки убадамды орундатып, сырымды айтайын. Сиз көргөндөй бул мунаранын төрт бурчу бар, эки дубалы ак, эки дубалы кара мрамордон жасалган. Өлкөнүздө эмне болуп жатканын ушул мунаранын чокусуна күндө бир маал чыгып, көрүшүңүз керек. Дубалдардын кара жагынан жамаңдыктарды, ал эми жакшылыктарды көргүңүз келсе, ак жагына өтүп карасаңыз болот. Алаканыңызды үч жолу чапсаңыз, көзгө көрүнбөс күчтөр сизди дароо окуя болуп жаткан жерге алып барат. Ошол жерде сиз жамандарды жазалап, жакшыларга ыраазычылык бидцирип, белектерди тартууласаңыз болот. Ошентип султан карьшга ыраазьшьшыгын билдириш үчүн артын караса, карган аксакал көздөн кайым болот. Султан карыянын айткандарын текшериш үчүн дубалдын ак жагына отүп, тегерегин ыкылас коюп карай баштайт. Бирок эч нерсе корө албайт. Бирок, бир аздан кийин алыс жактан эшигине келген тилемчиге тамак-аш берип жаткан кичине баланы көрөт. Андан кийин айылдыктардын топтошуп алып, каракчылардын колуна түшкөн досторун куткарыш үчүн акча чогултуп жатканын көрөт. Ошентип карыянын айткандары туура чыгат. Коркуп кеткен султан дароо кара бурчка өтөт. Теребелге бир аз көз жүтүрткөн соң, коркконунан кайра ак бурчка өтөт. Калкы ойлогонундай эмес бактысыз жашап жатканын көрөт. Бир жагынан дыйкандын ую уурдалса, экинчи жагынан күнөөсүз бирөө суракка алынып, жалганчы күбөлөрдүн айынан жазаландырылат. Өлкөнүн ар кайсы жеринде зордуктоо, жамандык, эки жүздүүлүк окуяларыболупжатыптыр. Султан жини келип, үч жолу алаканын чаап, дароо ошол замат окуянын болуп жаткан жерине барып калат да, жамандык жасагандарды жазалайт. Алдаган кишинин акчасын кайтарып берет. Суракка алынып камалган кишини түрмөдөн чыгартат. Ал эми тилемчиге тамак-аш берген балага, чогулуп досторун куткаралы деген кишилерге белектер тартуулайт. Ошентип султан күндө мунара чокусуна чыгып, элин текшерип турмай болуптур. Башында бардыгы оор, үмүтсүздөй көрүнсө, кийин бара-бара султандын көнүлү ачылыптыр. Күндөн-күнгө жакшылык көбөйүп, жамандык азайыптыр. Өлкөсүндө эли тынч, жайдары, бир туугандай жашай баштаптыр. Жамандык жасаганга эч кимдин колу барбай калыптыр.
Кыргыз