Сызга отургузуу. 1. Бул – бирөолөрдү бироолөр бирдемесин алдап, же алып бербей биротоло сиңирип кетүүсүн туюндуруусу. Тиги байкуштун какшашы. Мунун дагы бир мааниси – көчүгүн ташка ургу-лап калуусу. Отко-чокко салгандай күйүп кетүүсү. «Ал шордуу сызга отуруп калды», «Ал байкуш жер сабап калды», «Кочугун ташка койгузду». Кыскасы, ал азыр-арманын бир кудайга айтып калуусу.
2. Илгери кыргыздарда уруу чабыштары, чет элдик кол салуу-лар (мисалы, калмактар) коп болчу. Душмандар менен жоолашкан-да катуудан казан, жумшактан күл калтырбай чабылуучу. Үй, мүлк өрттөлүүчү, мал-баш жоого кетүүчү. Мындай шартта үйдө талпагы да калбай, жапа чеккен адам кара жерге, сызга отуруп калуучу. Бул туюнтмада мына ошол абалды айтып жатабыз.
Кыргыз