Кыргыз оюндары. Тыйын эңмей, укурук салмай

Тыйын эңмей

Оюнчулардын саны 2—20 киши.

Оюн талаада, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнда тыйын колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аралыгы 1000 метрдей келген түз, тегиз жол, оюндун ^ашталуучу, аякталуучу жана тыйын койчу жер белгиленгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар белгилешкен жерде, бирден кезектери келгенде аттарын текиреңдетишип басаңдатпай, токтоосуз жаткан тыйынды эңишип алууга аракеттенишет. Ошентип, оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу тыйынды эңип алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Жөө тыйын эңмей, эшек чаап баратып тыйын эңмей, качыр чаап баратып тыйын эңмей.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Бир капталына эңкейүү менен атын текиреңдетип чаптырып бара жаткан оюнчу белгилүү аралыкта тегиз жердеги тыйынды эңип алууга тийиш.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чаап бараткан аттын тездигин акырындатууга, аттан түшүп тыйынды алууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Укурук салмай

Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн жайлоодо өткөрүлөт.

Оюнда укуруктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип, колдоруна укуруктарын алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келишкенде, бирден укурук менен мурда белгилешкен аттарды же тайларды тутууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Укурук менен аттарды бат туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун түрлөрү. Жөө укурук салмай, илмек ыргытмай, жөө илмек ыргытмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине себепсиз жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билишкен оюнчулар катышышса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ат минүүнүн, чабуунун, башкаруунун ыкмаларын чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

  • Каардуу хан
  • Чач, тырмак алуу
  • Конок кирет эшиктен, ырыскы кирет тешиктен
  • Манас. “Манас” эпосунун элдиги жөнүндө
  • 1847-жылында Кене хандын кыргызга экинчи чабуулуу
  • ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ТААНЫМАЛ АКЫН ШАЙЛООБЕККЕ ТАМСИЛ ЖООП
  • Эшек курту мурунунан түшүп
  • Акыйнек
  • Көл
  • Кырсык кимди басат?
  • Калп — принцип катарында
  • Кыргыз ырлары. Кыргыз калкым
  • Мышык ашпоз болгондо
  • АКЧА. АКЧАНЫ КАНТИП ИШТЕП ТАБУУ КЕРЕК?
  • Этегинен жалгоо
  • Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы
  • Пантүркизм
  • ДАРЫЯ, СУУ (2)
  • Акыра менен кодолек.
  • АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. “НАСЫЙКАТ”
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. СОКРАТ МЕНЕН
  • Кайраштыруу
  • Үч көпөлөк
  • Кыргызстан Ош – Кыргызстандагы ири жана байыркы шаар
  • Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай
  • «Жер тамырынан эл тамыры көп»
  • Жылдыз
  • Жаны китепкана ачылды
  • Тузак үзгөн неме
  • Ысык-көлдөгү көтөрүлүш
  • Чоңдөбө көрүстөнү
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. БҮРКҮТТҮН ӨЛҮМҮ
  • Ганнибал жана Карфаген
  • САГЫНБАЙДЫН УУЛУ
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. АДАМГА
  • КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. БЕЙТААНЫШ ДОСУМА
  • ЖОЛОН МАМЫТОВ. БАКЫТ, АТЧАН
  • Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
  • Булардын кайсынысы чоң
  • ЖАМГЫР
  • Эненин сүйүүсү
  • Билбегенди билгизе айт, көрбөгөндү көргөзө айт
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ДИДАКТИКА
  • Токтогул Сатылганов
  • СУЛАЙМАН ТООСУ
  • Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы
  • Сөздөр жана алардын мааниси
  • Кыргыздардын каада-салттары. ТҮНДҮК КӨТӨРҮҮ
  • Рим тыйындары
  • ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ТЕРМЕ
  • Кыргыз эл оюндары. Жаа атуу, жааны алыстыкка атмай, жамбы атмай.
  • Кусеин Карасаев
  • Карыдан жаш сураба
  • Ондатр
  • «Төө кыядан өткен соң, оо, дегени курусун»
  • Фотомонтаж деген эмне?
  • “Системанын” жөнөкөй түшүнүгү
  • ТУМАН
  • От алышпай кетүү
  • УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ
  • Коло доорундагы кенчтер
  • Протокол
  • ИТТИН ДООЛДАЙ ТИКТИРЕМ ДЕГЕНИ (тамсил)
  • Суудан кургак чыгуу
  • Мүнүшкөр
  • 1914-жылындагы дүйнө согушунан кыргызга келген оордук
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ШИМЕЕВ СМАРГА
  • Манас китеп
  • Кыргыз элинин астрономиялык илимдери
  • Эси жокко эрегишпе

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.