Кыргыз эл оюндары. Узундукка секирүү, узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү, аңкилдек.

KyrgyzInfo.Ru » Кыргыз эл оюндары » Кыргыз эл оюндары. Узундукка секирүү, узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү, аңкилдек.

Узундукка секирүү

Оюнчулардын саны 2—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, стадион.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар өткөрүлүүчү жумшак жерди тандашып алышкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар 15—25 метрдей аралыктан күүлөнүшүп катуу жүгүрүшүп келишкенден кийин, буттары менен түртүшүшүп узундукка секиришет. Оюнчулардын аракети 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн, Жүгүрүп келип узундукка секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Узундукка ордунан секирүү, бир бутунда узундукка секирүү, артка секирүү, капталга секирүү, бийиктикке секирүү, бийиктикке ордунан түртүшүп секирүү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, бир оюнчу секирип болмоюнча, экинчи оюнчуга секирүүгө, сызылган сызыкты тепсеп андан өтүп секирүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак, күүлөнүп жүгүрүүчү жер тегиз, ашык буюмдар жок болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик тарбияланат, секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Узунунан коюлган узун камчыдан секирип өтүү

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт,

Оюнда узун камчы колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар узун камчыны оюн өтүлүүчү жерге узунунан коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден Го—20 м. аралыктан күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишкенден кийин, узунунан коюлган камчыдан секирип өтүүгө аракеттенишет. Камчыдан секирип өтүшкөн оюнчуларга, камчынын узундугун акырындатып узартылат. Секиришип өтө албай калган оюнчулар, оюнду өткөрүшкө жардам беришет. Оюн, оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча өткөрүлөт.

Оюндун эрежеси. Камчыны керексиз узартууга жана кыскартууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик тарбияланат, узундукка секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Аңкилдек

Оюнчулардын  саны  5—10киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар! 1 метрдей келген таяктар,

Оюнга даярдануу. Оюнчулар колдоруна таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден катардан чыгышып, колдорундагы таяктардын бир учунан, экинчи учуна ыргып-секирип дөңгөлөк сыяктуу тегеретип ыргытышууга аракеттенишет, Оюнчулардын аракети кезектери менен 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Таягын алыстыкка дөңгөлөтүп ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Таяктар ыргытылып жатканда, талаада турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Таяктардын узундугу бирдей, оюн эл жашаган жерден башка жерде өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, таяктарды ыргытуунун ыкмаларын, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

  • Кыргыз эл оюндары. Таштан, ташка секирип жүрмөй, таштан секирип өтүү, термелип жаткан селкинчектен алыстыкка секирүү
  • Кыргыз эл оюндары. Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү, таяк менен түртүнүп узундукка секирүү, таяк менен түртүнүп секирип жүрүү
  • Кыргыз эл оюндары. Дөңгө секирип чыгуу, Жардан секирип түшүү, Коён секириш
  • Кыргыз эл оюндары. Беш тумак, бийиктикке узун камчы аркылуу секирип өтүү, дарактан секирип түшүү
  • Кыргыз эл оюндары. Азаптуу кап, арыктан секирип өтүү, жамбыга секирип жетүү
  • Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
  • Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак
  • Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү
  • Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу, Жоолук таштамай, Жүгүрүшүү
  • Кыргыз эл оюндары. Желмогуз кемпир, жигиттер аттангыла, жөө жарышуу
  • Кыргыз эл оюндары. Ат оюн, баш кийимди алып качуу, жашынмак
  • Кыргыз эл оюндары. Тушоо менен басуу, этек тепсемей, ала күчүк.
  • Кыргыз эл оюндары. Кош аяктап жүгүрүү, өрдөк баш, таш үстүндө басуу
  • Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай
  • Кыргыз эл оюндары тууралуу кыскача маалымат

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.