САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

Эпосту түзгөн эл. Эпосту кайра элге жеткирүүчү, жомокчу — бул манасчы. Манасчы — акын, тарыхты жакшы билген, акылга бай адам жана тубаса элдик артист. XX кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, таланттуусу жана улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп саналат. Бирок ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек. Сагымбай улуу акын, улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири.

Эпосту кандай гана шартта окугун, баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө, эркин күчүнө, уйкалышкан сөз тизмегине, сонун образдарына тамшандырат. Сагымбай элдик адабияттын пири катары сезилет да улуу Гомердин элесиндей көрүнөт. Сагымбай 1867-жылы ЫсыкКөлдүн күнгөй тарабында «Тору айгырда» туулган. Атасы Орозбак Ормонхандын кернейчиси болгон. Агасы Алишер эл көзүнө илинген кадимкидей эле манасчы болгон.

Кийин иниси таанылып чыкканда агасы «Манас» айтууну койгон. Сагымбай элдик легендада айтылгандай, 14—15 жашында эле «түш көрүп» жана Тыныбектен үйрөнүп манасчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып ЫсыкКөл, ТяньШань өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, КетменТөбө, Алайга чейин барып айткан. Ошол «Манас» айтып барган бир -жылы Чүй өрөөнүнөн 400 керкашка жылкы айдап келген эле дешет. Казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете болгон. 30 жашында СарыҮйсүн, Кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда, тигилер: «биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок»,— дешкен дейт. Сагымбай өз доорунун барлык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.

Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен Кетмен-Төбөдө кезигишкенде Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тынбай айтыптыр. Ошондо Токтогул: «кыргыздан мындай манасчыны көргөн эмесмин, эстен тандым», — деген экен. Эл артисти Молдобасан Мусулманкулов да жогору баа берген. Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да «Манас» айткан. Сагымбайдын вариантын жазуу революциядан кийин башталды. Улуу манасчы чын дили менен «Манаска» берилген Ыбырайым Ак

Молдону ээрчитип алып, төрт жыл бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калем акы да алган эмес. Бир күнү «Манасты» жаздырып жатып Ыбрайымга: «Азыркыбызга кейибейли, кийинки укумтукумубуз үчүн кейийли, жүр нарыга салбай жакшылап жазып, жакшылап айталы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ыракмат айтышаар» — деген экен. Анын бул акылман сөзү айтканындай эле бар. Албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда. Сагымбай кийин да кыргыз жерин бүт кыдырып өнөрүн элге тартуулады. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, адилдикке жетелеген акын болгон. Эл аны жалаң гана манасчы катары баалабастан, көрөгөч, касиеттүү киши катары да баалашкан. Ошондуктан өз балдарынын аттарын Сагымбай деп койгондор да болгон. Кээ бир учурларда малга кырсык учурап, өлүмжетим болгон жерлерде «касиети тийет» дешип, Сагымбайды чакырып, «Манас» айттырышкан. Элдин арасында манасчынын образы төмөнкүдөй айтылат: жазы маңдай, жалын көз, жүзүнөн ырыс тамган, ырына ооз тең келбеген, жайкалган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, салабаттуу, чексиз адамгерчиликтүү кыргызда ченде туулган сонун адам эле».

Кыргыздын Гомери Сагымбай Орозбак уулун дайыма эскерип туруу менен анын туулган жана өлгөн жылдарын (1930-жылы 63 жашында, Кочкор районунда КошДөбө кыштагында өлгөн) улуу акындар катары белгилеп турушубуз керек.

Алыкул Осмонов 1946-жыл

САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

Эпосту түзгөн эл. Эпосту кайра элге жеткирүүчү, жо-мокчу — бул манасчы. Манасчы — акын, тарыхты жак-шы билген, акылга бай адам жана тубаса элдик артист. XX кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, таланттуусу жана улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп саналат. Бирок ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жа-зыла элек. Сагымбай улуу акын, улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири. Эпосту кандай гана шартта окугун, баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө, эркин күчүнө, уйкалышкан сөз тизмегине, сонун образдарына тамшандырат. Сагымбай элдик адабияттын пири катары сезилет да улуу Гомердин элесиндей көрүнөт. Сагымбай 1867-жылы Ысык-Көлдүн күнгөй тарабында «Тору айгыр-да» туулган. Атасы Орозбак Ормонхандын кернейчиси болгон. Агасы Алишер эл көзүнө илинген кадимкидей эле манасчы болгон. Кийин иниси таанылып чыкканда агасы «Манас» айтууну койгон. Сагымбай элдик леген-дада айтылгандай, 14—15 жашында эле «түш көрүп» жана Тыныбектен үйрөнүп манасчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып Ысык-Көл, Тянь-Шань өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, Кетмен-Төбө, Алайга чейин ба-рып айткан. Ошол «Манас» айтып барган бир жылы Чүй өрөөнүнөн 400 керкашка жылкы айдап келген эле де-шет. Казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете бол-гон. 30 жашында Сары-Үйсүн, Кум казактарынын ырчы-лары менен жолугушканда, тигилер: «биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок»,— дешкен дейт.

Сагымбай өз доорунун барлык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.

Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен Кетмен-Тө-бөдө кезигишкенде Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тын-бай айтыптыр. Ошондо Токтогул: «кыргыздан мындай манасчыны көргөн эмесмин, эстен тандым», — деген экен. Эл артисти Молдобасан Мусулманкулов да жогору баа берген.

Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да «Манас» айткан. Сагымбайдын вариан-тын жазуу революциядан кийин башталды. Улуу манас-чы чын дили менен «Манаска» берилген Ыбырайым Ак

260

Молдону ээрчитип алып, төрт жыл бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калем акы да алган эмес. Бир күнү «Манасты» жаздырып жатып Ыбрайымга: «Азыркыбыз-га кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли, жүр нарыга салбай жакшылап жазып, жакшылап айта-лы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Биз-ге ыракмат айтышаар» — деген экен. Анын бул акыл-ман сөзү айтканындай эле бар. Албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда.

Сагымбай кийин да кыргыз жерин бүт кыдырып өнө-рүн элге тартуулады. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөк-түүлүккө, адилдикке жетелеген акын болгон. Эл аны жа-лаң гана манасчы катары баалабастан, көрөгөч, касиеттүү киши катары да баалашкан. Ошондуктан өз балдарынын аттарын Сагымбай деп койгондор да болгон. Кээ бир учур-ларда малга кырсык учурап, өлүм-жетим болгон жерлер-де «касиети тийет» дешип, Сагымбайды чакырып, «Ма-нас» айттырышкан. Элдин арасында манасчынын обра-зы төмөнкүдөй айтылат: жазы маңдай, жалын көз, жүзүнөн ырыс тамган, ырына ооз тең келбеген, жайкал-ган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, сала-баттуу, чексиз адамгерчиликтүү кыргызда ченде туул-ган сонун адам эле».

Кыргыздын Гомери Сагымбай Орозбак уулун дайыма эскерип туруу менен анын туулган жана өлгөн жылда-рын (1930-жылы 63 жашында, Кочкор районунда Кош-Дөбө кыштагында өлгөн) улуу акындар катары белгилеп турушубуз керек.

Алыкул Осмонов 1946-жыл

  • «Алдыңа келсе атаңын кунунан кеч»
  • Таш бараңга алуу
  • «Жаман иттин аты – Берубасар, жаман адамдын аты Кыдыр-назар»
  • УЛАМЫШКА АЙЛАНГАН АКЫЛМАН ЧЕЧЕНДЕР АСАН КАЙГЫ
  • Токол эчки мүйүздүү болом деп, кулагынан ажыраптыр
  • Карыз акча
  • Тойдо куран окуу
  • Кыргыз
  • Тузак үзгөн неме
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. БЮРОКРАТ
  • Кордоп кетүү
  • Арстан менен коен
  • Бычакка түшүү
  • Таш кескич машина
  • ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
  • Жашы улуу болсо да, жаны курбу
  • Абдулкадыр Инан
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. КОНДИЦИОНЕР
  • Чоң ата, чоң эне менен небере
  • Кедей
  • АКСАКАЛДАРДЫ УЛУКТОО
  • Этногенез
  • Сура Аль-Кийама
  • АМАН ТОКТОГУЛОВ. ҮЧ ЭКМЕТ
  • Маалымкат
  • Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы
  • УРКУЯ САЛИЕВА
  • Ж. Боконбаевдин котормолору – Шота Руставелиден
  • АБЗИЙ КАДЫРОВ. ТОҢКУЛДАК
  • Күн тийген жердин чоросу
  • Кыргыз эл оюндары. Токол эчки, топуракты таш менен уруп чаңытуу, упай.
  • «Элиңди таап ал».
  • Багыш. Мендирман (8)
  • Өрүшү семиз
  • КАЛЫГУЛДУН ТЕРМЕ, САНАТ ЫРЛАРЫ
  • Эсептөө техникасынын тарыхы жана информатика илими
  • Ат байгеден келсин
  • Аким
  • Бака терек (уламыш)
  • САЙМАЛУУ ТАШ
  • Желкемдин чуңкуру көрсүнчү
  • Жеңижоктун жылан чаккандагы ыры
  • Бир гана кемчил
  • Тилдердин классификациясы
  • Сура Йусуф
  • Чоң багыш
  • АЙ, КҮН, КҮНДҮН ЖЕЛЕСИ
  • Туз кемгонсүп
  • Кыргыздын каада-салттары. Аш жана ашты берүүдөгү салттар
  • Манапбайдын басырык
  • КОКОН ХАНДЫГЫ МЕНЕН КЫРГЫЗ АРАСЫ
  • Кылым карыткан – кыргыз тили
  • Текеберчилик
  • Сура Лукман
  • Дипломатиялык укук
  • Булбул
  • Кыргыздардын каада-салттары. Кудалашуу
  • Сарбагыш тынай уругунун оруска караганы
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЛАКАЙ
  • Той ээсинин сыйы
  • Чеберчиликтин баркы
  • Каңдылар байыркы кыргыз уруусу
  • Кожожаштын келиши, кыргыздын жеңилиши
  • Даван жөнүндө баян
  • Сан жөнүндө түшүнүк
  • Чечек чыккансып
  • Кытмыр күлүү
  • «Ат сураган кордук эмес, ээр сураган кордук»
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. “МЫРЗАЙЫМ”
  • АКБАР РЫСКУЛОВ. Экинчи Торкашка

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.