Индиянын Жихан деген шаарыңда Фани деген бир адам жашаптыр. Фанинин үч досу болуптур. Достукту бир казына сыяктуу баалагандыгы үчүн досторунун биринчисин абдан жакшы көрчү экен. Аны бир күн көрбөй калса сагынып, издеп таап, ал-акыбалын сурап, жанынан кеткиси келбей, досу үчүн колунан келген ар түрдүү жардамды көрсөтчү экен. Экинчисине деле жакын экен. Ал эми үчүнчү досуна анча көңүл бурчу эмес имиш. Аны көргөңдө учурашып, ал-акыбалын сурап коёт. Кээде көпкө чейин жолукпай калган учурлары да болот. Бирок эмнеге жоголду деп, издеп, сурачу да эмес экен. Күңцөрдүн биринде Фанини мурун өкмөт тарабынан ага берилген иштин жообун сураганы сот чакыртат. Сот мандайында турган кишинин аң-сезимин оңой эле билип ала турган, акылдуу, сак киши экен. Көзүнөн эч нерсе каччу эмес экен. Намыстуу кишилер анын боорукерлигине кандай ишенишсе, намысы жоктор адилеттигинен ошончолук коркушчу. Фаңи соттун маңдайына жалгыз баруудан коркуп, досторунун биринчисине барып, жооп берип жатканда күбө болуп жанында туруп, керек болсо өзү жөнүндө бир ооз сөз айтып коюусун суранат. Досу кабагын бүркөп: Бул шаардын эли мени канчалык сыйлаганын, барктаганын өзүң билесиң. Бирок ал сотундун алында менин кымыңдай да баркым жок. Ошондуктан сени менен бара албайм. Анын үстүнө мен башка бирөөнүн кечесине чакырылгам. Каалаганыңы орундата албаганым үчүн кечирип кой, дейт. Фани таң калган бойдон экинчи досуна кайрылат. Фани менен чогуу сотко барып, ал жөнүңцө бир канча сөз айтып, жардам берүүсүн өтүнөт. Ошентип, экинчи досун эптеп-септеп атып макул кылат, бирок ал сот имаратынын оозуна барганда: Кагылайын досум. Мен сени абдан жакшы көрөм. Бирок бул эшик мага бир кызыктай көрүнүп жатат. Мен бул эшиктен ичкери кирүүдөн коркуп жатам, кире албайт да окшойм. Жалгыз жасаган жардамым, сага эшикти ачып берейин. Кел ачтым, ичкери кир!деш. Фани ичкери жалгыз кирүүгө аргасыз болот. Анткени ошол чоң мамлекетте сот чакырганда, чакырылган киши тез аранын ичиңде барып калышы бир мыйзам шарты болчу. Фани жер карап, коркконунан бүткөн бою титиреп, ичкери кирет. Сот ага берилген иштерди башынан-аягына чейин изилдеп, сураштырып, салыштырат. Фанинин айрым иштеринде кемчиликтер, каталар бар экени байкалат. Фани башына келе турган жазанын коркунучу менен маанайы түшүп, капалуу турса, үчүнчү досу соттун жанына барат. Фанини жазадан куткаруу үчүн ушунчалык сонун, ишеничтүү сөздөр айтыптыр дейсиң, аягында сот Фанинин бүт каталарын кечириптир. Ал түгүл, бир чоң сыйлык да бериптир.
Кыргыз