УМАЙ ЭНЕНИН КОЛУ
Жер шарында жашаган калктардын көпчүлүгүндө энелерди жана жаш балдарды коргогон, дайыма руханий жактан колдоого алып турган аял кудайлары, пайгамбарлары, легендарлуу ыйык энелери болгон. Маселен, египеттиктер де «Исида», вавилондуктарда «Иштар», финикиялыктарда «Астарда», байыркы Индиянын жергиликтүү калктарында «Аи» ыйык энелердин ролун аткарган. Ал эми Борбордук Азияда, Түштүк Сибирде жана СаянАлтай аймактарында жашаган байыркы түрк калктарында бул сыяктуу касиеттүү эне «Умай» (Умай эне) деп аталган. Эгерде биз этнографиялык материалдарга көз чаптырсак, анда «Умай эне» жөнүндөгү түшүнүктөр жана аны менен байланыштуу аткарылган ырымжырымдар байыркы кыргыздардын үйбүлө турмушунда кенен орун алгандыгын
көрөбүз. Маселен, жаңы төрөлгөн баланын куймулчагындагы тбаса көк такты кыргыздар «Умай энеси уруп кетиптир» дешип кубанышып, жакшылыкка жорушкан. Жаш баласынын бетин эртең менен жууп жатканда айрым энелердин: «Мурунку убакта балдар түнүчүндө уктап жатканда Умай энеси келип жууп койчу эле», деген сөздөрүнөн касиеттүү эненин балдар жөнүндөгү камкордугун байкоого болот. Умай эненин жардамына, айрыкча, боюнда бар аялдар, төрөт мезгилинде, балдарды оорудан жана башка ар кандай кырсыктардан сактап калуу үчүн өткөргөн ырым-жырым дарында кайрылышкан. Балдарды бир жакка жөнөткөндө энелери:
«Умай энеңе тапшырдым», деп сөзүн аяктаган. Умай эне жөнүндөгү түшүнүктүн өзүнчө тарыхы бар. Этнографиялык материалдарга караганда Умай эне жөнүндөгү уламыштар, ырымжырымдар жана ал жөнүндөгү терминдер биздин замандын алгачкы этаптарында эле түрк тилинде сүйлөгөн Батыш Сибирь калктарында орун алгандыгын көрөбүз. VI VIII кылымдарга таандык болгон байыркы түрк руникалык жазууларынан да Умай эненин ысмы аталгандыгын көрүүгө болот. Маселен, таш жазуусунан мындай сүйлөмдү жолуктурабыз:
«Түрк эли жок болбосун деп Каган атамды, Умай энемди Теңир колдоду, Теңир өзүмдү хандыкка отургузду».
- Элдик адам
- Кемеге талашуу
- Расизм
- Токтогул Сатылганов жана кыргыз музыкасы
- Айчүрөктүн толгоосу
- Эгемен айтпай кыргызмын
- ЭСИҢ БОЛСО, ЭЧКИ КҮТ
- АЙТ,АЙТ ДЕСЕ
- Капитализм
- ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙ МЕНЕН АДЫБАЙ
- Кокон хандыгы
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Саада
- Манастын жоролору
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖАЙДЫН КЕЧИ
- Кыргызы. Кыргызы в подданстве калмаков
- Кузаматчылык
- Итине жугунду арттырбаган
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ, ЭЛ БОЛБОСО
- Айрым ата-энелердин терс тарбия-таалими
- Жезденин кулагын чоюу
- Эсептөө системасы
- «Суроосу жарашса, соз айтылат»
- Манаc. Журт энеси
- Гармониялуу адамдар
- МЕН КЫРГЫЗДЫН АКЫНЫ
- ЖЫЛДЫЗ, АЙ
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. ДҮНҮЙӨ
- Бирөөнүн дасторконун сыноо
- Кусуру уруу
- Кыргыз эл макалдары. Ж тамгасы 1500 макал
- Адептүү ырымдар
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧАГЫЛГАН, ЭЧКИ
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. БОЁК
- Акындардын Аксыдагы айтышы
- Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү
- БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. СҮЙЛӨШҮҮЛӨР
- Кыргыздарда Мейман чакыруу жана мейманга баруу
- Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. ЫРАЙКАН. ЗЕЙНЕП
- Булбулдун ыры
- Сөзгө конок берүү
- Ийсинип кетүү, ийитип алуу
- Э.Арабаевдин тунгуч “Алиппеси”. Алиппе
- Чыңгыз хан (Чингиз хан)
- Сыйкырдуу торт.
- Абанын булганышы
- АТА-ЭНЕ БАЛДАРДЫ ӨСТҮРҮҮ ЖАНА ҮЙЛӨНДҮРҮП ЭНЧИЛЕР БЕРҮҮ САЛТЫ
- Жалбыз (уламыш)
- Сура Аль-Кахф
- Кыргыз эл макалдары А-3
- Акылдуунун белгиси
- Колхоз жөнүндө
- Казак, Кыргыз окуясы – Кененсары кандын Ормон канга элчи жибергени
- Кыргыз оюндары. Тыйын эңмей, укурук салмай
- Эстеликтерге ишенүүгө болобу?
- Көкчөнүн өлүшү 1-бөлүк
- Өмүр кай убакта кыскарат?
- Бала өзүнүн энчилүү аты жөнүндө түшүнүк алуусу
- Сура Аль-Араф
- Ганнибал жана Карфаген
- МИДИН АЛЫБАЕВ. АЗИЗ САЛИЕВГЕ
- Мал үйрөтүү
- Бышмана
- Калпа
- Бугудан Ормондун өлгөнү
- Карынбай
- Сура Аль-Анам
- Сура Худ
- ТОГОЛОК МОЛДО. ЭШЕК МЕНЕН БУЛБУЛ (тамсил)
- Жем-жебес – жабыгы
Кыргыз