KyrgyzInfo.Ru » Кыргызча Тексттер / Тексты на кыргызском » Тарых » Президент
Президент (лат. алдыда олтуруучу) – 1. шайлануучу мамлекет башчысы; 2. мекемени, коомду жетектөө үчүн шайланган төрага; 3. корпорациянын, компаниянын жогорку кызматтагы башкаруучусу. 1990-жылы 22–30- октябрдагы Кыргыз Республиканын Жогорку Советинин кезексиз сессиясында биринчи жолу Президент маселеси каралган. 1990-жылы 24-октябрда «Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, 27- октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаевди шайлоо менен коллегиялдуу мамлекет 188 башчысынын ордуна жеке кызмат оруну – Президент киргизилген. Парламент шайлаган Президенттин ыйгарым укуктарын, Президент тик бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы 12-октябрда көзкарандысыз, эгемендүү мамлекет башчысы мамлекет түзүлүш жөнүндөгү маселени чечкен. 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу менен совет системасы толугу менен жоюлуп, Президенттик бийлик орногон. 1995-жылы 24- декабрда элдик шайлоо жолу менен Кыргыз Республиканын туңгуч Президентти Аскар Акаев шайланган. Бул Конституцияга ылайык Президенттин биринчи мөөнөтү деп эсептелген. 1996-жылы 10-февралда өткөрүлгөн референдумдун негизинде Президент статусунун өзгөрүлүшү менен Президенттик «күчтүү» бийлик орноп, Кыргыз РесПрезидент парламенттик башкаруудан Президенттик башкарууга өткөн. 2000-жылы 29-октябрда Президентке Аскар Акаев экинчи мөөнөткө кайра шайланган. 2003-жылы 2- февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республиканын Президентти Аскар Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлдү.
Кыргыз