Риторика илими гуманитардык илимдердин ичинен эң бир кызыктуу, керектүү жана татаал предмет катары саналат. Риторика бул -өтө кеңири көлөмдөгү темаларды , атап айтканда, риториканын пайда болуу тарыхынан баштап, элдин алдында сүйлөө же бирөөлөр менен баарлашуу мезгилинде чечендер (ораторлор) өздөрүн кандай алып жүрүүсүн, кеп адебин, сүйлөшүү маданиятынын этикеттерин, оозеки, жазуу байланыштуу кептин норма-эрежелерин, чечендик өнөргө ээ болуунун жол-жоболорун окутуп-үйрөтүүчү илим.
Риториканы окутуп-үйрөтүүдө «кеп маданиятына» (9,22,30,33,34,41,42,69,79,83,85) айрыкча маани берүү зарыл. Анткени чечендик өнөр адабий-тилдик эрежелерди мыкты билүүнү, туура, так, сабаттуу, логикалуу, орундуу, негиздүү, далилдүү сүйлөй алууну талап кылат. Риторика сөздөрдү кеңири пайдалануу менен сүйлөмдөрдү туура түзүүгө, сөздөрдүн образдуулугун, көркөмдүүлүгүн, кооздугун таанып билүү менен, стилдик каталарды кетирбөөгө үйрөтөт.Өзүнүн тилдик, кептик маданий деңгээлин жогорулатам деген ар бир адам риториканы окуп-үйрөнүүсү зарыл.
Азыркы кездеги риторика туура, так, сабаттуу, негиздүү, көркөм, далилдүү сүйлөөгө жана жазууга үйрөтөт. Бул жагынан да алайрыкча мектептин ортоңку жана жогорку класстары үчүн өтө зарыл болгон ,кыргыз тилин окутууда анча көңүл бөлүнбөй жаткан «кеп маданияты» (33,41,69) бөлүмү менен тыгыз байланышып кетет.
Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын туу чокусу, «сөз өнөрүнүн жеткен жери» (С.Закиров) болуп саналат. «Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн — чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет» (57. 352). Илгертеден айтылып келаткан «өнөр алды — кызыл тил» деген сөз, ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. «Чечен сөздөр багытталган жакка карата октой таамай, учкул тизмектеле ыргактуу, ары көркөм, өз сөзүнө өзү жооп бере алгыдай далилдүү, так кесе айтылат. Ак-караны ажырата, терең, жүйөлүү айтылган сөздөн, же жооптон, ошол адамдын бар дарамети таасын көрүнүп турган (57. 352).
Чечендик өнөр — адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз байланыштуу келип, эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайга кабылып, өзүнүн логикасын, өз күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн, изденүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанат. «Сүйлөй, сүйлөй — чечен болот» деген кеп бар элде. Окумуштуу, белгилүү тилчи, профессор Ж. Мукамбаев: « Эл чечен — деп, сүйлөгөн кезде илхамы келе түшкөн, эч кандай кагаз, карандашсыз шар сүйлөгөн, токтоосуз жооп тапкан, импровизаторлук менен куюлуштурган, үнү да, кеби да коңур келген, сөздөрү уккулуктуу, мазмундуу чыккан адамды айтышкан» (67.189) — деп жазат. «Чечендер сөздү тез тапкандыгы, таамай айтууга чебердиги, кырдалды тез түшүнгөндүгү, сезгичтиги менен башкалардан айырмаланат» (61.196).
«Риторика» деген термин грек тилинен которулганда «чечендик өнөр» (ораторское искусство) дегенди туюндурат. «Риторика филологиялык илим катары кызыл тилдеги, чечендик өнөрдөгү (оратордук искусстводогу), кептин ачыктыгына, тактыгына, көркөмдүүлүгүнө, уккулуктуулугуна жетиштирүүчү, анын ыкмаларын үйрөтүүчү илим». (28. 149-160)
Риторика бир нече кылымдык тарыхы бар дайыма өнұгұп өзгөрұп толукталып келе жаткан илим Чечендик өнөр Риторика логика психология этика эстетика тарых тил илимдери менен тыгыз байланышта
Риторикада кептин композициялык тұзұлұшұ сұйлөú учурундагы ымдоо, жаңдоолор мимика, жесттер да маанилұұ орунду ээлейт
Бирок 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап, совет өкмөтү мезгилинде чечендик кеп проблемасы өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, риторика жогорку окуу жайларында жана мектепте окутулбай калган. Анткени тоталитардык заманда риторика өзүнүн маанисинен ажырап, оратор менен аудиториянын жандуу карым-катнашы ишке ашпай калган. Мунун дагы бир себеби сүйлөй турган адам тигил же бул мекеме тарабынан мурдатан даярдалган жана бекитилген, эч кандай өзгөрүүсүз, анын чегинен чыга албай турган текст боюнча гана чыгып сүйлөгөн. Оратор ээн-эркин сүйлөө укугуна ээ боло албай, анын сөзү катуу цензурага туш болгон.Бул докладчыны жекече, эркин ой жүгүртүү менен өз оюндагысын айтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Демек ошентип, кызыл тил, чечендик кеп, оратордук жөнүндөгү илим эч кимге керексиз болуп калган. Бул мезгилде жалпы элдин сабатсыздыгын жоюу иши ийгиликтерге жетишкендиги менен сүйлөшүү этикети, кеп маданияты төмөнкү деңгээлге түшкөн:
– мектептерде чечендик искусствосу, риторика окутулбаган;
– кооз, көркөм, туура, так сүйлөөгө үйрөтүлбөгөн
Ал эми азыркы демократиялык коомдо оратор ээн эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал аудиториянын көңүлүн өзүнө буруу менен угуучулар үчүн өзүнүн сөзүн кызыктуу кылуу менен өзүнүн сөзүнүн акыйкаттуулугуна угармандарды ынандыра билүүсү зарыл. Ораторго өзүнүн докладын чыгармачылык менен даярдоого туура келет. Бул үчүн риториканын бардык алдыңкы үлгүлөрүн, сырларын билүүсү зарыл.
Бүгүнкү күндө риторикага карата кызыгуу кайрадан жанданып, бул предмет айрым мектептерде окутулуп жатат. Ошондой эле, кеп маданияты анын ажырагыз бир бөлүмү катары саналууда. Риторика бүгүнкү күндө Россиянын окуу жайларынын баарында ал түгүл техникалык факультеттерде да окутулууда .Ошондой эле, эмимектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы бүтүрүү экзамендеринде бүтүрүүчүлөрдүн кеп маданиятына да өзгөчө көңүл буруу менен бул боюнча суроо-тапшырмаларды тесттерге да киргизүү маселеси каралууда.
Азыркы учурда мектептин алдында жооптуу милдет бул — замандын талабына шайкеш келген, ар тараптан өнүккөн, чыгармачыл жаш муундарды, өз мекенинин чыныгы атуулдарын окутуп-тарбиялоо болуп саналатгандыктан, бул милдетти ишке ашырууда албетте, биринчи кезекте окуучулардын тилдик-коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруу менен бирге эле сүйлөө маданиятына, кеп адебине, кепкорлук, сөзмөрлүк чечендик ыкмаларга машыктыруу маселеси биринчи орунда турат. Кыргыз эли илгертен бери эле сөз багып, сөз сыйлаган, сөздүн кадырына жетип, ар бир сөзгө маани берген эл. Сөздүн кудурет- күчү менен жоолашкан элдер ынтымакташып, сунулган кылычтар кынына кирген. Сөздүн кереметтүүлүгүн биз санат-насыят, термелерден, макал-ылакап, табышмактардан баштап, эпос-романдарды, поэзия, прозаларды окуганда сезип-туябыз.Ушул көз караштан алып караганда риторика, чечендик кеп – бул адамдын алга карай өнүгүүсү үчүн абдан зарыл өнөр, касиет. Риторика өз алдынча илим катары өзүнүн кызыктуулугу, зарылдыгы, керектүүлүгү, татаалдыгы, ар тараптуулугу менен да өзгөчөлөнөт жана актуалдуу.
Кыргыз тилинде чечендик кептин маселелери башкаларга салыштырмалуу али изилдениле элек. Жаңыдан гана аракеттер башталды. Ал эми байыртадан бери келаткан кыргыздын тубаса чечен – таланттарынын чыгармаларында таалим-тарбиялык таасири күчтүү канчалаган акыл казыналары бугуп жатат. Алар бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпостон сакталып, улам жаңыланууда. Демек, ал залкарлардын чечендик кебин же жалпы эле чечендик кепти, аны окутуп-үйрөтүүнүн жол-жоболорун иликтөө иши азыркы учурда биздин башкы максаттарыбыздан болуп саналат.
Байыркы Греция чечендик өнөрдүн эң тунгуч уюшулган мекени катары таанылган. Биздин эрага чейин эле эле байыркы гректерде чечендик искусство деген эмне экендиги, анын кандай ыкмалары, түрлөрү болору, жалпы эле маани-маңызы аныкталган. “Ал үч өзгөчөлүктөн, т. а. багыттаган оюн — козгоодон, анын маанисин — чечмелөөдөн жана ой корутундусун элге далилдүү жеткире билүүдөн турган. Алгачкы риториктер катары Динарх, Гиперид, Горгий, Исократ, Эсхил, Филократ жана айрыкча Демосфен ж.б. саналган.» (57.352-353). Булар риториканын ыкмаларынын негизинде чечмелөө, далилдөө сыяктуу логиканын мыйзамдарын жакшы пайдаланып, көбүнчө оозеки сүйлөөгө устат болушкан. “Тил чеберлеринин ийгиликтерге жетиши -сөздөрүн фактылар менен бекемдеп сүйлөгөн кылдаттыгы, талуу жерден кармап, сын кое билген тапкычтыгы менен айырмаланган”. (57.353). Алардын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Протагор, Горгий, Сократ, Платон, Аристотель ж. б. кирет. Протагор ар дайым сөз айтышына түшкөн, пикир талашууну баштаган чечен, риторика өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири катары эсептелет. Платон чечендикти акылмандык менен тең катары карап, «элдик туура чечимдин, билимдин жана калыстыктын башаты — риторикада жатат» (Апресян Г.С.12) деген.
Байыркы Грецияда жана Римде риторика илиминин пайда болушу жана өнүгүшү

Демокрит сөздүн келип чыгыш тарыхы, аткарган функциясы туурасында баалуу ойлорун айткан. Гениалдуу ойчул Аристотель тил өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон, риторика боюнча көп жазган, энциклопедиялык аң-сезими бар мыкты лектор болгон. Ал «сөздүн максатына жетип, так жана түшүнүктүү болуусу бул – чечендик искусствонун биринчи талабы, стилдин ийгилиги тактыкта, билимиңдин зор экендигин таасын көрсөтүп турган сөз жакшы» (57.354) деген.
Риторика биздин эрага чейин 5-кылымда байыркы Грецияда пайда болуп, «бардык илимдердин ханышасы» катары эсептелинген. Платон жана анын окуучусу Аристотелдин кызыл тил тууралуу ой жүгүртүүлөрү бүгүнкү күнү дагы өз маанисин жоготкон жок. Риторика илиминин өнүгүү тарыхынын бардык учурунда анын мааниси өркүндөп, ар кыл мезгилдерде бул илимдин ар кыл алдыңкы,үлгүлүү жактары биринчи планга чыгып келген.
Байыркы Греция өңдүү эле риторика искусствосунун өнүгүшүно байыркы Рим да зор салымын кошкон. Буга Демосфендин жолун жолдогон Марк Тулий Цицеронду, Корнелий Тацит, Стаций Цецилий ж. б. кошсок болот.
Байыркы Римде риторика биздин замандын биринчи кылымында өзгөчө өркүндөп өскөн. Белгилүү оратор, саясатчы жана жазуучу Марк Туллий Цицерон жана анын «Оратор» деген чыгармасы бүткүл Европа элинин маданиятына күчтүү таасирин тийгизген. Эгер байыркы гректердин доорунда риториканын жетектөөчү идеясы же формуласы катары «ынандыра билүү искусствосу» («искусство убеждать»)саналса, ал эми римдик кызыл тил теориясында эң негизгиси «жакшы сүйлөө искусствосу» болуп саналган.
Байыркы Грецияда коомдук саясий өнүгүүдөкеңири массага таасир этүү үчүн саясий күрөшкөтүшкөн түрдүү партиялардын кармашууларынын натыйжасында, алардын ар кимиси өздөрүнүн ойлорун далилдөө максатында талаш тартыш, диспуттарды, ар кыл ыкма, усулдарды пайдаланышкандыгынын жыйынтыгынан улам бара бара риторика илими пайда болгон.
“Байыркы Грецияда негизинен үч түзүлүш болгон(элдик жыйналыш, беш жүздүк жана сот). Элдик жыйналыш мамлекеттин эң жогорку органы он күндөбирден чогулуп, мамлекеттик олуттуу иштерди кеңешеип чечип турушкан. Жыйналышта ортого чыккан адамдар өздөрүнүн орундуу, далилдүү сө здө рү менен отургандарды ынандырып, алардын акыл эсине гана эмес, эмоция, сезимдерине да күчтүү таасир калтырып, бара бара мамлекеттин ишт ерине аралашып, “оратор” деген наамга ээ болушкан” (53.8)
“Оратор – көпчүлүктүн алдында чыгып сүйлөгөн, чечен, сөзгө уста киши” (95.484). Оратор латын тилинен которгондо сүйлө өдегенди туюндурат. Оратордук өнөр бул – сөздүн кудурет – күчү м енен кыйын кырдаалдардан чыгып кеткен сөз багып, сөзгө маани берген, сөзгө уста, чечен, сөзмөр, кепкор, кө пчүлүк эл алдында таамай, так, курч, ачык, далилдүү да, көркөм да, логикалуу да сүйлөй билген акылман адамдарга таандык
Ошондой эле, байыркы Грецияда жогорудагыдай элдик жыйындарга күнөúөлүүлөрдүн иштери коюлуп, сот ишке ашкан. Адис айыптоочулардын (прокурор) жоктугуна байланыштуу айыптоочунун ролун бардык катышкан адамдар аткара беришкен. Ал эми күнөкөр элдин алдында өзүн актап, элдин кө ңүлүн өзүнөбуруу үчүн ар кыл ыкмаларды колдонгон. Эгер ал үй бүлө лүү болсо аялын, балдарын ортого чыгарып, элдин аларга боор ооруусун күткөн. Жоокер болсо согушта алган жаракаттарын көрсөткөн. Афинада соттун мүчөлөрү беш жүз адам болсо, элдик жыйналышка келгендердин саны алты миңден ашкан. Ошончолук кө пчүлүктүн алдында сүйлө өалдбетте, чечендикти талап кылган. Ошол учурда чукугандай сө з тапкан, оратордук ө нө рү бар адамдардан атайын жардам сурашкан. Сүйлө нүүчү сө здү атайын жазып берген оратор адамдар “логографтар” (53. 9.) деп аталган
Демек, риториканын атайын илим катары түптө лүүсүнөжана оратор, чечендердин, ораторлук ө нө рдүн, ораторлордун эл арасында пайда болуп ө нүгүүсүндөбайыркы Грециянын коомдук жашоосу табигый түрткү болгон деп айтууга толук негиз бар.
Грециядагы ошондой риторика илимин негиздеген ораторлор катары Лисий, Горгий, Демосфен, Исократ (байыркы Грек публицисти Сократтын окуучусу) ж.б.ларды атасак болот. Грецияда дагы бир катар ораторлор ө сүп чыккан бирок алардын эмгектери да, ысымдары да сакталып калбаган.
Грек ораторлору тууралуу толук маалымат Рим оратору Марк Туллий Цицерондун “Брут” же “Ораторлор туурасында” аттуу трактатында(53.26-29) берилген.
Исократ мыкты логограф болгон бирок эч убакта эл алдында чыгып сүйлө бө гө н. Чечендик ө нө р боюнча атайын мектеп ачып, балдарды окуткан. “Табиятынан таланттуу, билимдүү, үзгүлтүксүз тажрыйбага ээ болгон адам гана оратор боло алат” (53.10.) деген. Исократтын жазган тексттери өзгө чөдалилдүүлүгү, аргументтүүлүгү м енен айырмаланган.
Лисийдин эки жүздө н ашуун кеби сакталып,кыркка жакыны бизге жеткен. Алар кө ркө мдүүлүгү, мазмундуулугу, Афина тууралуу тарыхый маалымат калтыргандыгы менен кайталангыс эмгек болуп саналат.
Горгий ораторлук ө нө рдүн теоретиги жана окутуучусу. Риторика боюнча биринчи китепти жазышкан. Ал уккулуктуу, мазмундуу,жалындуу сө здө рү менен элдин эс инде сакталган жана ага эстелик да тургузулган. Ал эстелик он тогузунчу кылымдагы археологиялык казууларда табылган. “Касыңдын далилдерин тамаша менен четке как, ал эми анын тамашаларына олуттуулук менен мамиле жаса деген” сө здө рү гана эл арасында айтылып калбаса, башка тексттери сакталбаган. Ал мыкты оратор катары практик гана эмес, чечендик ө нө рдүн теоретиги да болгон. Андан байлардын балдары чечендикке үйрө нүшкө н. Риторика боюнча биринчи китеп жазуу менен алгачкы ирет риторлордун мектебин ачкан.
Чечендик искусствонун эң ири өкүлдөрүнүн бири катары биздин эрага чейин 384-322-жылдары жашаган укук коргоочу судья, элдик патриот, саясий лидер — Демосфен болгон. Бала чагынан ден-соолугу начар, тили тантык, ийнинин калчылдак экенине карабай, көшөрө намыстанып, тынымсыз көнүгүүнүн натыйжасында бардык мүчүлүштүктөрүнөн арылып, тил чеберлеринин эң алдыңкы катарына чыккан (25. Бонар. А). Өзүнүн теңдешсиз устаттыгы менен Демосфен чечендер элитасынын алгачкы атактууларынын биринчи жылдызы аталып калган. Ал сүйлөгөндө сөздүн иретин бузбай, ар качан далилдүү, чукугандай сөз таап элди кумарланта, угуучуларга күчтүү таасир калтыра, кыска сүйлөгөн. «Чоң психолог болгондуктан, анын элге берген баалары типтештирилген көркөм жалпылоо катары кабыл алынып кеткен. Анын сүйлөөдөгү артыкчылыктарынан чет жактагыларга чейинки (айрыкча Римде) ар кыл муундагы сөз чеберлери үлгү алышкан» (57. 353.).
Демосфен саясий риториканын атасы. Байдын уулу болуп, оратор Исейден билим алган. Эрте жетим калып, мал мүлкүн талап кетишкен. Анын биринчи кеби дал ошол алдамчы адамдарга арналып, сотто жеңишке ээ болгон. Ал бала чагында кекеч, чулдур болуп, үнү акырын чыккан.Өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен мыкты кепке жетишкен. Мисалы, үнүн катуулатуу,чулдурун жоготуу үчүн майда таштарды оозуна салып, сүйлөп машыккан. Катуу аккан суунун боюнда декламацияларды, тексттерди кыйкырып айтып машыккан. Сол жак ийини кыймылдап тургандыктан, бурчка кылычты илип коюп, түз туруп сүйлөөгө көнүккөн. Чечендик ө нө рүн соттук риторика менен баштап, кийин Афинанын саясий жашоосуна аралашып, саясий риторикага кирип кеткен. Цицерон анын соттук чечендигине жогору баа берген. Демосфендин кырктан ашуун сөзү азыркы күнгө жеткен. Ал македониялыктардын баскынчылык саясатына каршы туруп, Афинанын көз карандысыздыгын коргогон. Эл алдында сүйлөөгөатайын даярданган. Үн, ымдоо,жаңдоого басым жасаган.
“Кеби көркөмдүү,мазмундуу, бай болуусу үчүн синонимдерди, метафораларды ыктуу колдонгон. Анын негизги ыкмасы — сүйлө п жатып тыныгуу жасоо. Кунт коюп угуп жаткан угуучулар кепти андан ары улап кетишкен. Анын чечендигин ал түгүл душмандары да жогору баалашкан” (53. 14).
Аристотель “Риторика” аттуу эмгегинде (53.14-15) оратор катары риторика илиминде ар бир жагдай, шарт, кырдаалга жараша ишенимдүү сүйлө ө гөбасым жасаган. Риториканы “ишенимдүү сүйлө й билүү ө нө рү катары диалектикага жакын илим”(37) деген.Диалектика чындыкты изилдө өүчүн ой жүгүртүү жана аңгемелешүүгөтаянат. Аңгемелешүү эки тараптуу болгондуктан, т.а. аңгемелешүүгөэки же андан көп адамдар катышкандыктан, ө з пикириңди коргоо жана сө здү ишенимдүү айтууда, кимдир бирө ө н, коргоодо же каралоодо ар бир адам ө з стилин, ө з манерасын сактоосу зарыл. Мына ушулар риторика илиминин эң башкы категориялары экендигин ал ө з эмгегинде далилдеген. “Ал эмгеги үч китептен турган: 1- китепте: оратордук ө нө рдүн эң маанилүү критерийи болгон далил, далилди табуу жана түшүндүрүү маселеси каралган.
Сүйлө нүүчү сө здүн мазмунуна жараша кепти үч түргөбө лгө н
Түрдүү жыйналыштарда сүйлө нүүчү сөздөр
Сотто сүйлөнүүчү сөздөр
Жакшылык тойлордо жана жамандыктарда (Мисалы, өлүк коюуда сүйлөнүүчү сөздөр
Бул бөлүштүрүү бүгүнкү күндө да айрым эмгектерде сакталууда. Мисалы, “1970-жылы чыккан Г.З. Апресяндын “Ораторское искуссство”(12) деген эмгегинде ораторлук өнөрдүн тө мө нкү түрлөрү берилген: социалдык саясий чечендик; академиялык чечендик; соттук чечендик; социалдык турмуштук кеп; диний сөздөр.
Аристотель айрыкча соттук чечендикке токтолгон. Анын эмгегинде кө бүнчө риторика менен эстетиканын байланышына айрыкча токтолгон. Эстетиканын кооздук категориясы оратордун өзүндө жана анын сө зүндө сакталуусун талап кылат да, далилдөө , ачуулануу, талашуу, сүйүнүү булардын баары чечендин түрдүү жагдайларда туш боло турган проблемасы экендигин, сүйлө п жаткан учурда аларды кантип жөнгө салуу керектигин чечмелейт. 2 — китепте: оратордун сө зүнүн ынанымдуулугун арттыруу маселеси каралган. Мисалы, алгач ирет сүйлөөчү өзүн уга турган аудитория менен байланыш түзүүсү зарыл. Андан кийин гана кебин ишенимдүү, далилдүү сүйлө ө сү зарыл.
Эгерде түздөн түз байланыштуу болбосо, оратор ( оратор дегенибиз саясатчы да, окутуучу да болушу мүмкүн) үчүн кыйын абал туулат.
Угуучулар кызыкпаса, тексттин мазмуну начар болсо, анда айтылган кеп өз максатына жетпейт.
1.1. Байыркы Грецияда жана Римде риторика илиминин пайда болушу жана өнүгүшү
Байыркы Греция чечендик өнөрдүн эң тунгуч уюшулган мекени катары таанылган. Биздин эрага чейин эле эле байыркы гректерде чечендик искусство деген эмне экендиги, анын кандай ыкмалары, түрлөрү болору, жалпы эле маани-маңызы аныкталган. “Ал үч өзгөчөлүктөн, т. а. багыттаган оюн — козгоодон, анын маанисин — чечмелөөдөн жана ой корутундусун элге далилдүү жеткире билүүдөн турган. Алгачкы риториктер катары Динарх, Гиперид, Горгий, Исократ, Эсхил, Филократ жана айрыкча Демосфен ж.б. саналган.» (57.352-353). Булар риториканын ыкмаларынын негизинде чечмелөө, далилдөө сыяктуу логиканын мыйзамдарын жакшы пайдаланып, көбүнчө оозеки сүйлөөгө устат болушкан. “Тил чеберлеринин ийгиликтерге жетиши -сөздөрүн фактылар менен бекемдеп сүйлөгөн кылдаттыгы, талуу жерден кармап, сын кое билген тапкычтыгы менен айырмаланган”. (57.353). Алардын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Протагор, Горгий, Сократ, Платон, Аристотель ж. б. кирет. Протагор ар дайым сөз айтышына түшкөн, пикир талашууну баштаган чечен, риторика өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири катары эсептелет. Платон чечендикти акылмандык менен тең катары карап, «элдик туура чечимдин, билимдин жана калыстыктын башаты — риторикада жатат» (Апресян Г.С.12) деген.
Демокрит сөздүн келип чыгыш тарыхы, аткарган функциясы туурасында баалуу ойлорун айткан. Гениалдуу ойчул Аристотель тил өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон, риторика боюнча көп жазган, энциклопедиялык аң-сезими бар мыкты лектор болгон. Ал «сөздүн максатына жетип, так жана түшүнүктүү болуусу бул – чечендик искусствонун биринчи талабы, стилдин ийгилиги тактыкта, билимиңдин зор экендигин таасын көрсөтүп турган сөз жакшы» (57.354) деген.
Риторика биздин эрага чейин 5-кылымда байыркы Грецияда пайда болуп, «бардык илимдердин ханышасы» катары эсептелинген. Платон жана анын окуучусу Аристотелдин кызыл тил тууралуу ой жүгүртүүлөрү бүгүнкү күнү дагы өз маанисин жоготкон жок. Риторика илиминин өнүгүү тарыхынын бардык учурунда анын мааниси өркүндөп, ар кыл мезгилдерде бул илимдин ар кыл алдыңкы,үлгүлүү жактары биринчи планга чыгып келген.
Байыркы Греция өңдүү эле риторика искусствосунун өнүгүшүно байыркы Рим да зор салымын кошкон. Буга Демосфендин жолун жолдогон Марк Тулий Цицеронду, Корнелий Тацит, Стаций Цецилий ж. б. кошсок болот.
Байыркы Римде риторика биздин замандын биринчи кылымында өзгөчө өркүндөп өскөн. Белгилүү оратор, саясатчы жана жазуучу Марк Туллий Цицерон жана анын «Оратор» деген чыгармасы бүткүл Европа элинин маданиятына күчтүү таасирин тийгизген. Эгер байыркы гректердин доорунда риториканын жетектөөчү идеясы же формуласы катары «ынандыра билүү искусствосу» («искусство убеждать»)саналса, ал эми римдик кызыл тил теориясында эң негизгиси «жакшы сүйлөө искусствосу» болуп саналган.
Байыркы Грецияда коомдук саясий өнұгұұдөкеңири массага таасир этұұ ұчұн саясий кұрөшкөтұшкөн тұрдұұ партиялардын кармашууларынын натыйжасында, алардын ар кимиси өздөрұнұн ойлорун далилдөө максатында талаш тартыш, диспуттарды, ар кыл ыкма, усулдарды пайдаланышкандыгынын жыйынтыгынан улам бара бара риторика илими пайда болгон.
“Байыркы Грецияда негизинен ұч тұзұлұш болгон(элдик жыйналыш, беш жұздұк жана сот). Элдик жыйналыш мамлекеттин эң жогорку органы он кұндөбирден чогулуп, мамлекеттик олуттуу иштерди кеңешеип чечип турушкан. Жыйналышта ортого чыккан адамдар өздөрұнұн орундуу, далилдұұ сө здө рұ менен отургандарды ынандырып, алардын акыл эсине гана эмес, эмоция, сезимдерине да кұчтұұ таасир калтырып, бара бара мамлекеттин ишт ерине аралашып, “оратор” деген наамга ээ болушкан” (53.8)
“Оратор – көпчүлүктүн алдында чыгып сүйлөгөн, чечен, сөзгө уста киши” (95.484). Оратор латын тилинен которгондо сұйлө өдегенди туюндурат. Оратордук өнөр бул – сөздұн кудурет – кұчұ м енен кыйын кырдаалдардан чыгып кеткен сөз багып, сөзгө маани берген, сөзгө уста, чечен, сөзмөр, кепкор, кө пчұлұк эл алдында таамай, так, курч, ачык, далилдұұ да, көркөм да, логикалуу да сұйлөй билген акылман адамдарга таандык
Ошондой эле, байыркы Грецияда жогорудагыдай элдик жыйындарга кұнөúөлұұлөрдұн иштери коюлуп, сот ишке ашкан. Адис айыптоочулардын (прокурор) жоктугуна байланыштуу айыптоочунун ролун бардык катышкан адамдар аткара беришкен. Ал эми кұнөкөр элдин алдында өзұн актап, элдин кө ңұлұн өзұнөбуруу ұчұн ар кыл ыкмаларды колдонгон. Эгер ал ұй бұлө лұұ болсо аялын, балдарын ортого чыгарып, элдин аларга боор ооруусун кұткөн. Жоокер болсо согушта алган жаракаттарын көрсөткөн. Афинада соттун мұчөлөрұ беш жұз адам болсо, элдик жыйналышка келгендердин саны алты миңден ашкан. Ошончолук кө пчұлұктұн алдында сұйлө өалдбетте, чечендикти талап кылган. Ошол учурда чукугандай сө з тапкан, оратордук ө нө рұ бар адамдардан атайын жардам сурашкан. Сұйлө нұұчұ сө здұ атайын жазып берген оратор адамдар “логографтар” (53. 9.) деп аталган
Демек, риториканын атайын илим катары тұптө лұұсұнөжана оратор, чечендердин, ораторлук ө нө рдұн, ораторлордун эл арасында пайда болуп ө нұгұұсұндөбайыркы Грециянын коомдук жашоосу табигый тұрткұ болгон деп айтууга толук негиз бар.
Грециядагы ошондой риторика илимин негиздеген ораторлор катары Лисий, Горгий, Демосфен, Исократ (байыркы Грек публицисти Сократтын окуучусу) ж.б.ларды атасак болот. Грецияда дагы бир катар ораторлор ө сұп чыккан бирок алардын эмгектери да, ысымдары да сакталып калбаган.
Грек ораторлору тууралуу толук маалымат Рим оратору Марк Туллий Цицерондун “Брут” же “Ораторлор туурасында” аттуу трактатында(53.26-29) берилген.
Исократ мыкты логограф болгон бирок эч убакта эл алдында чыгып сұйлө бө гө н. Чечендик ө нө р боюнча атайын мектеп ачып, балдарды окуткан. “Табиятынан таланттуу, билимдұұ, үзгүлтүксүз тажрыйбага ээ болгон адам гана оратор боло алат” (53.10.) деген. Исократтын жазган тексттери ө згө чөдалилдұұлұгұ, аргументтұұлұгұ м енен айырмаланган.
Лисийдин эки жұздө н ашуун кеби сакталып,кыркка жакыны бизге жеткен. Алар кө ркө мдұұлұгұ, мазмундуулугу, Афина тууралуу тарыхый маалымат калтыргандыгы менен кайталангыс эмгек болуп саналат.
Горгий ораторлук ө нө рдұн теоретиги жана окутуучусу. Риторика боюнча биринчи китепти жазышкан. Ал уккулуктуу, мазмундуу,жалындуу сө здө рұ менен элдин эс инде сакталган жана ага эстелик да тургузулган. Ал эстелик он тогузунчу кылымдагы археологиялык казууларда табылган. “Касыңдын далилдерин тамаша менен четке как, ал эми анын тамашаларына олуттуулук менен мамиле жаса деген” сө здө рұ гана эл арасында айтылып калбаса, башка тексттери сакталбаган. Ал мыкты оратор катары практик гана эмес, чечендик ө нө рдұн теоретиги да болгон. Андан байлардын балдары чечендикке ұйрө нұшкө н. Риторика боюнча биринчи китеп жазуу менен алгачкы ирет риторлордун мектебин ачкан.
Чечендик искусствонун эң ири өкүлдөрүнүн бири катары биздин эрага чейин 384-322-жылдары жашаган укук коргоочу судья, элдик патриот, саясий лидер — Демосфен болгон. Бала чагынан ден-соолугу начар, тили тантык, ийнинин калчылдак экенине карабай, көшөрө намыстанып, тынымсыз көнүгүүнүн натыйжасында бардык мүчүлүштүктөрүнөн арылып, тил чеберлеринин эң алдыңкы катарына чыккан (25. Бонар. А). Өзүнүн теңдешсиз устаттыгы менен Демосфен чечендер элитасынын алгачкы атактууларынын биринчи жылдызы аталып калган. Ал сүйлөгөндө сөздүн иретин бузбай, ар качан далилдүү, чукугандай сөз таап элди кумарланта, угуучуларга күчтүү таасир калтыра, кыска сүйлөгөн. «Чоң психолог болгондуктан, анын элге берген баалары типтештирилген көркөм жалпылоо катары кабыл алынып кеткен. Анын сүйлөөдөгү артыкчылыктарынан чет жактагыларга чейинки (айрыкча Римде) ар кыл муундагы сөз чеберлери үлгү алышкан» (57. 353.).
Демосфен саясий риториканын атасы. Байдын уулу болуп, оратор Исейден билим алган. Эрте жетим калып, мал мұлкұн талап кетишкен. Анын биринчи кеби дал ошол алдамчы адамдарга арналып, сотто жеңишке ээ болгон. Ал бала чагында кекеч, чулдур болуп, ұнұ акырын чыккан.Өжөрлұгұ, эмгекчилдиги менен мыкты кепке жетишкен. Мисалы, ұнұн катуулатуу,чулдурун жоготуу ұчұн майда таштарды оозуна салып, сұйлөп машыккан. Катуу аккан суунун боюнда декламацияларды, тексттерди кыйкырып айтып машыккан. Сол жак ийини кыймылдап тургандыктан, бурчка кылычты илип коюп, тұз туруп сұйлөөгө көнұккөн. Чечендик ө нө рұн соттук риторика менен баштап, кийин Афинанын саясий жашоосуна аралашып, саясий риторикага кирип кеткен. Цицерон анын соттук чечендигине жогору баа берген. Демосфендин кырктан ашуун сөзұ азыркы кұнгө жеткен. Ал македониялыктардын баскынчылык саясатына каршы туруп, Афинанын көз карандысыздыгын коргогон. Эл алдында сұйлөөгөатайын даярданган. Ұн, ымдоо,жаңдоого басым жасаган.
“Кеби кө ркө мдұұ,мазмундуу, бай болуусу ұчұн синонимдерди, метафораларды ыктуу колдонгон. Анын негизги ыкмасы — сұйлө п жатып тыныгуу жасоо. Кунт коюп угуп жаткан угуучулар кепти андан ары улап кетишкен. Анын чечендигин ал тұгұл душмандары да жогору баалашкан” (53. 14).
Аристотель “Риторика” аттуу эмгегинде (53.14-15) оратор катары риторика илиминде ар бир жагдай, шарт, кырдаалга жараша ишенимдұұ сұйлө ө гөбасым жасаган. Риториканы “ишенимдұұ сұйлө й билұұ ө нө рұ катары диалектикага жакын илим”(37) деген.Диалектика чындыкты изилдө өұчұн ой жұгұртұұ жана аңгемелешұұгөтаянат. Аңгемелешұұ эки тараптуу болгондуктан, т.а. аңгемелешұұгөэки же андан көп адамдар катышкандыктан, ө з пикириңди коргоо жана сө здұ ишенимдұұ айтууда, кимдир бирө ө н, коргоодо же каралоодо ар бир адам ө з стилин, ө з манерасын сактоосу зарыл. Мына ушулар риторика илиминин эң башкы категориялары экендигин ал ө з эмгегинде далилдеген. “Ал эмгеги ұч китептен турган: 1- китепте: оратордук ө нө рдұн эң маанилұұ критерийи болгон далил, далилди табуу жана тұшұндұрұұ маселеси каралган.
Сұйлө нұұчұ сө здұн мазмунуна жараша кепти ұч тұргөбө лгө н
Тұрдұұ жыйналыштарда сұйлө нұұчұ сөздөр
Сотто сүйлөнүүчү сөздөр
Жакшылык тойлордо жана жамандыктарда (Мисалы, өлұк коюуда сұйлөнұұчұ сөздөр
Бул бөлұштұрұұ бұгұнкұ кұндө да айрым эмгектерде сакталууда. Мисалы, “1970-жылы чыккан Г.З. Апресяндын “Ораторское искуссство”(12) деген эмгегинде ораторлук ө нө рдұн тө мө нкұ тұрлө рұ берилген: социалдык саясий чечендик; академиялык чечендик; соттук чечендик; социалдык турмуштук кеп; диний сөздөр.
Аристотель айрыкча соттук чечендикке токтолгон. Анын эмгегинде кө бұнчө риторика менен эстетиканын байланышына айрыкча токтолгон. Эстетиканын кооздук категориясы оратордун өзұндө жана анын сө зұндө сакталуусун талап кылат да, далилдөө , ачуулануу, талашуу, сұйұнұұ булардын баары чечендин тұрдұұ жагдайларда туш боло турган проблемасы экендигин, сұйлө п жаткан учурда аларды кантип жөнгө салуу керектигин чечмелейт. 2 — китепте: оратордун сө зұнұн ынанымдуулугун арттыруу маселеси каралган. Мисалы, алгач ирет сұйлөөчұ өзұн уга турган аудитория менен байланыш тұзұұсұ зарыл. Андан кийин гана кебин ишенимдұұ, далилдұұ сұйлө ө сұ зарыл.
Эгерде түздөн түз байланыштуу болбосо, оратор ( оратор дегенибиз саясатчы да, окутуучу да болушу мұмкұн) ұчұн кыйын абал туулат.
Угуучулар кызыкпаса, тексттин мазмуну начар болсо, анда айтылган кеп өз максатына жетпейт. Ушундан улам Аристотель ораторго жардам берұұчұ ұч негизги нерсени сунуш к
1 – чийме:
Оратор үчүн эмне керек?
Алгач угуучулар менен тил табышып, жагымдуу жагдай тұзұұ. АНдан соң аларга чын дилден мамиле жасоо, карама каршылыктар болсо аларды четтетұұ. Жана эң негизгиси текст мыкты болуусу шарт. 3 — китебинде: кептин композициясы, баалуулугу, көркөмдұұлұгұ жана стилдер изилденилген” (53. 15-18.).
Аристотель мыкты оратор болбосо да риториканы изилдөөчұ окумуштуу катары риторика илиминин тарыхында калды.
- Беш таш
- Сахнага (эл алдына) чыгуу
- Кыргыз-Кытай дипломатиялык алакалары
- Чык татырбас Чымырбай
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ
- Кыргыз опера жана балет театры
- Түргөштөр
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КАЙЫНДЫ
- Ж. Бөкөнбаев – Курбум
- Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 3-бөлүк 800 макал
- Балатоктобой жүрсө
- Иттартыш (итталаш)
- АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
- Үй-Бүлө
- Беттен алуу
- Кыргыздын эски майрамдары
- Асан
- Дос жана тааныш
- Кыргыз жеринде кара кытайлар
- Көлөкөгө тон бычып
- Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу.
- Аяз атадан кат
- Көк жору
- «Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт»
- Көк бөрү улагынын этин татуу
- Белунуп-жарылуу
- Табасы канды
- Шырдакбек – Байыркы ордо-шаар Кажингарбашы
- «Жакшыны жатым дебейт, жаманды өзүм дебейт»
- Бегалиев Муратбек Акимович
- Айбандан мурда адамды ардакта
- КАЛЫГУЛ. «Акыр заман»
- Өгүз болгуча торпок пейили калбаптыр
- Аксакалдар бийлиги
- Ыйкы-тыйкылык
- МИДИН АЛЫБАЕВ. ӨМҮРКУЛ ЖАКИШЕВГЕ
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЖООП КАТ
- Акмат бий
- Өз улутун сүйүү салты
- «Кыз – конок»
- Кулактандыруу
- Цивилизация жана табият
- «Кыргыздын килеми көчкөн жерде калат».
- Түлкү менен карышкыр
- Көкчөнүн өлүшү 3-бөлүк
- АСМАН, АЙ, КҮН, ЖЕТИГЕН
- Кыргызияда караханиддер
- «Кел, орток, кел»
- РАМИС РЫСКУЛОВ. СЕРГЕКТИК
- ЖЫЛДЫЗ, АСМАН, АЙ
- Байдылда Сарногоев. Алтын тиштүү алмакан
- Майкана көрбөй бала оңолбойт
- Бөрү (ууру) тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
- Кыргыз качан мусулман болгон?
- Баланы тосуу
- ОМОР СУЛТАНОВ. АЛТАЙ… АЛТАЙ…
- БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. АЗ КАЛДЫ
- Отунчу падыша
- Керооз
- Асыл таш
- «Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт»
- Ырыс кыркаар
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ШАП КАРМАЛЫП КАЛБАСПЫ
- Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык өмүр жолу
- Этнология
- Сура Йа Син
- Түрк уруулары
- Бугулардын 1856-57-жылдарда барып, турпандыктын он миң мал чаап алганы
- Этнос жалган түшүнүкпү?
- Математикалык статистика
Кыргыз